"Медиа Полиси" уюму 24.kg сайтын бөгөттөө чечимине каршы пикирин билдирди
“Медиа Полиси Институту” уюму 24.kg маалымат агенттигинин сайты бөгөттөлгөн окуяны фейктерге каршы деп аталган, бирок иш жүзүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына (ЖМК) каршы административдик ресурска айланган мыйзамдын кесепети деп атады. Уюм 26-августта жарыялаган билдирүүсүндө бул мыйзамды фейктерге эмес, чындыкка каршы мыйзам деп сыпаттап, бийлик коррупция менен непотизмге караганда чындыкты жазган журналисттерди алда канча кооптуу деп эсептей баштаган учурлар буга чейин да болгонун белгиледи.... Читать дальше...