Ноокенде наристени зордуктоо иши боюнча сот башталды
Ноокен районунда зордукталган алты жаштагы кыздын жакындары кылмышка шектүүнү өмүр бою эркинен ажыратууну суранууда. Cот отуруму 16-августка белгиленди. Кыздын апасы кылмышка шектүүнүн жакындары аны коркутуп жатканын билдирүүдө. "Азаттык" шектүүнүн апасы менен байланышканда ал мындай дооматты четке какты.