Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Август
2022

Новости за 08.08.2022

Ош: журналист коркутууга кабылганын айтууда

Azattyk.org 

БУУнун баш катчысы эл аралык инспекторлорго Запорожье атомдук станциясына барууга уруксат берүүгө чакырды. Бишкек шаары тазаланбай, аркы-чикирге толуп кетти деген доомат көбөйдү. Кыргызстандын Батыштын Орусиягы каршы киргизген катаал санкцияларынын экинчи жазаланарына илинүү тобокелчилиги бар.

Баткен: ок атуучу куралдан тестиер жараат алды

Azattyk.org 

Баткен районунун Миң-Өрүк айылына жакын жерде ок атуучу куралдан сегиз жаштагы бала жараат алды. Ал оор абалда ооруканада жатат.  Окуя тууралуу алгач 8-августта Чек ара кызматы маалымат таркатып, тестиерди жоокер атып алганын билдирсе, прокуратура жергиликтүү жеткинчектер чек арачынын куралын алып, бири-бирин атып алганын кабарлады. Чек ара кызматы кийинчерээк "жоокердин куралынан жергиликтүүлөр бири-бири атып алды" деген кабар таратты.  Ал маалыматка караганда, окуя 7-августта кечке жуук болгон. Читать дальше...

Овсянникова “орус армиясын дискредитация кылды” деген доого жыгылды

Azattyk.org 

Черемушкин райондук соту Орусиянын “Биринчи канал” мамлекеттик телеканалынын мурдагы редактору Марина Овсянникованы орус армиясын жаманатты кылган деген негизде дагы бир доого жыкты. Ага социалдык тармактардагы билдирүүлөрү үчүн 40 миң рубль айып пул салынды. Овсянникова күнөөсүн моюнуна алган жок. Айып салуу боюнча протокол Овсянникованын Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүсүнөн улам түзүлгөн. Анын адвокаты ишти кайра милицияга кайтарууну суранган. Алар Овсянниковага иш козголгону тууралуу туура эмес маалымат берилгенин... Читать дальше...



Таштанды баскан Бишкек

Azattyk.org 

Бишкек шаары таштандыга толуп, тазаланбай жатат. Ушул тапта соцтармактын колдонуучулары шаардын булуң-бурчунда толуп жаткан акыр-чикирди сүрөттөрүн жарыялап жатышат. Мэрия маселе Октябрь районунда гана жаралганын айтканы менен, Биринчи май районунда да ушундай эле абал экени белгилүү болду.

Бишкекте “Таатан” соода борборунда өрт чыкты

Azattyk.org 

Бишкектин Свердлов районундагы Лермонтов көчөсүндө жайгашкан “Таатан” соода борборунун аймагынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады. Өрт өчүрүүгө беш бөлүм тартылып, жеринде ыкчам топ, милиция, тез жардам жеринде иштеп жатат. Мекеме дагы кошумча маалымат берилерин билдирди. Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 2022-жылдын алты айында 823 өрт катталган. Андан 16 киши каза таап, 228 миң сомго жакын материалдык зыян келтирилген. (TSh)

Бир жумада коронавирус 895 кишиден расмий аныкталды

Azattyk.org 

1-августтан 7-августка чейин Кыргызстанда 895 адам коронавирус жуктуруп алганы лабораториялык жактан ырасталды. Санэпидкөзөмөл жана ооруларды алдын алуу борборунун маалымдашынча, илдетке чалдыккандардын 112си ооруканада, калгандары үйүндө дарыланып жатат. Расмий эсепте пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери Кыргызстанда вирустан 3 миңдей көз жумган. (TSh)

Чек ара кызматы ок тийген өспүрүм боюнча жаңы маалымат таратты

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы иликтөө иштеринин жүрүшүндө катардагы жоокер К.Ж.у чек ара кезметинин курамында болуп, уставдын талаптарын бузуу менен жакын жерде ойноп жаткан балдарга курал алууга уруксат бергени белгилүү болгонун билдирди. Балдардын бири кокусунан ок чыгарып, ал сегиз жаштагы балага тийген. “Окуя боюнча Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы жана укук коргоо органдары тарабынан иликтөө иштери жүрүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды”, - деп айтылат билдирүүдө. Читать дальше...

Кой-Таш иши боюнча сот 10-августка жылды

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон саясатчылардын Кой-Таш окуясы боюнча ишин карап жаткан Бишкектин Биринчи май райондук соту айрым адвокаттардын келбей жатканына байланыштуу сот отурумдарынын убактысы так болбой жатканын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта оор кылмыштарга айыпталып жаткан кишилердин жактоочулары сөзсүз түрдө отурумга катышуусу керек экени айтылат. Жабырлануучу жок болгонуна байланыштуу сот иши 10-августка жылдырылган. 8-августта тартип бузгандыгы... Читать дальше...



Хорогдо генерал Назаровдун өлүмүнө айыпталган үч адам өмүр бою кесилди

Azattyk.org 

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун соту 2012-жылы киши колдуу болгон генерал Абдулло Назаровдун өлүмүнө катышы бар деген айып менен Хорогдун үч тургунун өмүр бою эркинен ажыратты. “Азаттыктын” тажик кызматы сот облустун камактагы бейформал лидери Толиб Аюмбековдун уулу Гүломали Аюмбековду, Хайримамад Дустмамадовду жана Аслан Гүлобовду 10 жыл мурун жасалган кылмышка тиешеси бар деп тапканын жазды. “Азаттыктын” Хорогдогу эки булагы өкүм 5-августта чыкканын, аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү”... Читать дальше...

Кыргызстанда банктарга нааразылык күчөдү

Azattyk.org 

Кыргызстандагы коммерциялык банктардын кызмат көрсөтүүлөрүнө нааразылык күчөдү. Кардарлар банктар накталай акча берүүдө комиссиянын өлчөмүн 5% чейин көтөрүп, которулган акчаны накталаштыруудан гана эмес, депозиттеги валютасын чыгарып алуудан дагы үстөк кармап калып жатканын билдиришүүдө. Улуттук банк мыйзам бузуулар бар экенин ырастап, ушундай операцияларды жүргүзгөн коммерциялык банктарга чара көрүлөрүн эскертти. Ошол эле кезде башкы көзөмөл банкы накталай валютанын таңкыстыгы болуп жатканын белгилеп... Читать дальше...

Ооган жараны Иранда он кишини өлтүрүүгө шек саналып кармалды

Azattyk.org 

Иранда полиция жер талаштан улам он  кишини бычактап өлтүргөн деген шек менен Ооганстандын жаранын кармады. Бул тууралуу 8-августта жергиликтүү маалымат каражаттары жазды. Ирандын түштүк-чыгышындагы Керман провинциясынын губернаторунун орун басары Рахман Жалал белгисиз адам 7-августта Рефсенжан шаарында алты оогандык жана төрт ирандык кишини “пикир келишпестиктен” улам өлтүрдү деген айып менен кармалганын айтты. Анын маалыматы боюнча, кол салуудан дагы сегиз киши жаракат алган. Мамлекеттик телеканал... Читать дальше...

Ысык-Көлдө 20 гектар буудай, беде аянтын сел каптады

Azattyk.org 

Бүгүн, 8-августта эртең менен Ысык-Көл районундагы жааган жамгырдан кийин кокту-колоттон түшкөн суу Сары-Камыш айылынын чыгыш тарабындагы 20 гектар беде жана буудай аянтын каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ)маалымдады. Сел Балыкчы – Ананьево – Каракол автоунаа жолунун 8-чакырымын каптап, Сары-Камыш айылындагы эки көпүрөнү алып кетти. Учурда жеринде чыгымды тактоо, калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Кыргызгидромет агенттиги 3-4-августта нөшөрлөгөн жаан-чачынга байланыштуу... Читать дальше...

Улуу Үркүн окуясын эскерген жүрүш Түп районуна жетти

Azattyk.org 

“Эсимде” изилдөө аянтчасы 1916-жылдагы көтөрүлүш жана Үркүн окуяларына арналган эскерүү жүрүшүн улантып, 8-августта Түп районунун Байзак, Кең-Суу, Сан-Таш айылдарын кыдырышты. Жүрүштүн катышуучулары ушул айылдагы кыргыздар Кытайга качкан жолдор менен жүрүшүп, 2011-жылы “Кыргыз Эл Коому” фонду тарабынан Үркүндүн 95 жылдыгына карата орнотулган эскерүү ташына зыярат кылышты. Эртең Каракол шаарындагы Жеңиш паркындагы “Үркүн” эстелигинин жанында жолугушуу өткөрүшөт. 5-августта “Эсимде” изилдөө аянтчасы эскерүү жүрүшүн Бишкектен баштаган. Читать дальше...

Зулушев бир кишиге 360 эпизод менен иш козголгон учурлар бар экенин айтты

Azattyk.org 

Башкы прокурор Курманкул Зулушев күч органдарынынын кызматкерлеринен кылмыш ишин козгоо, бетин ачуу боюнча отчет талап кылуу жоюларын маалымдады. Ал 5-августта Чүй жана Токмок шаарынын жашоочулары менен жолугушуу учурунда отчет үчүн жасалма кылмыш иштери козголгон учурлар көп экенин билдирди. “Отчеттогу салыштырма дегенди жойдук. "Былтыркы жылга салыштырмалуу" деген көрсөткүч быйыл болбойт. Анткени кылмыштуулук өндүрүш эмес. Ички иштер органдарына талап койдум, министр ишин баштады. Эми булар дагы отчетту кубалап жасалма кылмыш ачышпайт. Читать дальше...

Беларуста нааразылык акцияга катышкан журналист өлкөдөн чыгып кетти

Azattyk.org 

Беларустагы “Новый Час” гезитинин башкы редактору Оксана Колб өлкөдөн чыгып кеткенин “Азаттыктын” беларус кызматы билдирди. Буга чейин ал нааразылык жүрүштөргө катышкандыгы үчүн эки жарым жылга кесилген. Ал Беларустан чыгып кеткенин Фейсбуктагы баракчасына да жазды. Бирок кайсы мамлекетке экенин ачык айткан жок. Оксана Колб 2020-жылдын 16-августунда нааразылык акцияга катышканы үчүн быйыл июнь айынын ортосунда Минск шаарынын соту тартипти одоно бузган деген айып менен ага эки жарым жыл жаза берген. Читать дальше...

Кыргызстанда 5G технологиясын сыноого уруксат берилди

Azattyk.org 

Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы уюлдук операторлорго өлкө аймагында 5G технологиясын сыноого уруксат берди. Бул тууралуу Санарип өнүктүрүү министрлиги маалымдады. Мекеменин маалыматына ылайык, тестирлөөгө уруксат алган операторлор Бишкектин аймагында сыноодон өткөрүп, жакында жаңы бешинчи муундагы технологияны колдоно алат. Министрлик 5G технологиясы байланыш, коммуникация инфраструктурасын өнүктүрүүгө жаңы дем берерин, интернеттин ылдамдыгын жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн белгилейт. Читать дальше...

Израил менен “Ислам жихады” Газада ок атышууну токтотууну макулдашты

Azattyk.org 

Израилдин бийлиги менен “Ислам жихады” радикал тобунун өкүлдөрү ок атышууну токтотууну макулдашты. Келишим 8-августка караган түнү күчүнө кирди. France-Presse агенттиги “Ислам жихадынын” жогорку кызматтагы мүчөсүнө, Associated Press Египеттин чалгындоо кызматындагы булагына таянып эки тараптын диалогго келишине Каир арачы болгонун жазышты. Бирок макулдашуу кандай шарт менен кабыл алынганы белгисиз. 5-августта Израилдин Коргоо күчтөрү атайын операция башталганын жарыялап, Палестин автономиясындагы... Читать дальше...

Казакстан менен Өзбекстан чек араны демаркациялоо долбоорун макулдашты

Azattyk.org 

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Казакстан менен Өзбекстан чек араны демаркациялоо долбоорун толук жактырганын билдирди. Маалыматка караганда, бул маселе боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары 25-июлдан 5-августка чейин Алматы шаарында жолугушту. Кийинки жолугушуу Өзбекстанда өтөт. “Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы казак-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө макулдашуу долбоорунун текстин жана чек араны демаркациялоо боюнча акыркы документтердин пакетин түзүүнү аяктады”... Читать дальше...

Ош: ата өнөрүн уланткан темир усталар

Azattyk.org 

"Темир усталардын базары" деп аталган бул базар Оштогу уникалдуу жайлардын бири. Базарда темирден буюм жасаган 30 уста иштейт. Алар темирден үй тиричилигине керектүү буюмдарды жасап, ошол жерде эле сатышат.


Музыкальные новости
Шапка

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)





Rss.plus
Владимир Путин

«Есть ответы на вопросы бизнеса»: Хуснуллин об итогах встречи с Путиным на РСПП




В Подмосковье наблюдается увеличение спроса на мясо в связи с сезоном шашлыков

Врачи без образования работали в клинике пластического хирурга Хайдарова

Сенатор Цеков отказался от идеи объединения Белоруссии и Калининградской области

Цифровой проект Подмосковья по энергетике стал лучшим в России




Чек ара кызматы, Башкы прокуратура Баткендеги окуя боюнча эки башка маалымат таратты

Azattyk.org 

Чек ара кызматы Баткен районунун Миң-Өрүк айылына жакын жердеги ок атуудан сегиз жаштагы өспүрүм жараат алганын ырастады. Бул тууралуу аталган кызмат тараткан маалыматта айтылат. Ага ылайык, 7-августта Миң-Өрүк айылынын четинде кызмат өтөп жаткан жоокер К.Ж.у. Куралдуу күчтөрүнүн уставынын талаптарын бузуу менен кокустан ок чыгарып, анын кесепетинен 2014-жылы туулган А.С. аттуу өспүрүм жаракат алган. Окуя боюнча Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасына жана укук коргоо органдарына маалымат берилип... Читать дальше...

9-августта айрым аймактарда өткүн өтөт

Azattyk.org 

Кыргызгидромет кызматы 8-12-август аралыгында аба ырайы туруксуз болорун, нөшөрдөн улам тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертүүдө. 9-августта Ысык-Көл, Чүй облустарынын айрым аймактарында, Жалал-Абад, Талас облустарынын тоолуу жерлеринде өткүн өтөт.  Абанын температурасы: Нарын облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 23...28, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 11...16, күндүз 24...29, Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 25...30, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15...20, күндүз 26...31, Баткен... Читать дальше...

Кытай Тайвандын айланасында аскердик машыгууларынын мөөнөтүн узартты

Azattyk.org 

Расмий Бээжин 8-августта Тайвандын тегерегиндеги аскердик машыгууларды узартып жатканын билдирди. Бирок дагы канча күнгө созулары так айтылган жок. Кытайдын мамлекеттик телеканалы машыгуулар “суу астындагы кайыктарга жана деңизге каршы чабуулдарга” багытталганын кабарлады. Тайвандын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, 7-августта деңиз жана аба машыгууларын өткөрүп жаткан Кытайдын 66 учагы менен 14 согуштук кемеси аныкталды. Арал буга жооп кылып Кытайдын аскердик техникасын көзөмөлдөй турган кемелерди, учактарды жайгаштырды. Читать дальше...

Өкмөт жарандардын накталай долларды четке чыгаруусун чектөөнү карап жатат

Azattyk.org 

Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш 8-августта Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Улуттук банк буга чейин коммерциялык банктар жана юридикалык мекемелерге өлкөдөн долларды чыгарууга убактылуу чектөө киргизген. Ал эми жарандардын накталай каражатты чыгаруусуна чектөө киргизүү укугу Министрлер кабинетине таандык. "Бул маселени Министрлер кабинети карап жатат", - деди Нурбек Жеңиш. Улуттук банктын өкүлү валюта рыногундагы учурдагы олку-солкулуктан... Читать дальше...

Улуттук банк: долларды накталай алууда банктар 5% чейин комиссия алып жатат

Azattyk.org 

Кыргызстанда коммерциялык банктар долларды накталай алууда кардарларга 0,4 пайыздан 5 пайызга чейин комиссия алып жатат. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагаcынын орун басары Нурбек Жеңиш Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, соңку геосаясий абалдан улам коммерциялык банктардын сырттан доллар сатып алуусунун чыгымы көбөйдү. "Буга чейин биздеги банктар долларды Орусиядан алып келген. Бирок Орусияга салынган санкциялар жана бул өлкөгө келип түшкөн доллар, евронун токтотулганын эске алганда... Читать дальше...

Башкырстандык альпинист Хан-Теңири чокусунда каза болду

Azattyk.org 

Башкырстандык альпинист Мария Нечаева 7-августта Кыргызстандагы Хан-Теңири чокусуна чыгуу маалында каза болду. Бул тууралуу Башкырстандын альпинисттер уюму социалдык тармактар аркылуу кабарлады. Маалыматка ылайык, маркум альпинист чокунун 5 миң 900 метр бийик жеринде учуп кектен. Анын сөөгү 5 миң 600 метр бийиктикте табылып, тик учак менен Караколго жеткирилди. Мария Нечаева альпинизм менен бир нече жылдан бери алектенип келген. Ал буга чейин Ленин чокусун багындырган.(BkA)



Москва

Подмосковные проекты победили в Международном профессиональном конкурсе НОПРИЗ на лучший проект – 2023


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин: Развиваем систему здравоохранения



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Владимир Высоцкий

Что Золотухин рассказывал про некрасивые тайны Таганки и почему Высоцкий его не простил




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Спортсменка из Бутово выиграла «золото» на турнирах по художественной гимнастике

Шествие трубачей и уроки танцев: что ждет посетителей парков Москвы в майские праздники

В Москве завершился Кубок России по спортивному программированию


WTA

Потапова проиграла Фернандес во втором круге турнира WTA в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Жизнь

Более 100 студентов посетило СЛД Курск в рамках акции «Неделя без турникетов»



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России