Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Август
2022

Новости за 21.08.2022

Президент Орусияда жол кырсыгынан каза болгондордун сөөгүн алып келүүнү тапшырды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Тышкы иштер министрлигине, Өзгөчө кыдаалдар министрлигине, “Манас” эл аралык аэропортуна Орусиянын Ульянов облусунда жол кырсыгынан каза болгондордун сөөгүн мекенине алып келүү үчүн атайын борт уюштурууну тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев маалымдады. Анын билдирүүсүндө, президент каза болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайрыгуу менен көңүл айтылганы жазылат. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Ульянов облусундагы жол кырсыгы жөнүндө маалымат таратты. Читать дальше...

"Чек арага "кирди-чыкты" кылуу үчүн барышкан". Орусияда жол кырсыгы 14 жарандын өмүрүн алды

Azattyk.org 

Орусиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгы кыргызстандык 14 жарандын өмүрүн кыйды. Жол кырсыгы 21-августта Николаевск районунун Праскавьина жана Новопасское айылдарынын ортосунда, "Урал" трассасында болгон. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана Орусиядагы элчиликтин маалыматына караганда, жол кырсыгынан 16 адам каза болгон. Алардын 14ү Кыргызстандын жарандары. Дагы үч киши ооруканада жатат, алардын тек-жайы такталууда. Азырынча каза болгон жарандардын аты-жөнү жарыялана элек. "Азаттык" кырсыкка кабылгандардын тууганы... Читать дальше...

Орусиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгынан 14 кыргызстандык каза болду

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Ульяновск облусундагы автожолундагы жол кырсыгы жөнүндө маалымат таратты. Баштапкы маалымат боюнча жол кырсыгынан 16 адам каза болгон. Алардын 14ү Кыргызстандын жарандары. Ооруканага жаткырылган үч кишинин жарандыгы такталып жатат. Кырсык Николаевск районунун Праскавьина жана Новопасское айылдарынын ортосунда, "Урал" трассасында болгон.  Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулдук кызматкерлери окуя болгон жерге жөнөштү. Каза болгондордун жакындары үчүн (+7 926 861 50 98... Читать дальше...



Эмомали Рахмондун Тоолуу Бадахшанга сапары күтүлүп жатат

Azattyk.org 

“Азаттыктын” тажик кызматы ("Озоди") Тоолуу Бадахшан автоном облусунун бийлиги президент Эмомали Рахмондун аймакка келишине даярдык көрүп жатканын жазды. Эмомали Рахмон качан барары белгисиз.  “Озодинин” жеке булактары Тажикстандын өлкө башчысынын сапары сентябрь айынын башында болорун айтышкан. Эгерде бул ишке ашса, Эмомали Рахмондун соңку кандуу окуялардан кийин Бадахшанга жасаган биринчи сапары болот. 21-августта Тоолуу Бадахшан автоном облусунун райондорунун биринин жогорку даражалуу өкүлү... Читать дальше...

Вандык кыргыздардын Түркияга көчүп барганына 40 жыл болду

Azattyk.org 

21-августта Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир айылында 1982-жылы Памирден көчүп барган кыргыздар уюштурган иш-чара өттү. Ага Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысынын орун басары Арслан Койчиев, Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Лира Сыдыкова жана жергиликтүү жетекчилер катышты. Улуу Памир айылында 2500ге жакын кыргыз жашайт. Алардын 350гө жакыны мектеп окуучулары. Ал эми Стамбул, Анкара, Малатия жана Йозгат аймактарында беш миңден ашык вандык кыргыз бар. Айыл Түркиянын чыгышында Иран менен чектешкен Ван дубанында жайгашкан. Читать дальше...

Курултай өткөрүүгө камылга башталды

Azattyk.org 

Элдик курултайды уюштуруу комитети алгачкы жыйынга чогулуп, жер-жерлерде делегат шайлоого байланыштуу камылга башталды. Президент Садыр Жапаров 16-августта ушул жылдын 25-ноябрында элдик курултайды чакыруу тууралуу жарлыкка кол койгон жана жол-жобосу бекиген. Конституцияда каралган бул иш-чаранын атайын мыйзам менен эмес, мамлекет башчынын жарлыгы менен өткөрүлө турганы сын-дооматка жол ачкан.  Элдик курултайды уюштуруу комитети 19-августта биринчи жыйынга чогулуп, аймактарда жолугушууларды өткөрүү... Читать дальше...

Ооганстандын чыгышында суу ташкынынан кеминде 22 адам каза болду

Azattyk.org 

Ооганстандын чыгышында катуу жааган жаандан улам суу ташкыны болуп, бери дегенде 22 адам каза таап, дагы 80 киши жаракат алды. Суу үйлөрдү, мал – жандыкты агызып, айыл чарба жерлерин жууп кеткенин расмий өкүлдөр жана жергиликтүү тургундар 21-августта билдирди. Ооганстандын борбору Кабулдун түштүгүндөгү Логар провинциясынын Хуши району эң көп жабыркады. “Талибан” кыймылынын (Кыргызстанда тыюу салынган) өкмөтүнүн өкүлдөрү суу ташкыны Майдан Вардак, Газни, Нангархар жана Лагман провинцияларында да катталганын... Читать дальше...

Акыйкатчы зомбулукка кабылгандардын сүрөт, видеолорун таратпоого чакырды

Azattyk.org 

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова зордук, зомбулукка туш болгон балдар, аялдардын сүрөтүн, аты-жөнүн социалдык тармактарда жарыялабоого чакырды. Ал мындай пикирин Фейсбуктагы баракчасына жазып, зомбулукка кабылган аял кайрылганын билдирди. "Зордук-зомбулуктан жабыркаган айымдардын, балдардын сүрөтүн таркатпагыла, аты-жөнүн жазбагыла сураныч. Азыр да көк-ала болгон айым чалып ыйлап жатат, кийинки жашоосун ойлонгулачы”, - деп жазды Абдрахматова. Соңку жылдары педофилияга байланыштуу фактылар көп катталууда. Читать дальше...



Такыр окубай калган тогуз жашар бала жеке мектепте билим алмай болду

Azattyk.org 

Бишкекте тогуз жашка чыкканга чейин мектепте такыр окубаган бала эми "Приоритет" деп аталган менчик мектепте билим алат. Бул тууралуу укук коргоочу Назгул Турдубекова билдирди. Анын айтымында, мектеп жетекчилиги аны бекер окута турган болду. Буга чейин социалдык тармактарда жашоо-шартына байланыштуу такыр мектепке барбай калган тогуз жаштагы баланын окуясы кызуу талкууланган. Бишкек мэриясы түшүндүрмө таратып, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, аны асырап жаткан таякесинин паспорту жок экенин билдирген. Читать дальше...

Кыйноолорго каршы борбордун жетекчилигине кайрадан Рысбеков тандалды

Azattyk.org 

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору болуп кайрадан Бакыт Рысбеков тандалды. Бул тууралуу ал  “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтымында, сынакка үч талапкер катышып, Координациялык кеңеш Рысбековду тандашкан. Мурда Акыйкатчы институтунда иштеп жүргөн Бакыт Рысбеков Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору болуп үчүнчү ирет тандалды. Борборго жетекчи эки жылга тандалат. Ал эки жыл мурун дагы Координациялык кеңештин сынынан өткөн. Буга чейин 2014-жылы дагы жетекчи болуп иштеген. Читать дальше...

"Эсте калган күндөр". Оштон борборго келгендеги түйшүк

Azattyk.org 

Социализмдин тушунда жогорку билим алуу ышкысы миңдеген айылдык улан-кыздарды чоң шаарларга чогултчу. Башка чөйрөгө туш келген жаш адамдын көргөн кыйынчылыктары Малабек Токтоболотовдун “Эсте калган күндөр” өмүр баян аңгемесинде кемелине келтире сүрөттөлгөн.  Кассаны аңдыган эл Малабек Токтоболотов айтылуу акын Багыш Молдонун небереси, кесиби каржы жагына ооп кеткени менен көркөм сөзгө жакын, куюлуштура сүйлөгөндү, өз оюн жеткиликтүү, жугумдуу кылып баяндоонун чебери. 2016-жылы автордун “Эсте калган күндөр” өмүр баян аңгемелери жарык көрдү. Читать дальше...

Таласта милиция мыйзамсыз куралдарды өз ыктыяры менен тапшырууга чакырды

Azattyk.org 

Талас облусунда милиция 16-18-августта «Арсенал» деп аталган рейд өткөрүп, уруксаты жок 14 ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады. Милиция 600дөй жарандын курал сактоо шарттары текшерип, 36 протокол түзүлүп, 60 миң сом айып пул салынды. Жети куралдын каттоо мөөнөтү бузулгандыгына байланыштуу уруксат кагазы жокко чыгарылды. Милиция жарандарды уруксатсыз курал-жарактарды өз ыктыяры менен өткөрүүгө чакырды. Кыргызстандын укук коргоо органдары мыйзамсыз... Читать дальше...

Аба-ырайы: күн салкындайт

Azattyk.org 

22-августта Ысык-Көл, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 22…27; Талас жергесинде түнкүсүн 3...8, күндүз 21…26; Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 19...24; Нарындын өрөөндөрүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 21…26; Бийик тоолордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 9…14 градус. Бишкекте күн ачык болот. Читать дальше...

Казакстанда эки шаарда саясий куугунтукка каршы акция өттү

Azattyk.org 

Казакстанда каттоодон өтпөгөн “Алга, Казакстан” партиясынын активисттери 21-августта Алматы жана Нур-Султан шаарларында саясий куугунтукту токтотууну жана партияны каттоодон өткөрүүнү талап кылып акцияга чыкты. Уюмдун 20 чакты мүчөсү Алматыда Чокан Валиханов атындагы аянтка чогулуп, “бийлик “Алга Казакстан” партиясын каттоого уруксат бербей жатат” деп сынга алышты. Алар бийликке кайрылып, чыныгы оппозиция боло ала турган активисттерге саясатка жол ачууга үндөштү. Чогулгандар саясий куугунтукту... Читать дальше...

"Укугубуздун корголушун каалайбыз". Майыптыгы бар жарандардын жүрүшү

Azattyk.org 

Чолпон-Ата шаарында 19-августта майыптыгы бар жарандардын жүрүшү башталды. Жүрүштүн катышуучулары 135 чакырымды басып, 24-августка чейин Каракол шаарына барышат. Биринчи күнү алар 25 чакырымды басып өтүштү.

Юстиция министрлиги турак жай кооперативдерин көзөмөлдөөнү сунуштады

Azattyk.org 

Юстиция министрлиги “Кооперативдер жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Министрлер кабинетинин сайтында жарыяланган долбоордо акыркы мезгилде турак жай кооперативдеринен жабыркаган кишилер көп болуп жатканын белгилеп, алардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу сунушталган.  Анын негиздеме катында “турак жай-курулуш кооперативдеринин ишинде учурда финансылык пирамиданын бардык белгилери бар, алардын ишмердүүлүгү жөнгө салынышы керек” деп айтылат. Маалыматка ылайык... Читать дальше...

Инженер-блогер жыланга "бут" жасап берди

Azattyk.org 

Польшалык окумуштуулар желкесинин кемтиги бар ымыркайды 3D принтердин жардамы менен сактап калды. Румынияда жез доорунда жашап өткөн аялдын сөөгү табылды. Америкалык блогер жыланга «бут» жасап, видеосун YouTube каналына жарыялады. Алдыда илим дүйнөсүндөгү жаңылыктар менен таанышыңыз.  Ымыркайдын өмүрүн сактап калган 3D принтер Польшалык Sygnis компаниясынын окумуштуулары жаңы туулган ымыркай үчүн 3D баш сөөк чыгарып берип, анын өмүрүн сактап калышты. 3D баш сөөк операцияга чейинки 96 саат ичинде жасалган. Читать дальше...

Курулуштагы көз боёмочулук: пайда көрөм деп акчасын алдаткандар

Azattyk.org 

Кыргызстанда курулуш тармагындагы каржы-бартердик пирамидаларга ири өлчөмдө акчасын алдатканын айткан жарандар "Азаттыкка" кайрылды. Бишкекте чиеленишкен cхемаларды уюштуруп, он бир кишинин чоң суммадагы акчасын бербей койгон деген шек менен бир адам кармалып, анын үстүнөн соттук териштирүү башталганы турат. Курулушка автоунаасын кымбат баага өткөрүп же чоң акчасынан үстөк пайыз туудуруп, киреше табууга кызыккандар алдаган кишини каматып, бирок берген акчасын каяктан өндүрүүнү билбей турганые айтышты. Читать дальше...

Ысык-Көлдү торлордон тазалоо башталды

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунда көлдү мыйзамсыз балык уулагандардын торунан тазалоо башталды. Облустун ички иштер башкармалыгы көлдү тазалоого милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тийиштүү органдар катышып жатканын маалымдады. 20-августта башталган рейддин жүрүшүндө Ысык-Көлдүн бардык акваториясында, жээктен 30-35 чакырым алыстыкта жана 25-30 метрге чейинки тереңдикте браконьерлердин торлору алынат. Баасы арзан болгондуктан браконьерлер балык кармагандан кийин балык уулоочу торду чыгарбай кетишет. 19-августта... Читать дальше...

Бишкекте коомдук транспортто телефон уурдоого шектелген жаран бир айга камалды

Azattyk.org 

Бишкекте коомдук транспортто телефон уурдаган деп шектелип 33 жаштагы шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмү кабарлады. Милициянын кабарлашынча, 8-августта Бишкектеги маршруттук таксилердин биринен 13 миң сомдук телефонун уурдатканын айткан жаран арыз жазган. Факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (“Уурулук”) менен иш козголуп, шектүү кармалган. Ленин райондук сотунун чечими менен 15-августта шектүү №1 тергөө абагына бир айга камалды. Учурда анын башка дагы уурулук... Читать дальше...

ӨКМ көчкү коркунучу бар 44 жерде кырсыктардын алдын алуу иштерин жүргүзөт

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөдөгү жер көчкү жүрүү коркунучу бар 44 аймакта топуракты атайын түшүрүп, табигый кырсыктын алдын алуу иштерин жүргүзөт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда,  Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен жасала турган долбоордун жалпы суммасы 39 миллион АКШ долларын түзөт. Тандалып алынган аймактарды атайын адистер изилдеп, андан кийин иш башталат. Табигый кырсыкты алдын алуунун мындай ыкмасы өлкөдө алгачкы жолу жасалып жатат. Өлкөдө... Читать дальше...



Москва

звезды шоу-бизнеса посетили весеннюю неделю моды estet fashion week


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: С 28 апреля до 12 мая городские службы будут работать в усиленном режиме



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Rammstein

В Калининградской области отказались отменять трибьют-концерт Rammstein




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»

Команда Орловской области стала победителем хоккейного турнира среди команд Черноземья


Даниил Медведев

Медведев рассказал, что у него не получилось в первом сете матча с Арнальди в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

“Вилла Ливадия” - последние 6 апартаментов в уникальном комплексе у моря



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России