Мектеп директору коррупцияга шек саналып кармалды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкектеги №61 мектептин директору Юрий Низовский коррупцияга шек саналып кармалганын ырастады. Мекеме тараткан маалыматта директор окуучулардын ата-энелеринен туруктуу акча алып турган коррупциялык схема аныкталганы айтылат. “Балдарды мектепке чейинки билим берүү мекемелерине жана биринчи класска киргизүүдө көрсөткөн жардамы үчүн каражат алган фактылар аныкталды. Ошентип, Х.Ю.Н. системалуу негизде пара алып, ошондой эле окуучулардын ата-энелеринен акча талап кылгып турган”... Читать дальше...