Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Август
2022

Новости за 19.08.2022

"Даттанганы барып сабалдык". Стамбулда аэропортто калган түркмөндөр

Azattyk.org 

Түркмөнстандын жүздөгөн жараны башка өлкөлөрдөн кайтып келатып, Түркиядан чыга албай калышты. Аларды андан ары өз мекенине ташып кетчү учактар жок болуп жатат. Бийлик чартердик каттамдарды уюштурууга аракет кылганы менен ал таптакыр жетишсиз болууда. Ал арада бул боюнча түркмөн президентине даттангысы келгендер Стамбулдагы консулдукта катуу сабалды. Пандемия алып келген көйгөй Коронавирус пандемиясына байланыштуу Түркмөнстан дагы 2020-жылдын мартында көп мамлекеттер сыяктуу эле башка өлкөлөр менен аба байланыштарын токтоткон. Читать дальше...

Кочкордогу турист көчө: шырдак шоу, кыргыз пицца

Azattyk.org 

Тогуз жолдун томунда жайгашкан Кочкор чет элдик туристтер өргүп өткөн жайга айланган. Жергиликтүү жаштар ошого жараша кызмат көрсөтүүгө өткөн. "Азаттык+" бул ирет Кочкордогу туризмди сүрөгөн жаштарды көрсөтөт.

Армияда дагы бир жоокердин өмүрү кыйылды

Azattyk.org 

Кыргыз армиясынын катарында кызмат өтөп жаткан дагы бир жоокер каза болду. 19 жаштагы Сыргак Сабырбеков 18-августта кечинде күзөттө турганда өзүнө ок чыгарып, алган жараатынан ошол жерде жан бергени айтылды. Маркумдун агасы Коргоо министрлигинин расмий маалыматына ишенбей турат. 19-августта президент Садыр Жапаров жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн коргоо министри Бактыбек Бекболотовго катуу сөгүш берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. Бирок маалыматта так кайсы кемчиликтер экени айтылган жок. Читать дальше...



Алымкадыр Бейшеналиев кызматынан бошотулду

Azattyk.org 

Убактылуу кызматынан четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кызматынан алынды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун басма сөз кызматы маалымдады. Алымкадыр Бейшеналиев козголгон кылмыш ишине байланыштуу убактылуу кызматынан четтетилген. Бейшеналиев 2-июнда "коррупцияга" айыпталып камакка алынып, 16-июнда кайра үй камагына чыккан. Башкы прокуратура ага чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 млрд. 581 млн. 474 миң сомго вакцина сатылып алынышынан улам айып... Читать дальше...

Коргоо министри Бактыбек Бекболотовго катуу сөгүш берилди

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн коргоо министри Бактыбек Бекболотовго катуу сөгүш берилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматта так кайсы кемчиликтер экени айтылган жок. 19-августта Аскер институтутун алдындагы бөлүктө кызмат өтөп жүрүп октон каза болгон Сыргак Сабырбековдун сөөгү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлгөндөн кийин Ысык-Көлгө, туулган айылына жөнөтүлдү. Анын бир тууганы "Азаттыкка" билдиргендей, ок чекесине тийген. Читать дальше...

Президент транспорт министрине жана Ысык-Көл облусундагы өкүлүнө эскертүү берди

Azattyk.org 

Жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоевге сөгүш, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Алтынбек Сулайманов, аталган облустун ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Канат Жумагазиев, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл региондук башкармалыгынын жетекчиси Руслан Термеевдерге эскертүү берилди. Президенттин басма сөз кызматы мамлекет башчы Садыр Жапаров Эмгек кодексинин 146-беренесине ылайык... Читать дальше...

Толукту бүлүндүргөн зилзалага 30 жыл

Azattyk.org 

Өлкө эгемендик алган жылдардагы эң ири зилзала 1992-жылы 19-августта Токтогул районунун Толук айылында катталган. Анда ондон ашык киши каза таап, миңдегени жараат алып, 600дөй үй жарактан чыккан. Отуз жыл мурда болгон бул каргаша айыл элининин күнү бүгүнкүдөй эсинде.

Кыргызстан ШКУнун жыйынында Ооганстан маселесин көтөрдү

Azattyk.org 

Өзбекстандын Ташкент шаарында 19-августта Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 17-жолугушуусу өттү. Анда Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Ооганстан маселесин көтөргөнүн президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Иманкулов ШКУ мейкиндигинде коопсуздуктун абалы Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу экенин белгилеп, бул жатта биргелешип иштөө зарылдыгын айткан. Катчы ошондой эле терроризм коркунучуна каршы туруу боюнча сунуштарын берген. Читать дальше...



Өзбекстанда автобустун ичиндеги газ баллон жарылып, алты киши мүрт кетти

Azattyk.org 

Өзбекстандын Сырдарыя облусунун Акалтын районунда газ толтуруучу жайдан чыга бериште Isuzu үлгүсүндөгү автобустун ичиндеги метан баллондорунун бири жарылып, алты киши мүрт кетти. Бул тууралуу Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлап, окуя 18-августта болгонун билдирди. Министрликтин алдын ала маалыматы боюнча, кырсыктын кесепетинен дагы 15 адам жараат алган. Автобус Хорезм облусунун Багат районундагы автомектепке таандык болгон. Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилиги... Читать дальше...

Биринчи май районун кайрадан "Тазалык" тейлей баштады

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун аймагындагы тиричилик таштандыларын кайрадан “Тазалык” муниципалдык ишканасы убактылуу тазалай баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери учурда таштанды көп топтолуп калган аймактарда иштеп жатышат. Муниципалдык ишкананын техникалары жарым-жартылай калыбына келтирилди. Учурда линияда 14 атайын техника иштөөдө”, - деп айтылат билдирүүдө. Мэрия буга чейин пилоттук долбоор катары бул райондогу таштандыларды... Читать дальше...

Министрдин орун басары ӨКМде учкучтар жетишсиз экенин билдирди

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде (ӨКМ) учкучтар жетишсиз. Министрдин орун басары Урматбек Шамырканов өлкөдө тик учак башкаруучу учкучтарды даярдаган мекеме жок экенин, ошол себептүү министрликте совет мезгилинде же башка өлкөлөрдөн окуп келген адистер иштеп жатканын билдирди. Министрликтин Фейсбуктагы түз эфиринде Шамырканов учкучтарды жумушка алуу боюнча кулактандыруу бергенин билдирди. Анын айтымында, алардын айлык маянасы 3 миң АКШ долларынын тегерегинде болот. Министрдин орун басарынын учурда... Читать дальше...

Казакстанда “Шаңырак окуясы” боюнча соттолгон Өтегенов абактан чыкты

Azattyk.org 

Казакстанда 2006-жылдагы “Шаңырак окуясы” боюнча соттолгон Курмангазы Өтегенов 19-августта бошотулду. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматына Костанай шаарындагы колониянын нөөмөт бөлүмүнөн билдиришти. Бул маалыматты Казакстандын адам укуктары боюнча бюросу да бышыктады. Курмангазы Өтегенов 2006-жылдын 14-июлунда Алматы шаарынын четиндеги Шаңырак кичирайонунда болгон окуяга байланыштуу соттолгон. Ага мыйзамсыз басып алынган жерлерге турак жай салып алгандардын үйүн бузууга барган бийлик өкүлдөрүнө каршылык көрсөткөн деген айып коюлган. Читать дальше...

Курултай өткөрүү боюнча биринчи жыйын өттү

Azattyk.org 

Бүгүн, 19-августта элдик курултайды уюштуруу комитетинин биринчи отуруму өткөнүн президенттин басма сөз кызматы маалымдады. Анда эл менен жолугушууларды өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сыяктуу тапшырмалар берилгени кабарланды. Жыйынга мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү болгон президенттин администрациясынын кызматкерлери, облус башчылары, Бишкек, Ош шаарынын мэрлери жана коомдук ишмерлер катышты. Жапаров 16-августта "Элдик курултайды чакыруу жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Читать дальше...

20-августка аба ырайы: күн салкындайт

Azattyk.org 

Кыргызгидромет кызматы 20-августка караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын болбойт деп кабарлады. Түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош облустарынын тоолуу жерлеринде өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26, Талас облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24, Баткен, Ош, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 27…32... Читать дальше...

Кыргызстандын алтыны: 19 тонна кайда сатылган?

Azattyk.org 

Кумтөрдө сырткы башкаруу киргизилгенден кийин бийлик башындагылар кендеги алтындын баары Кыргызстанда калат деген. Ошентип, 2021-жылы баалуу металлдардын экспорту кескин кыскарган эле. Бирок Улуттук статистикалык комитеттин такталган маалыматтары боюнча, баары тескерисинче болуп чыкты. Көрсө, Кыргызстан былтыр чет өлкөгө рекорддук көлөмдө алтын сатыптыр. Бирок Кыргызстандан казылган алтындын 70% ашыгы кайсы өлкөгө же өлкөлөргө экспорттолгону белгисиз. Бул маалымат сыр бойдон калууда. Статком... Читать дальше...

Бишкектеги ири өрт өчүрүлдү

Azattyk.org 

Бишкек шаарындагы Ташкент көчөсүндөгү турак-жайдан чыккан өрт өчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, кырсык болгон жерде төрт бригада иштеди. "Алдын ала маалыматтарга караганда, ал үйдө жеке бала бакча болгон. Өрт ага жеткен эмес, жалпысынан 200 чарчы метр күйдү. Кырсыкта жабыркагандар жок жана анын кесепетин жоюу иштери уланып жатат",-деп айтылат маалыматта. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өткөн айда жыл башынан бери катталган кырсыктардын басымдуу бөлүгү өрт менен байланыштуу экенин билдирген. Читать дальше...

Лицензиясыз акча алмаштыруу менен алектенген эки жаранга айып салынды

Azattyk.org 

Улуттук банк Ысык-Көл облусунун эки тургунуна лицензиясы жок акча алмаштыруу операциялары менен алектенгенине байланыштуу айып салынганын билдирди. Ага ылайык, ар бири 17,5 миң сомдон төлөйт. Аптанын башында ушундай эле айып дагы бир жаранга салынган. Буга чейин лицензиясы жок акча алмаштыруу жайларын текшерүү жүрүп жатканы маалымдалган. Улуттук банк жыл башынан бери коммерциялык банктарга 116 жолу текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгында 100гө жакын эскертүү-сунуштама берген. Анда кардарды тийиштүү деңгээлде тейлөө... Читать дальше...

Жалал-Абад шаарында Түмөнбай Байзаков атындагы парк ачылды

Azattyk.org 

18-августта Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунда Түмөнбай Байзаков атындагы эс алуу паркы ачылды. Парктын ачылуу аземине шаар мэри Эрнисбек Ормоков, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты. Анда сүрөт көргөзмөсү, гүлдөр жармаңкеси өтүп, келген коноктор көчөт тигишти. Эс алуу жайы 8 гектардан ашык аянтты ээлейт. Анда оргумалар, веложол, балдар ойноочу аянт, спорттук жана маданий иш-чаралар өтүүчү жайлар камтылган. Мындан сырткары... Читать дальше...

Аскер институтунда каза болгон жоокердин сөөгү айылына жөнөтүлдү

Azattyk.org 

Аскер институтутун алдындагы бөлүктө кызмат өтөп жүрүп октон каза болгон Сыргак Сабырбековдун сөөгү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлгөндөн кийин Ысык-Көлгө, туулган  айылына жөнөтүлдү. Анын бир тууганынын "Азаттыкка" билдиришинче,  ок чекесине тийген.  Сабырбеков былтыр күзүндө Каракол шаардык аскер комиссариаты аркылуу армияга чакырылган.  Коргоо министрлиги Сабырбеков 18-августта кечинде күзөттө турганда куралы атылып кетип, алган жараатынан ошол жерде жан бергенин билдирген. Бул... Читать дальше...


Музыкальные новости
Концерт

Концерт «Стихи войны и мира. Баллада о своих»





Rss.plus
Кубок

Хоккейный турнир за Кубок Каменского стартовал в Воскресенске




Силовики задержали вместе с 12-м фигурантом дела «Крокуса» Курбоновым его брата

Михаил Кокляев провёл разминку для гостей выставки «Россия»

Выставка к 100-летию художника Юлия Рачёва открылась во Владивостоке

Синоптики спрогнозировали облачную погоду в Москве 28 апреля




Баткенде чакан ГЭСтин биринчи агрегаты курулду

Azattyk.org 

Баткен районунун Кыштут айылында чакан ГЭСтин биринчи агрегатынын курулушу аяктап, сыноодон өткөрүлдү. Биринчи агрегаттын электр энергиясын иштеп чыгуудагы кубаттуулугу 1 мегаватт болот. Бул айылга жалпысынан беш каскаддуу чакан ГЭС 20 агрегат менен курулуп, 10 мегаватт электр энергиясын иштеп чыга турган болот. Жергиликтүү инвестор каржылап жаткан долбоорго жалпы 7 млн. доллар инвестиция салынат. Биринчи каскаддын курулушуна 800 миң АКШ доллары жумшалган. Учурда Кыштут дарыясына эки бассейн... Читать дальше...

Президенттик администрация мамлекеттик органдардын ишин баалайт

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттик администрациянын  башчысы катары коллегия өткөрдү. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда мамлекеттик органдардын ишин баалоо ыкмасы сунушталды. "Анын негизги принциби бирдиктүү жоопкерчилик саналат. Мындан ары тигил же бул иш-чараны аткарууга тартылган мамлекеттик органдар бирдей жоопкерчилик алат. Коллегияда алгач Айыл чарба  жана Энергетика министрлигинин иши каралды. Анда берилген тапшырмалардын, белгиленген пландардын аткарылышы тууралуу маалымат берилди. Читать дальше...

Министр: Соңку окуялар балдардын армияга даяр эместигинин көрүнүшү

Azattyk.org 

18-августтун кечинде Бишкектеги Аскер институтутун бир жоокери октон каза тапты. Бул соңку айлардагы армияда ар кыл жагдайда каза болгон төртүнчү жоокер болуп калды. Бир күн мурун Оштогу аскер бөлүктөрдүн биринде дагы бир аскер белгисиз жагдайда көз жумган эле. Мындай кырдаал коомчулукта тынчсыздануу жаратып, ар кыл суроолорду пайда кылууда. Армиядагы соңку аскердин өлүмү жана жалпы кырдаал жөнүндө «Азаттык» Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов менен учкай маектешти. - Бактыбек мырза... Читать дальше...

"Үмүт жана Ко" фирмасынын ээси ири курал сактоого шек саналып жатат

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) сүт азыктарын чыгарган "Үмүт жана Ко" ишканасынын ээси, А.Ж.Т. аттуу 1970-жылкы жаран мыйзамсыз курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат сактаган деген айып менен кармалганын билдирди. Маалыматка ылайык, анын үйүн жана иштеген жерин тинтүүдө "БРДМ-2" үлгүсүндөгү аскер техникасы, танканын үстүнө орнотулган "Калашников" үлгүсүндөгү пулемет баштаган бир топ курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат алынган. Атайын кызмат тараткан кабарда, кармалган жаран "такай аскер формасын үстүнөн түшүрбөй кийип жүрөрү... Читать дальше...

Чукул кабар: күн сууйт, айрым тоолуу аймактарда кар жаайт

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайыга байланыштуу шашылыш кабар таратты. Ага ылайык, 20-22-август күндөрү абанын табы төмөндөп, айрым аймактарда кар жаашы ыктымалдыгы айтылат. "Чүйдө түнкүсүн 7...12, күндүз 20...25, Таласта түнкүсүн 4...9, күндүз 18...23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 12...17, күндүз 24...29, тоо этектеринде түнкүсүн 7...12⁰, күндүз 21...26, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -3...+2⁰, күндүз 12...17⁰, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 6...11, күндүз 18...23⁰... Читать дальше...

"Эмеректери маянага чегерилген." Талкаланган мамлекеттик мейманкана

Azattyk.org 

Талас шаарындагы "Интурист" мамлекеттик мейманканасынын эшик-терезелери талкаланган абалда турат. Жергиликтүүлөр был жай былтыр эле элди кабыл алып иштеп жатканын билдиришти. Мейманкананын мурдагы жетекчиси эмеректердин айрымдары аларга маяна катары берилип кеткенин айтууда. Шаардык прокуратура бул боюнча эки кылмыш ишин козгоп, учурда тергөө иштери жүрүүдө.



Москва

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: В столице открыт сезон фонтанов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Игорь Бутман

Квинтет Игоря Бутмана и певица Фантине впервые выступят на джазовом фестивале в Бахрейне




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В Москве завершился Кубок России по спортивному программированию

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»


WTA

Вероника Кудерметова завершила выступление на турнире WTA в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Блогер на BMW столкнулся с авто и влетел в столб у «Москва-Сити»



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России