Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Август
2022

Новости за 29.08.2022

Прагада Кыргызстандын эгемендик күнү белгиленди

Azattyk.org 

27-августта Чехиянын борбору Прага шаарында Кыргызстандын эгемендик күнү белгиленди. Майрамдык иш-чараны Чехиядагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Саадат Даминова, “Ала-Тоо” уюмунун жетекчиси Асел Акматалиева баштаган активдүү кыргызстандыктар уюштурушту.

Иракта имам ас-Садрдын тарапкерлери өкмөттүн имаратына кайра чабуул койду

Azattyk.org 

Ирактагы шийи багытындагы диний лидерлеринин бири Муктад ас-Садрдын тарапкерлери дүйшөмбүдө Багдадда өкмөттүк имараттар жайгашкан кайтаруудагы "Жашыл зонага" чабуул жасап, кирип барышты. Бул тууралуу эл аралык маалымат агенттиктери кабарлады. Ондогон кишилер имаратка кирип үлгүрдү. Калгандарын полиция сүрүп чыгарды. Кагылышууда ок атышуу болуп, кеминде эки адам өлгөнү маалымдалды. Жаракат алгандар көп. 29-август жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:30да Багдадда коменданттык саат жарыяланды. Мунун... Читать дальше...

Аскерде кыйылган өмүрлөр

Azattyk.org 

Ушул жылдын июль айынан бери аскердик кызматын өтөп жаткан төрт аскер каза болду. Армиядан ажал тапкан жоокерлер бири-бирин тааныбаганы менен, алардын өлүмү, тагдыры аябай окшош. Көз жумгандардын үчөө Ысык-Көлдө, бирөө Баткенде туулуп-өскөн.



Орусияда Сталинди Гитлер менен салыштырган оппозициялык саясатчы кармалды

Azattyk.org 

Орусиялык оппозициялык саясатчы Леонид Гозман нацисттер менен сталинчилерди окшоштурганы үчүн административдик иштин алкагында кармалды. Бул тууралуу "ОВД-инфо" укук коргоо уюму кабарлады. Маалыматта айтылгандай, ал шейшембиде соттук иш өткөнгө чейин камалып турат. Полиция Гозманга Фейсбуктагы посту үчүн протокол түзгөн. Анда ал “нацисттик Германиянын лидери Адольф Гитлер абсолюттук балекет (абсолютное зло) болгонун, ал эми СС аскердик түзүмү кылмышкер экенин” жазган. Ошол эле маалда саясатчы... Читать дальше...

Чек ара: Өзгөндө Кемпир-Абад маселеси көтөрүлдү

Azattyk.org 

Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында 27-августта жергиликтүү эл чогулуп, кыргыз-өзбек чек арасын аныктоо, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу маселени чечүү боюнча бийликтен маалымат берүүсүн талап кылышты. Алар кыргыз-өзбек чек арасын тактоо, талаштуу тилкелерди аныктап-бөлүү маселелери Ташкент менен Бишкектин ортосунда кандай чечилип жатканы ачык айтылбай жатат деген нааразылыгын айтышты. Бийлик, өкмөт жана тиешелүү органдар бул талаптар боюнча комментарий бере элек. Уюштуруучулардын бири... Читать дальше...

Швецияда 300 адамды ташып бараткан паромдо өрт чыкты

Azattyk.org 

29-августта Швецияда 300 адамды ташып бараткан паромдо өрт чыкты. Бул тууралуу расмий бийлик кабарлап, өрттүн масштабы анча чоң эмес экенин билдирди. SVT телеканалы билдиргендей, от тутанган кезде кеме Балтика деңизинде Готланд аралынан анча алыс жерде болгон. Aftonbladet гезити өрт паромдун палубасында автоунаанын дөңгөлөгү күйүп кеткенден улам чыгышы мүмкүн экенин жазды. Stena Line паром иштетүүчү компаниясынын өкүлү ушул эле медиага билдиргендей, алар өрт чыкканы тууралуу кабардар болушкан. Читать дальше...

Кыргызстандын Эгемендик майрамы Чуңкурчак жайлоосунда өтөт

Azattyk.org 

31-августта Кыргызстандын Көз карандысыздык күнүнө карата негизги иш-чаралар Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда өтөт. Ага президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер, эл аралык жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Майрамдык иш-чаралар көрүнүктүү саясий ишмер Канай уулу Байтиктин (Байтик баатыр) 200 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара менен коштолот. Читать дальше...

Бишкекте эгемендик күнүн белгилөөгө 2 миллион сом сарпталат

Azattyk.org 

Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 31 жылдыгын белгилөө иш-чараларын уюштурууга Бишкек 2 млн. сом каражат сарптайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады. Маалыматка караганда, бул каражат үн чыгаруучу аппараттын ижарасына, жасалгаларга, транспорт жана чыгармачыл топту жалдоого кетет. Мындан сырткары буга биодарааткана орнотуу дагы кирет. Эгемендик майрамынын биринчи бөлүгү Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда өтөт. Ага президент Садыр Жапаров баш болгон өлкө жетекчилери катышып... Читать дальше...



Текебаев: Темир жол долбоору эгемендикти бекемдейт

Azattyk.org 

Кыргызстан эгемендигинин 31 жылдыгын белгилөө алдында турат. Бул маанилүү датанын алдында өлкөнүн дүйнөдөгү орду, азыркы шарттагы мүмкүнчүлүктөрү жана чакырыктары тууралуу маектери тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси, саясатчы Өмүрбек Текебаев "Азаттыкка" маек курду. Ал Кыргызстандын чыныгы эгемендигин камсыз кылчу долбоору катары Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун атады. Текебаевди кабарчыбыз Бакыт Асанов кепке тартты.

Ленин чокусунда эки альпинист каза болду

Azattyk.org 

Альпинисттердин Ленин чокусунда каза болгону тууралуу маалыматты “Азаттыкка” Ош облустук милициясы ырастады. Маалыматка караганда, каза болгондордун бири орусиялык 38 жаштагы альпинист Георгий Веселовский болгон. Ал эми экинчи жаран 41 жаштагы кыргызстандык, Ысык-Көл облусунун тургуну Вячеслав Шейко. Кырсык 28-августта болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча алар сууктан же газдын исине ууланып каза болгону айтылууда. Аталган фактыны Чоң-Алай райондук милициясы каттоого алып, тергөө иштерин баштады. Читать дальше...

Көзгө басар цирк качан оңолот?

Azattyk.org 

50 жылдык тарыхы бар мамлекеттик цирктин капиталдык ремонтуна 200 миллион сомдон ашуун каражат керек. Көчөлөрдү гүл менен кооздоп туруу салтка айланган Ноокендеги Достук айылы.

Садыр Жапаров кирген команда КМШ өлкөлөрүнүн футбол ардагерлери менен ойнойт

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров футбол боюнча Кыргызстандын ардагерлер курама командасынын катарында КМШ өлкөлөрүнүн футбол боюнча ардагерлер командасы менен беттешет. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анын жазганына караганда, өлкө эгемендигинин 31 жылдыгына карата уюштурулган футболдук беттеш 30-августта борбор калаадагы Д. Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Иш-чара саат 18:00дө концерттик программа менен коштолуп, футболдук беттеш саат 20:00дө башталат. Читать дальше...

Аба ырайы: тоолуу райондордо өткүн өтөт

Azattyk.org 

30-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, күндүз көпчүлүк аймактардын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 27…32; Талас жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 25…30; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 15…20... Читать дальше...

Азамат Алтай - азаттыкка үндөгөн айдың

Azattyk.org 

27-28-августта АКШнын Нью-Жерси штатында Кыргызстандын эгемендик күнүнө арналган иш-чаралар уюштурулду. Анын алкагында "Азаттык" радиосунун кыргыз кызматынын түптөөчүсү Азамат Алтайдын 100 жылдык мааракеси белгиленди. Анда Азамат Алтайдын баскан жолу тууралуу "Азаттыктын" атайын тасмасы көрсөтүлдү.

Сот Равшан Жээнбековго өлкөдөн чыгып келүүгө уруксат берген жок

Azattyk.org 

Саясатчы Равшан Жээнбеков Биринчи май райондук соту анын чет өлкөгө барып келүү арызын канааттандырбай койгонун билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасына ага оппозиция лидерлеринин бир катары Вильнюстагы "Эркин Орусия" конгрессине катышууга чакыруу келгенин, иш-чара 31-августтан 2-сентябрга чейин өтөрүн, ал жакта "Орусиянын Борбор Азиядагы саясаты" деген темада баяндама жасаганы жатканын жазды. Саясатчы эми жыйынга онлайн катышып, баяндама жасарын кошумчалады. Биринчи май райондук соту бул чечимге байланыштуу азырынча комментарий бере элек. Читать дальше...

Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган жаран каза болду

Azattyk.org 

Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматы Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагында отурган адам көз жумганын бышыктады. Мекеменин блдиришинче, ал жаран 28-августта таңкы 5.40 чамасында эртең мененки тамакты бөлүштүрүү маалында каза болгону аныкталган. Анын жансыз жатканын камералаштары көрүп калып, абак кызматкерлерине кабар берген. "Ал жаран Чүйдөгү №26 жатак абактан тогуз айлык мөөнөтүн толук өтөбөй качып кеткенине байланыштуу №1 тергөө абагына 26-августта камалган. Нөөмөттөгү фельдшер биринчи медициналык жардам көрсөткөн... Читать дальше...

Болгарияда ооганстандык 141 качкын кармалды

Azattyk.org 

Болгариянын полициясы болгар-түрк чек арасынан мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган 141 ооган жаранын кармады. Бул тууралуу өлкө бийлиги кабарлады. Европа Биримдигинин Түркия менен чек арасында легалдуу эмес мигранттардын арбышынан улам болгар полициясы коопсуздук чараларын күчөтөрүн билдирди. Мигранттардын 88и Түндүк Македонияга каттаган автобуста бараткан учурда, Кара деңиздин жээгиндеги Бургас шаарына жакын жерде кармалган. Транспорттун 60 жаштагы айдоочусу, түндүкмакедониялык жаранга адам соодалоо айыбы тагылды. Читать дальше...

Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө байланыштуу беш адамга айып коюлду

Azattyk.org 

Кылмыш чөйрөсүндө "Дөө Чыңгыз" деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагуловдун киши колдуу болушуна байланыштуу беш адамга айып коюлду. Свердлов райондук сотунда 27-августта алардын бөгөт чарасы каралып, Бишкектеги №1 тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарды. Чыңгыз Жумагулов 30-июлда №21 абактын камераларынын биринде бычакталып каза тапкан. Жаза аткаруу кызматы аны камералашы жеке кастык мамиленин негизинде өлтүргөнүн маалымдаган.  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Жумагуловду... Читать дальше...

Пакистанда сел 1000ден ашык адамдын өмүрүн алды

Azattyk.org 

Пакистанда июндун башынан бери жааган жамгырдан кийинки сел 1000ден ашык адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу өлкөнүн бийлиги кабарлады. Табият кырсыктары менен күрөшүү боюнча улуттук башкармалык (NDMA) кабарлагандай, соңку суткаларда эле 100дөн ашык адам мерт болду. Натыйжада курмандыктардын саны көбөйүп кеткен. Расмий аткаминерлер бул жылкы суу ташкындарынын кесепети өлкөдөгү 33 миллион адамга – иш жүзүндө ар бир жетинчи пакистандыкка тийди. Жалпы миллиондон ашык үй толук же жарым-жартылай жабыр тартты. Читать дальше...


Музыкальные новости
The Beatles

«Если прищуриться, мы похожи на The Beatles» // Евгений Цыганов о своей карьере музыканта





Rss.plus
#123ru.net

Тема дня: На «Госуслугах» можно будет получить статус многодетной семьи с 2025 года




Действительно

Байден: США делают все возможное для возвращения Гершковича и Уилана

Лотерея, мастер-классы и шоу. В Москве пройдет фестиваль «Пасхальный дар»

Байден заявил о стремлении вернуть Гершковича и Уилана




УКМК: "Баткен Пауэр" лотереясы мыйзамсыз уюштурулганы аныкталды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) 24-25-август күндөрү Баткенде ойнотулган "Баткен Пауэр" лотереясы мыйзамсыз уюштурулганын билдирди. Бул фактыга байланыштуу 25-августта Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренеси ("мыйзамсыз ишкерлик кылуу") менен кылмыш иши козголуп, тинтүү иштери жүргөнүн маалымдады. "УКМКнын Баткендеги башкармалыгы менен облустук прокуратура кылмышка шектүү адамдардын иштеген жана жашаган жеринде тинтүү жүргүздү. Анда 800 миң сом акча, банк карталары, машиналарды пайдалануу үчүн берилген ишеним каттар алынды. Читать дальше...

Түркияга Кыргызстандан көкбөрү менен көкпардан эки топ барат

Azattyk.org 

Кыргызстандын Көкбөрү федерациясы Түркиянын Изник шаарындагы IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына улак тартуу мелдешине эки команда барарын билдирди. Ага ылайык, кыргызстандык улакчылар көкбөрү менен көкпардан (жер улак) өз-өзүнчө таймашат. Учурда спортчулар Чолпон-Ата шаарында машыгып жатат. Маалыматка ылайык, көкбөрүчүлөр кочкул кызыл, ал эми көкпарчылар көк форма кийишет. Көкпар улак тартуу оюнунун тайказаны жок түрү жана негизинен Казакстанда ойнолуп келген. Буга чейин тайказанга байланыштуу... Читать дальше...

Баткен: соңку эки күндө эки миллион сомдук контрабанда кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматы Баткенде 27-28-август күндөрү аткезчиликке байланыштуу бир нече факт катталганын, анда жалпы суммасы эки миллион сомдук товар алынганын билдирди. Ага ылайык, ишембиде Лейлекте чек арачылар уруксат кагазы жок аялдардын, балдардын кийимдери, таңгакталган кездеме, кыз-келиндердин буюм-тайымдары жана дары-дармек жүктөлгөн, кыргызстандык жаран айдап бараткан машина кармалган. Жекшембиде Кадамжайда өзбек жараны беш миң литр күйүүчү май жүктөп бараткан жеринен колго түшкөн. Читать дальше...

Болот Темировдун сотунда күбө катары суралчу тергөөчү дагы келген жок

Azattyk.org 

Бишкектеги Свердлов райондук соту 29-августта иликтөөчү журналист Болот Темировдун ишин кароону улантты. Анда күбө берчү ички иштер органдарынын тергөөчүсү Аман Асанакунов дагы келбегени белгилүү болду. Мындан улам судья аны келерки процесске мажбурлап алып келүү тууралуу чечим чыгарды. Буга чейин күбө катары суралчу тергөөчүлөр келбегенине байланыштуу сот процесси бир нече жолу жылган эле. Темиров жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция быйыл 23-январда кармап, чет жакка... Читать дальше...

Кыргызстанда коронавирус жуккан учурлар азая баштады

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, соңку бир аптада Кыргызстанда коронавирус жуккан 179 учур катталды. Алардын 26сы ооруканада, калгандары үйлөрүндө дарыланууда. Расмий маалыматка ылайык, пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери Кыргызстанда вирустан үч миңдей бейтап көз жумган.  Өткөн айда Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (ЮСАИД) коронавируска каршы күрөштүн алкагында Кыргызстанга 15 миллион сомдук медициналык жабдуу берген. Анда коронавирус пандемиясы... Читать дальше...

Кытай кыргыз медиасында таасирин күчөтүп жатабы?

Azattyk.org 

"Эркин Европа/Азаттык радиосунун" баяндамачысы Рид Стэндиштин макаласы Кытай Кыргызстандын маалымат айдыңына таасир этүүгө аракет кылып, Бээжин үчүн маанилүү саясий маселелерди чагылдырууга кызыкдар. Бул туурасында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги академиясынын 25-августта жарыяланган изилдөөсүндө айтылат. ЕККУнун жаңы докладында Кытай Кыргызстандын медиа тармагына каражат бөлүп, жергиликтүү компанияларга өнөктөш болуу аркылуу "маалыматтык ландшафт түзүүгө аракет кылып жатканы" жазылат. Читать дальше...



Москва

звезды шоу-бизнеса посетили весеннюю неделю моды estet fashion week


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: в Москве начался сезон фонтанов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Пётр Чайковский

В Клину состоится праздничная программа в честь дня рождения Чайковского




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Команда Орловской области стала победителем хоккейного турнира среди команд Черноземья

Спортсменка из Бутово выиграла «золото» на турнирах по художественной гимнастике

В Москве завершился Кубок России по спортивному программированию


Елена Рыбакина

Елена Рыбакина рассказала о проблемах на турнире в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Архангельск

Над Соловьёво поднят российский флаг, штурмовые группы ВС России замечены на окраинах Архангельского



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России