Кик-боксчу Адилет Улан уулу Ислам шериктештиги оюндарында күмүш байге алды
Кыргызстандык спортчу Адилет Улан уулу Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам шериктештиги оюндарында күмүш байгеге ээ болду. Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, Улан уулу кик-бокстун "лоу-кик" түрүнөн 60 килограмм салмакта күч сынашты. Ал алгач 17-августта азербайжандык Кияз Шахмардановду жана иорданиялык спортчуларды Ибрахим Сулейманды жеңип, финалга чыккан. 17-августта финалда түркиялык спортчуга жеңилип, 2-орунду ээледи. Кик-бокстун дал ушул эле "лоу-кик" түрүнөн Аброр Хакимов коло байгеге ээ болду. Читать дальше...