Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Август
2022

Новости за 03.08.2022

Ирандын өзөктүк программа боюнча өкүлү сүйлөшүү үчүн Венага кайтып барды

Azattyk.org 

Тегерандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдө Ирандын делегациясынын башчысы Али Багери Кани бул багытта сүйлөшүүлөрдү жандантуу үчүн кайрадан Венага кайтып барды. Жараян акыркы жолу Австриянын борборунда мартта болгон жана ошондон бери токтоп турган. Ирандын Тышкы иштер министрлиги 3-августта тараткан билдирүүсүндө сүйлөшүүлөрдү Европа Биримдиги координация кыларын, “тараптар сунуштаган идеялар талкууланарын” билдирди. Расмий Тегеран макулдашуу кабыл алынганга чейин өзүнүн атомдук станцияларындагы... Читать дальше...

Кыргызстанда коронавирус күчөшү ыктымалдыгы талкууланды

Azattyk.org 

Коронавирус инфекциясы менен күрөш боюнча ыкчам штабдын бүгүн, 3-августтагы жыйынында республикадагы абал жана элди эмдөө маселеси талкууланды. Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов өткөргөн жыйында вирустан ооругандардын саны азайууда деп айтылган. Саламаттык сактоо министрлиги ошону менен катар жарандарга эл көп топтолгон жерлерде беткап тагынууну сунуштады. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча жакынкы айларда дүйнө мамлекеттери SARS-CoV-2 себепчи болгон бир... Читать дальше...

Орунбековдун кызматка дайындалышы талкууга түштү

Azattyk.org 

Президенттик администрациянын маалымат кызматын эми журналист Дайырбек Орунбеков башкарат. Буга чейин ар кандай саясий топтор менен кызматташып жүргөн Орунбековдун жооптуу кызматка дайындалышын коомчулук кызуу талкуулап жатат. Маалыматтык саясатты күчөтүү аракетиби? 3-августта президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчылыгына Дайырбек Орунбеков дайындалды. Бул кызматты ээлеген Алтынбек Жумаев иштен бошотулуп, президентке кеңешчи болду. Анын кызматтан алынганынын расмий себеби айтылган жок. Читать дальше...



Азербайжандын Тоолуу Карабак аймагында кайрадан ок атышуу болду

Azattyk.org 

Азербайжандын Тоолуу Карабак жикчил аймагында 3-августта атышуу катталды. Баку менен жикчилдер бири-бирин айыптады. Азербайжандын Коргоо министрлиги орусиялык тынчтык орнотуучу күчтөрдүн көзөмөлүндө турган аймактагы азери аскерлерин Армениянын күчтөрү аткылаганын, андан бир жоокери өлгөнүн билдирди. Тоолуу Карабактагы этникалык армяндар өз кезегинде Азербайжанды ок атууну токтотуу режимин одоно бузган деп айыптап, учкучсуз учактар жана гранатометтор менен аткылаганын маалымдады. Натыйжада армян тектүү бир аскер өлгөнү... Читать дальше...

Азимбек Бекназаров Кумтөр келишиминде Кыргызстан утулганын билдирди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Малайзиядагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Азимбек Бекназаров Кумтөр кени боюнча жаңы келишимде кыргыз өкмөтү утулганын билдирди. Бул тууралуу ал 3-августта жергиликтүү медиалардын бирине берген интервьюсунда айтты. «Эң аянычтуусу, «уттук» деп жаткан жаңы келишим менен, «Кумтөр» алтын кениндеги «коррупцияны жана коррупционерлерди» өздөрүнүн колу менен легалдаштырып, чекит коюлганы болуп жатат», - деген Бекназаров. Азимбек Бекназаров Кыргызстан «Центеррага» же башка кимдир-бирөөгө... Читать дальше...

Өзбек жарандары Оштогу таксисттердин өкүмзордугуна нааразы

Azattyk.org 

Өзбекстандын айрым жарандары Оштогу такси айдоочуларынын айынан кыргыз бийлигине кайрылып, алардын өкүмзордугуна даттанышты. Телеграм каналдарга 2-августта жарыяланган кайрылууда, Орусиядан "Ош" эл аралык аэрпортуна учуп, андан ары Өзбекстанга кетчү жарандарды аэропорттогу такси айдоочулары зордоп машинесине салып, чек арага чейинки беш-алты чакырым жерге ар бир кишиден 500 сомдон алып жатканы айтылат. "Өзбекстандык мусаапырлар акчасын аяп, Ош аэропорту аркылуу келип жатышат. Ал жерде өзүнчө... Читать дальше...

Тайванды сүйүнткөн, Бээжинди ызаланткан сапар

Azattyk.org 

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Вашингтон Тайвандагы демократияны колдой турганын билдирди. Расмий Бээжин Пелосинин Тайбэйге сапарына каршылыгын билдирип, арал тарапта аскердик машыгууларды баштарын жарыялады. Нэнси Пелоси Кытайдын каршылыгына карабай, Вашингтон Тайванды колдоодон баш тартпай турганын билдирди. Спикер бул тууралуу 3-августта Тайвандын президенти Цай Инвень менен жолугуп жатып айтты. "Бүгүн дүйнө демократия менен автократиянын ортосундагы тандоодо турат. Читать дальше...

Балыкчы шаарында ЖККУнун биргелешкен машыгуусу башталды

Azattyk.org 

Бүгүн - 3-августта Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы “Эдельвейс” аскер полигонунда Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин Ыкчам аракеттенүү күчтөрүнүн машыгуусу башталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымдашты. “Кобальт - 2022” деп аталган атайын-тактикалык машыгуунун негизги максаты мүчө мамлекеттерин ортосунда кылмыштуулукка каршы күрөштө күч түзүмдөрүнүн тыгыз кызматташтыгын бекемдөө. Буга чейин дагы мындай машыгуулар ЖККУга мүчө мамлекеттердин аймактарында уюштурулуп келген. Читать дальше...



Британияда хакердик коркунучтан улам премьер-министрди шайлоо артка жылды

Azattyk.org 

Улуу Британияда хакердик чабуул коркунучунан улам Консервативдик партиянын лидерин шайлоо артка жылдырылды жана добуш берүү процедурасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу The Telegraph басылмасы кабарлады. Жайдын аягына чейин келечектеги лидерди тандаган улуттук добуш берүү өтүшү керек эле. Анда Консервативдик партияга тиешеси бар бардык британиялыктар – дээрлик 200 миң киши добуш берет. Партиянын жаңы лидери премьер-министрлик кызматты да кошо аркалайт. Баштапкы планга ылайык, партиянын мүчөлөрү электрондук... Читать дальше...

Кадамжайда тамакка уулангандардын саны 108 адамга жетти

Azattyk.org 

Кадамжай районунда тамак-ашка уулангандардын саны 108 адамга жеткенин Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык алардын жыйырма үчү ооруканада жатат, ичинде эки бала да бар. 30-июлда "Алмаз" кафесиндеги тойго барган 250 кишинин көбү ууланган. Алгач 48 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Көбү кусуп, дене табы көтөрүлүп, ичи өтүп, өздөрүн алсыз сезишкен. Сурамжылоо маалында алар тойдо камыры бар суюк тамактан бир жытты сезишкенин... Читать дальше...

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол келишимине сентябрда кол коюлат

Azattyk.org 

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча келишимге Шанхай кызматташтык уюмунун сентябрда өтө турган саммитинде кол коюлат. Бул тууралуу Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норов журналисттерге билдирди. Анын айтымында, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даяр болуп калды. Сентябрда бардык даярдык иштери аяктап калат, ал эми ШКУнун Самаркандда өтө турган мамлекет башчыларынын жыйынында ага үч президент кол коёт. Бул долбоордун ишке ашуусу менен Кытай товарларын Европага ташууга жол ачылат. Читать дальше...

Пелоси АКШ Тайвандагы демократияны колдой турганын айтты

Azattyk.org 

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси иш сапарынын алкагында 3-августта Тайвандын президенти Цай Инвэнь менен жолукту. Ал анда Кытайдын Тайванды өзүнүн аймагы катары көрөрүнө карабай  Вашингтон аралдын өз алдынчалуулугун колдой турганын айтты. “Дүйнө бүгүн демократия менен автократиянын ортосунда тандоодо турат. Ушундай шартта Американын 23 миллиондук тайвандыктар менен тилектештиги өтө маанилүү. АКШ Тайванда жана дүйнөдө демократияны сактап калуу чечкиндүүлүгүнөн кайтпайт”,-... Читать дальше...

4-августта айрым аймактарда өткүн өтөт

Azattyk.org 

Кыргызгидромет кызматы 4-августка караган түнү Чүй, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтө турганын кабарлады. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын айрым райондорунда, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жерлеринде жамгыр жаайт. Батыш тараптан жел согуп турат. Ысык-Көл, Нарын  облустарынын кээ бир райондорунда  ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал болот. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14...19, күндүз 28...33... Читать дальше...

Жакшылык: Блогерлерге ишенбегиле

Azattyk.org 

Чикагодогу "Кыргыз биримдиги" клубунун координаторлорунун бири Жакшылык Мурат жарандарды мыйзамдуу жолдор менен, ошол өлкөнүн тилин, мыйзамын билип барууга чакырууда.

Ысык-Көлдө кичи автобус кырсыкка кабылып, эки адам каза болду

Azattyk.org 

Балыкчы – Ананьево – Каракол жолунда 3-август күнкү автокырсыкта эки киши каза тапты.  Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, окуя эртең менен саат 7:40да Кызыл-Өрүк жана Тору-Айгыр айылдарынын ортосунда болгон.  Баштапкы маалыматтарга караганда, Mitsubishi унаасын айдап бараткан айдоочу карама-каршы тилкеге чыгып кетип, Mercedes-Benz Sprinter кичи автобусу менен кагылышкан.  "Коопсуз шаар" камераларынын маалыматы боюнча, Mitsubishi соңку 15 саат ичинде Бишкектен Ысык-Көлгө эки жолу барып келген. Читать дальше...

Нэнси Пелосинин Тайванга сапары. Кыргызстандагы реакция

Azattyk.org 

Кытайдын бийлигинин эскертүүлөрүнө карабай АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга иш сапар менен барды. Flightradar24 сайтынын маалыматына ылайык, америкалык жогорку аткаминердин учагы 2-августта Малайзиянын Куала-Лумпурдан учкан. Учак Индонезиянын, Филиппиндин аба мейкиндигинен өтүп, Тайвандын борбору Тайбэй шаарына конгон. Мунун алдында аталган сайт бир нече убакытка иштебей калган.   АКШнын Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси буга чейин Азия чөлкөмүндөгү Сингапур... Читать дальше...

Президенттик админстрациянын Маалыматтык саясат кызматын Дайырбек Орунбеков жетектейт

Azattyk.org 

Президенттик админстрациянын Маалыматтык саясат кызматынын башчылыгына Дайырбек Орунбеков дайындалды. Бул тууралуу 3-августта "Азаттыкка" расмий кабарланды.  Аталган кызматты буга чейин жетектеген Алтынбек Жумаев иштен бошотулуп, президентке кеңешчи болду. 35 жаштагы Дайырбек Орунбеков а дегенде журналист катары таанылган. Кийинчерээк мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кескин сындаган жарандык активист катары белгилүү боло баштаган. 2015-жылы сот аны моралдык зыян үчүн Атамбаевге 2 млн. сом доо төлөөгө милдеттендирген. Читать дальше...

"Бишкек" эркин экономикалык аймагын сындаган ишкер сурак берди

Azattyk.org 

"Бишкек" эркин экономикалык аймагындагы "мыйзамсыз иштер" жөнүндө айтып чыккан ишкер Илгиз Шаменов Улуттук коопсуздук комитетине чакырылды. Шаменов 2-август күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине сурак берип чыкты. Буга анын 28-июлдагы социалдык тармакта түз эфирге чыгып "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын (ЭЭА) 26 субъектиси "мамлекеттик жеңилдиктер жана артыкчылыктар берилген реестрге мыйзамсыз кирип алган" деп айтканы себеп болгон. "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын ичинде жүздөгөн компания бар. Читать дальше...


Музыкальные новости
Александр Розенбаум

«Это не бомжовые заведения»: 72-летний Александр Розенбаум зарабатывает миллионы на пивном бизнесе





Rss.plus
Россия

«Регионы России – инвестиционный рай для коворкингов»: экспертное мнение Сергея Потанина, основателя сети коворкингов BLOKS




Глава Люберец поздравил боксера с победой

В Королеве стартовал сезон фонтанов

В Москве арестован бывший подчиненный замминистра обороны Иванова

Суд арестовал бывшего подчиненного экс-замглавы Минобороны Иванова за растрату




Казакстан: саясий туткундардын тизмеси узарды

Azattyk.org 

Казакстандын жана эл аралык укук коргоо уюмдарынын маалыматы боюнча, 2022-жылдын Январь окуясынан кийин өлкөдө саясий туткундардын саны кескин көбөйдү. Ушул тапта болжолдуу тизмеде 140 кишинин аты-жөнү бар жана ал дагы узарышы мүмкүн. Өткөн жылдын аягында эле саясий туткундардын тизмесинде 12 адам бар болчу. Январь окуясынан кийин саясий себептер менен куугунтукка алынгандар 11 эсеге көбөйдү. “Активисттер экстремист эмес” укук коргоо уюмдарынын коалициясынын (ред: анын курамына жети казакстандык жана эки эл аралык уюм кирет) эсеби боюнча... Читать дальше...

Өзбекстандыктар Оштогу такси айдоочуларынын айынан кыргыз бийлигине кайрылышты

Azattyk.org 

Өзбекстандын айрым жарандары Оштогу такси айдоочуларынын айынан кыргыз бийлигине кайрылып, алардын өкүмзордугуна даттанышты. Телеграм каналдарга 2-августта жарыяланган кайрылууда Орусиядан Ош эл аралык аэрпортуна учуп, андан ары Өзбекстанга кетүүнү көздөгөн жарандарды аэропорттогу такси айдоочулары зордоп унаасына салып, чек арага чейинки 5-6 км жерге ар бир кишиден 500 сомдон алып жатканы айтылат. Буга чейин да "Азаттыкка" өзбекстандык жарандар кайрылып, кээ бирлери 5000 сомдой акчасын таксиге төлөгөнгө мажбур болушканын билдиришкен. Читать дальше...

Алтынбек Жумаев кызматтан бошотулуп, президентке кеңешчи болду

Azattyk.org 

Алтынбек Жумаев Президенттик админстрациянын Маалыматтык саясат кызматынын башчылыгынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 3-августта кол койду. Мамлекет башчысынын ушул күнкү дагы бир жарлыгы менен Жумаев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Алтынбек Жумаев аталган кызматты жетектөөгө 2021-жылдын 28-декабрында дайындалган. Ага чейин "7-канал" телеканалын башкарган. (SE)

Араб координациялык тобуна 13 долбоорду каржылоо сунушталууда

Azattyk.org 

Араб координациялык тобунун Чолпон-Атада өтүп жаткан төртүнчү жыйынында Кыргызстанда ишке ашырыла турган 13 долбоорду каржылоо маселеси каралууда. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, сунушталган инфраструктуралык долбоорлор колдоого алынса, каражаттар төмөнкү тармактарга жумшалат: - ипотекалык насыялоо; - транспорт; - саламаттыкты сактоо; - ирригация; - билим берүү; - байланыш тармагы. 3-августта башталган жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орунбасары... Читать дальше...

Тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

Azattyk.org 

Кыргызгидромет кызматы 3-4-августта нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2-августта Ноокат, Кара-Кулжа, Ысык-Көл, Кадамжай, Баткен райондорунда жамгырдан кийин сел жүрүп, ички жолдорго зыян келтиргенин маалымдады. Жети-Өгүз районундагы Жаргылчак, Кичи-Жаргылчак айылдарынын жолдорун суу каптаганы тууралуу видеолор интернетке тарады.  30-июлда жаандан кийинки селден улам үч облусту бириктирүүчү Боом... Читать дальше...



Москва

Подмосковные проекты победили в Международном профессиональном конкурсе НОПРИЗ на лучший проект – 2023


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: в Москве начался сезон фонтанов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Юрий Лоза

Юрий Лоза объяснил, почему Чулпан Хаматова критикует Россию




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»

Команда Орловской области стала победителем хоккейного турнира среди команд Черноземья


WTA

Потапова проиграла Фернандес во втором круге турнира WTA в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России