Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Август
2022

Новости за 02.08.2022

Дүкөндөгү видеосу тараган жетекчи кечирим сурады, ага эскертүү берилди

Azattyk.org 

Монополияны жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Акжолтой Тукуновго эскертүү берилди, ал дүкөндөгү окуяга байланыштуу кечирим сурады. Бул тууралуу маалымат бүгүн, 2-августта аталган мекеменин расмий сайтына жарыяланды. Анда дүкөндөрдөгү баалар боюнча мониторинг дайыма эле, жумуш маалында жана дүкөндүн тийиштүү өкүлүнүн катышуусунда жүргүзүлүп турары, атайын сурамжылоо баракчалары толтурулушу керектиги, соодагерлер мекеменин бул ишине түшүнүү менен мамиле кылары, бирок видеосу интернетте... Читать дальше...

Кытайдын эскертүүсүнө карабай Нэнси Пелоси Тайванга конду

Azattyk.org 

Кытайдын бийлигинин эскертүүлөрүнө карабай АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга иш сапар менен барды. Flightradar24 сайтынын маалыматына ылайык, америкалык жогорку аткаминердин учагы 2-августта Малайзиянын Куала-Лумпурдан учту. Ал Индонезиянын, Филиппиндин аба мейкиндигинен өтүп, Тайвандын борбору Тайбэй шаарына конду. Мунун алдында аталган сайт бир нече убакытка иштебей калган. Нэнси Пелоси Азия чөлкөмүнө жасалган сапарынын алкагында алгач Тайванга келери айтылып... Читать дальше...

Кыргызстандык дзюдочулар АКШнын ачык чемпионатында сегиз алтын байге алды

Azattyk.org 

Кыргызстандык спортчулар АКШнын дзюдо боюнча ачык чемпионатында сегиз алтын, үч күмүш жана үч коло медалга ээ болушту (14 медал). Спорттун бул түрү боюнча Кыргызстандын федерациясынан билдиришкендей, мелдеш 28-июлдан 31-июлга чейин АКШнын Флорида штатынын Форт-Лодердейл шаарында өтүп, ага 1500гө жакын жергиликтүү жана чет өлкөлүк спортчулар катышты. Таймаштар 13 жашка чейинкилер арасында үч куракта (7, 9, 13 жаш), кадеттер, жаштар, чоңдор жана ардагерлер арасында өттү. Таймаштардын жыйынтыгында... Читать дальше...



Ишкер УКМКда суракта болгонун, куугунтукка кабылып жатканын айтууда

Azattyk.org 

Айыл чарба министрлигинин жана “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын (“Бишкек” СЭЗ) ишин сындап келген ишкер Илгиз Шаменов саясий куугунтукка кабылып жатканын айтууда. Балык чарбасын текшермей болуп жатышканы тууралуу билдирме алганын ал бүгүн 2-августта “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу маалымдап, “Мен муну саясий куугунтук жана кысым катары баалайм. Менин артыман эч нерсе таппай, текшерүү жөнөтүп, бизнеске кысым боло баштады, сыягы. Айыл чарба министрлигинин коррупциялык схемаларынын бетин ачсам, мага текшерүү жөнөтүптүр” деп жазды. Читать дальше...

Пакистанда аскердик тик учак кулап, алты адам өлдү

Azattyk.org 

Пакистанда бир күн алдын жоголуп кеткен тик учак кырсыкка кабылган абалда табылды. Өлкө бийлиги анда бир генерал жана беш аскер каза болгонун маалымдады. Тик учак 1-августта өлкөнүн түштүк-батыш жагында селден улам жабыркаган райондорго жардам берүү операциясын уюштуруп жатып, Белужистан провинциясындагы диспетчердик түйүн менен байланышпай калган. Кырсыкка аба ырайынын бузулушу себеп болушу мүмкүн деп айтылды. Катуу жааган жамгыр жана андан улам чыккан кыян ушул күндөрү жалпы өлкө боюнча 500дөй адамдын өмүрүн алды. Читать дальше...

Мамлекеттик мүлктөрдү "Аманат" башкарат

Azattyk.org 

Министрлер кабинети айрым ири ишкана-мекемелерди башкаруу үчүн "Аманат" деп аталган улуттук холдинг түзө турган болду. Былтыр жазында президент Садыр Жапаров мамлекетке караштуу мүлктөрдүн көбүн сатууну, бул жараянды бир жылдын ичинде аягына чыгарууну тапшырган. Бул маселе быйыл жазында Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, бир жылдын ичинде бир дагы мамлекеттик мүлк менчиктештирилбегени белгилүү болгон. Мындан улам жагдайды иликтөө үчүн депутаттык топ түзүлгөн. Мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакировдун билдиришинче... Читать дальше...

Нэнси Пелоси Тайванды көздөй учкандан кийин Flightradar24 сайты иштебей калды

Azattyk.org 

Азия чөлкөмүнө иш сапар менен жүргөн АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин учагын 2-августта Flightradar24 сайтында 300 миңдей адам онлайн күзөтүп турган маалда сервис иштебей калды. Буга "Медуза" басылмасы көңүл буруп, жазып чыкты. Тайвандын тегерегиндеги кырдаал курчуп кеткенден улам бул учууга кызыгуу болуп жатат. Алгач ал Тайванга келери айтылып, кийин анын иш сапарынын планында аталган өлкө жок экени ачыкка чыккан. Пелоси өзү Тайванга барарын төгүндөгөн да, ырастаган да эмес. Читать дальше...

Орусияда тажик активисттери сырдуу жагдайда “жоголду”

Azattyk.org 

Москвадагы памир диаспорасынын активисттери Ораз Вазирбеков менен Рамзи Вазирбековдун жакындары тажик коопсуздук кызматы аларды Тажикстанга күч менен алып кеткенин айтышууда. Мунун алдында сөз болуп жаткан адамдардын “Тажикстанга өз эрки менен келгенин” айтып берген видеосу тараган. Экөө тең тажик бийлигине оппозициячыл активист катары белгилүү. Буга чейин да чет өлкөлөрдө жашаган тажикстандыктар өз мекенине уурдалган же дайын-дареги билинбей жоголгон окуялар болгон. Ораз Вазирбеков менен Рамзи... Читать дальше...



ТИМ Улуттар Уюмунун таза аба боюнча резолюциясын колдоорун жарыялады

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги БУУнун таза аба жана жашыл жаратылышта жашоону камсыздоону адамдын түпкүлүктүү укуктарынын бири деп тааныган резолюциясын колдой турганын билдирди. Мындай мазмундагы билдирүүнү тышкы саясат мекемеси 2-августта жарыялады. Маалыматка ылайык, Кыргызстан Улуттар Уюмунун экологиялык резолюциясына процедуралык жагдайлардан улам добуш бербей калган. «Бул позиция Кыргызстан аталган резолюцияга каршы чыкты дегенди билдирбейт. БУУнун Башкы ассамблеясында алгач жолу каралган... Читать дальше...

"Ал-Каида" анабашы өлтүрүлдү. Талибдерге канчалык ишенсе болот?

Azattyk.org 

АКШ “Ал-Каида” террордук уюмунун анабашы, дүйнөдөгү эң кооптуу террорист атыккан Айман Завахири жок кылынганын билдирди. Ал уюмду 2011-жылы Усама Бин Ладенден кийин жетектеп калган. Америкалык чалгындоо кызматтары Завахири  үч миңдей кишинин өмүрүн кыйган 11-сентябрь теракттарын жетектегенин аныктаган. Расмий маалыматка караганда, "ал-каидачылардын" анабашы 31-июлда Кабулда дрондун соккусунан өлтүрүлдү. Борбордук чалгын кызматы (CIA ) жүргүзгөн операцияда ал жашырынган турак үйгө эки ракета тийген. Читать дальше...

Ички аба каттамдарга билет таппагандар көбөйдү

Azattyk.org 

Кыргызстанда ички авиакаттамдарга - Бишкектен Ош, Жалал-Абад, Баткен багытына билеттин кымбаттыгы жана жоктугу нааразылык жаратты. Авиакассалар билет баасы миң сомдон 1,5 миң сомго чейин кымбаттап кеткенин жүйө келтирип жатышат. Акыркы айда Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарына каттаган таксилердин баасы да кескин көтөрүлүп кетти.   Ондогон жүргүнчүлөр билет таппай аба майдандарда кезек күтүп жатканын айтып чыгышты.  Алардын бири, Ош шаарынын тургуну Эрлан Камалов буларды билдирди: "Дем алышта бейшемби күнкүгө билет таппай калдык. Читать дальше...

Казакстан: Уурдалган акчаны кайтаруу талабы

Azattyk.org 

Казакстандык ишкер Болат Абилов менен финансист Оразалы Ержанов Казакстандан чет өлкөгө мыйзамсыз чыгарылган акчаны кайтарууну көздөгөн “Элге кайтаруу” коомдук фондун түзүп, "Казакстандын байлыгынын жарымынан көбүн уурдаган" делген 162 казакстандыктын атын ачыкка чыгарууну талап кылат.

“Аялдардын жана балдардын укуктары үчүн” кыймылы президентке кезектеги кайрылуусун жолдоду

Azattyk.org 

“Аялдардын жана балдардын укуктары үчүн” кыймылы бүгүн 2-августта президент Садыр Жапаровго кезектеги кайрылуусун жолдоду. Аялдардын жана балдардын абалы күн санап начарлап баратканын, абалды жөнгөрүү үчүн бир катар стратегиялык документтерге кол коюу зарыл экенин айткан кыймыл буга чейин мамлекет башчысына эки жолу кайрылган. Кыймылдын өкүлү Адинай Жапаралиеванын айтымында, биринчи кайрылууга президенттик администрациядан жооп барган, бирок анда эки жылдан бери кабыл алынбай жаткан улуттук программага шилтеме берилген... Читать дальше...

АКШнын соту Капитолийди басып алуу боюнча катаал өкүм чыгарды

Azattyk.org 

АКШнын Колумбия округун соту 2021-жылдын январында Капитолийдин имаратын басып алуу иши боюнча Техастын тургуну Гай Реффитти 7 жыл 3 айга абакка кести. Бул аталган иште экс-президент Дональд Трамптын Капитолийди басып алууга аракет кылган тарапкерлери үчүн чыгарылган эң катаал өкүм болуп калды. Гай Реффитт Капитолийге ыктаган аймакка курал алып кирүүгө жана козголоңдун башында чогулгандарды имаратка кирүүгө чакырган деп айыпталууда. Ага өрт чыгаруу үчүн да ширеңке жаккан деген да кине коюлган.... Читать дальше...

Өзбекстанда Twitter, WeChat жана ВКонтакте бөгөттөн чыгарылды

Azattyk.org 

Өзбекстанда Twitter, VK (Вконтакте) социалдык түйүндөрү жана WeChat мессенжери 1-августтан тартып расмий түрдө бөгөттөн чыгарылып, колдонууга уруксат берилди. Бул тууралуу өлкөнүн президенттик администрациясынын алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттиги кабарлады. Өзбек бийлиги кабарлагандай, учурда TikTok платформасынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Мекеме анын жыйынтыгы кошумча маалымдай турганын билдирди. 2021-жылдын 2-июлунда Өзбекстандын жарандарынын жеке маалыматтарын... Читать дальше...

"БШК бийликтин тапшырмасын аткарарын көрдүм"

Azattyk.org 

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева болду. Ал маегинде Усубалиевди мамлекеттик дачадан ажыратканы, Акаевдин сунушу менен кызматка келиши, Бакиев бийлигинин шайлоону бурмалашы, “Ата-Журт” партиясына кошулганы, анын лидерлери менен ажырашканы ж.б. тууралуу кеп кылат. -Жылдыз айым, сиз 1985-1990-жылдары Ак үйдүн иш башкармалыгында иштептирсиз. Ошол учурдагы жетекчилер Усубалиев, Масалиев кандай жашашчу эле, мамлекет тараптан кандай камкордукка алынган? Читать дальше...

Өтмөк: айдоочулар жолдун сапатына нааразы

Azattyk.org 

Талас облусун башка аймактар менен байланыштырган Өтмөк ашуусундагы жалгыз жолдун абалы начар. Машинелери бузулуп, жолдо калган айдоочулар жол азабынан кутула албай келет. Жол тейлөө мекемеси жолду оңдогондой болгону менен сапаты суроо жаратууда.

3-августтун аба ырайы

Azattyk.org 

Шашылыш билдирүү 2-4-августта туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоо этектеринде жана тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн. 3-августта түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтөт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк жерлеринде, Ош, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтөт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Читать дальше...

Ош: Ак-Бууранын жээгинен 50-55 жаштагы кишинин сөөгү табылды

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын жээгинен 50-55 жаштагы кишинин сөөгү табылды. Маалыматка караганда 1-август күнү куткаруу кызматына Ак-Буура дарыясынын ортосундагы чакан аралчада эркек киши жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Ош шаардык куткаруу кызматы сөөктү суудан алып чыккандан кийин аны Ош шаардык ички иштер башкармалыгына өткөрүп беришкен. Буга чейин, 30-июнда Ак-Буура дарыясынын жээгинен 20-25 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Читать дальше...


Музыкальные новости
Александр Розенбаум

Александр Розенбаум рассказал о дополнительном источнике дохода: "Не бомжовые заведения"





Rss.plus
Анфиса Чехова

Отец из Панамы, школьная любовь и любимая еда: Елена Борщёва раскрыла все тайны на шоу ТВ-3 «Вкусно с Анфисой Чеховой»




В Коломне утвержден предмет охраны объекта культурного наследия

В Москве выпало почти две трети месячной нормы осадков

Британия подготовила для США гигантскую взятку

Клиенты криптобиржи Beribit вторые сутки бастуют в офисе в Москва-Сити




Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгы көбөйдү

Azattyk.org 

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгы көбөйдү. Президент Садыр Жапаров тийиштүү жарлыкка кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы бүгүн 2-августта билдирди. Мисалы, министрликтин бөлүм башчысынын айлыгы дээрлик 197 пайызга көбөйүп, социалдык төлөмдөрдү жана салыктарды эске алганда буга чейин 34 миң сом болсо, эми 1-августтан тартып 67 миң сом болот. Ал эми министрликтин жетектөөчү адисинин 21 миң сомдук айлыгы 232 пайызга көбөйүп, 49 миң сомду түзөт. Жергиликтүү... Читать дальше...

Акыркы аптада Кыргызстанда COVID-19дун 1091 жаңы учуру катталды

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча, акыркы бир жумада - 25-31-июлда өлкө боюнча COVID-19дун 1091 жаңы учуру катталды. Ал бейтаптардын 911 и амбулатордук дарыланууда, дагы 180 адам ооруканага жаткырылды. Пандемия башталган 2020-жылдан бери өлкөдө оорунун 203 776 учуру катталган. Ал эми 2022-жылдын жети айында жалпысынан COVID-19дун 19 028 учуру катталып, анын 17 034ү (89,5%) лабораториялык жол менен, дагы... Читать дальше...

Күрөш: жаш балбан Билол Шарип уулу Дүйнө чемпионатында күмүш байге алды

Azattyk.org 

Кыргызстандык жаш балбан Билол Шарип уулу Италиянын Рим шаарында өткөн күрөш боюнча 17 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпионатында күмүш байге алды. Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтындагы маалыматка таянсак, Шарип уулу 31-июлда эркин күрөштөн 60 килограмм салмакта финалда ирандык Ебрахим Есмаел Елахичоуран менен беттеште бир упай айырма менен жеңилип (4:5), 2-орунду ээледи. Ал финалга чейин төрт атаандашын уткан. Алгач казакстандык Айдын Бекбаевди 10:0, 1/8 финалда швециялык Аарон Марко Сбергди 10:0... Читать дальше...

Салыктан жети айда 85,9 млрд. сом чогулду

Azattyk.org 

Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын январь-июль айларында республикалык бюджетке 85 млрд. 988,9 млн. сом салык жыйнады.  Мекеменин маалыматына ылайык, бул белгиленген пландан 1 млрд. 349,4 млн. сомго көп (101,6%), же болбосо былтыркы ушул мезгилге салыштырганда 30 млрд. 442,1 млн. сом көп жыйналган (өсүү ыргагы 154,8%). Мекеме планды ашыгы менен аткарууга салыктык башкарууну жакшыртуу, экономиканын бардык тармактарын талдоо жана мониторингдөө иштеринин майнаптуулугу өз таасирин тийгизди деп эсептейт. Читать дальше...

"Аманат" улуттук холдинги түзүлөт

Azattyk.org 

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Аманат" улуттук холдингин түзөт. "Президент Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондун реформалоо боюнча жарлыкка кол койду. Азыр Министрлер кабинетинде "Аманат" улуттук холдингин түзүү боюнча токтомдун долбоору макулдашуудан өтүп жатат. Бул холдинг бардык мамлекеттик ишканаларды координациялайт. Долбоордун түзүмү, анын түзүлүшү - мунун баары макулдашуу этабында", - деп билдирди фонддун төрагасы Бакиров. Анын айтымында, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Аманат" холдингине айланышы ыктымал. Читать дальше...

Жапониядагы жана Түркмөнстандагы элчилер кызматынан бошотулду

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык Мирлан Арстанбаев  Кыргыз Республикасынын Жапониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу маалыматты мамлекет башчысынын маалымат кызматы 2-августта таратты. Мирлан Арстанбаев Жапониядагы ишин Токио шаарындагы резиденцияда отуруп 2021-жылдын июлунан бери Кыргыз Республикасынын Австралиядагы, Жаңы Зеландиядагы жана Филиппин Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчилик кызматы менен айкалыштырып келген.... Читать дальше...



Москва

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: С 28 апреля до 12 мая городские службы будут работать в усиленном режиме



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Анастасия Волочкова

«Это будет для вас сюрприз и фурор!»: Анастасия Волочкова взяла с собой на Мальдивы свадебное платье




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Спортсменка из Бутово выиграла «золото» на турнирах по художественной гимнастике

Шествие трубачей и уроки танцев: что ждет посетителей парков Москвы в майские праздники

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»


WTA

Мария стала соперницей Азаренко на турнире WTA в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Game News

Для мобильного шутера Nebula Rangers проходит бета-тест на Android



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России