"Эгемен өлкө болгонубузга Горбачёвдун салымы чоң"
Экс-президент Роза Отунбаева Советтер Союзунун биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачёвдун тарыхта калтырган изи тууралуу "Азаттыкка" маек курду. - Советтик акыркы лидер, СССРдин биринчи жана акыркы президенти Горбачёвдин 91 жашында каза болду. Кыргызстандын эгемендигин алуусунда анын ролу кандай болду? - Менин оюмча, Горбачёвдун бул жараяндагы ролу өтө чечкиндүү болгон, себеби ал кайра курууну, ачыктык саясатын баштады. Авторитаризмдин чынжырлары жумшап, бошоду. Бизде да эгемендик жөнүндө ачык-айкын сүйлөй баштадык. Читать дальше...