Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2022

Кумтөр: жылдык отчет, купуя келишим

0
Кумтөр: жылдык отчет, купуя келишим

25-мартта "Кумтөр" ишканасы 2021-жылдагы ишинин отчётун жарыялап, былтыр кенден 251 млн. доллардан ашуун таза киреше алынганын айтты. Ошол эле күнү Министрлер кабинети “канадалык Centerra Gold компаниясы менен кыргыз тараптын ортосундагы өз ара дооматтарды жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомун чыгарды. Документте эки тараптын келишиминин мазмуну бекитилип, өкмөт башчы Акылбек Жапаровго кол коюу укугу берилген.

“Кумтөр" ишканасынын 25-мартта жарыялаган отчётунда 2021-жылы алтын сатуудан түшкөн жалпы киреше 856 млн. доллар болгону, анын ичинен бардык төлөмдөрдү төлөгөндөн кийин калган таза киреше 251,3 млн. долларга жеткени айтылган. 2021-жылы Кумтөр кенинен 14,7 тонна алтын казып алынган.

“Кумтөр Голд Компани” былтыр өлкө бюджетине салык жана башка төлөмдөрдүн алкагында 160,3 млн. доллар төккөн. Отчетто бул сумма пландалган көрсөткүчтөн 53,1 млн. долларга же 50,7% көп деп жазылган.

Министрлер кабинети 2022-жылга мындан да дымактуу план коюп жатат. Бул тууралуу өкмөт башчы Акылбек Жапаров 22-мартта билдирди.

“Биз Кумтөрдү алганда анын эсебинде болгону 48 миң доллар бар эле. Жыл аягында таза киреше 220 млн. доллар болду. Бул жылы биз 500 млн. доллар таза кирешени күтүп жатабыз. Бул - алтындын унцийин 1829 доллар менен эсептегендеги сумма, бүгүн ал 2000 долларга жетип калды. Андыктан, бизде экономиканын “Кумтөр” деп аталган кыймылдаткычы, кыргыз элине таандык алтыны бар”.

Канадалык Centerra Gold компаниясы башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алган.

Компаниянын жыл жыйынтыгын камтыган маалыматында мөңгүнү иштетүүнүн көлөмү 2020-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге кыскарганы белгиленген. 2021-жылдын жайында алтын өндүрүү фабрикасына техникалык сууну берүүнүн көлөмү 80-85% көбөйтүлүп, Петров көлүндөгү мөңгү суусун керектөөнү азайткан.

Жарандык активист, Centerra Gold компаниясын сотко берип 3 млрд. доллардан ашуун доону утуп алган топтун мүчөсү Наристе Калчаев “Кумтөр Голд” компаниясынын жарыялаган маалыматтарынын чындыгынан күмөн санап жатканын билдирди.

“Биз канадалык компанияны экологияны бузуп жатасыңар деп кууп чыгып жатып, аны өзүбүз уланта турган болсок туура эмес болот деген жүйө келтирип айткам. Азыркы убакта эч кандай өзгөрүү болгон жок. Мурда иш кандай жүрүп жатса, азыр деле ошондой. Мөңгүлөр талкаланып жатат, жер астынан казуу жүргөн жок. Сууну заводдо кайра иштетүү каралган эле, ал да ишке ашкан жок. Мен акыркы жолу сураганда долбоорун көрсөтө алышпады”.

Ал арада Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жылдын 25-мартында “Канадалык Centerra Gold компаниясы менен кыргыз тараптын ортосундагы өз ара дооматтарды жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомун чыгарды. Токтом Centerra Gold компаниясы менен макулдашуунун текстин бекитип, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кол коюу укугун берет.

Токтомдун жоболорун Министрлер кабинетинин аппаратынын өкүлү Алтынай Мураталиева мындайча түшүндүрдү.

“Биринчи, “Кыргыз Республикасы менен канадалык Centerra Gold Ink компаниясынын ортосундагы өз ара дооматтарды глобалдык жөнгө салуу жөнүндө” макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын. Экинчи, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы А.Жапаровго “Кыргыз Республикасы менен канадалык Centerra Gold компаниясынын ортосундагы глобалдуу дооматтарды жөнгө салуу жөнүндө” макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга укук берилсин. Үчүнчү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары “Кыргызстан менен канадалык Centerra Gold компаниясынын ортосундагы өз ара дооматтарды глобалдуу жөнгө салуу жөнүндө” макулдашууну ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн”.

Министрлер кабинети 2022-жылдын 4-мартында “Кыргыз тарап менен канадалык Centerra Gold компаниясынын ортосундагы өз ара дооматтарын жөнгө салуунун шарттары жана форматы жөнүндө” токтом чыгарып, 9-мартта Жогорку Кеңеш аны №119 токтому менен жактырган. 14-мартта президент Садыр Жапаров “Кыргыз тараптын жана канадалык Centerra Gold компаниясынын ортосундагы өз ара дооматтарды жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын чыгарган. Парламент 26-мартта бул маселени жабык эшик артында караган. Жогорку Кеңештин депутаты, Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча парламенттик комитеттин мүчөсү Исхак Масалиев токтомду талкуулаганда депутаттар келишим менен тааныштырылбаганын билдирди.

“Токтомдо мындай, сүйлөшүүлөрдүн негизги багыттары жана талаптары деген принциптерге макулдук бердик. Жыйынды жабык өткөрүп, бизге жарым саат кагаздарды көрсөтүп, кайра жыйнап кетишти. Сүйлөшүүлөрдүн негизги багыттары жана жолдорун бекитип бердик. Болгону ошол. Негизи, келишимди биз көргөн жокпуз, бизге көргөзгөн жок”.

Жарандык активист Наристе Калчаев өкмөттүн Centerra Gold менен келишимге барышына макул эместигин билдирди.

“Эгер экологиялык чыгымдарды киргизбей, алып салган болсо, анда утулабыз. Бул жерде 3,5 млрд. өтө чоң сумма. Бул 3 млн. сом эмес, доллар менен эсептегенде 3 млрд. доллар. Ошол акчаны келишимге киргизбей коюунун бирден-бир себеби эмнеде экенин түшүндүрүшсүн. Убактылуу башкаруу киргизип жатканда Тенгиз Бөлтүрүк менен Акылбек Жапаровдор бизге “ар бир тыйынын эсептеп, төлөп бүтмөйүнчө сүйлөшүү жүрбөйт” деп айткан. Жогорку Кеңеште да ушундай сөз беришкен. Бирок, биз Жогорку соттон утуп аягына чыга электе эле булар сүйлөшүүгө барды. Анын үстүнө, ачык эмес, баары жабык эшик артында болуп, элге дагы эч нерсе айтпай жатышат. Бул жерде өтө одоно ката кетирип атышат”.

2021-жылдын 7-майында Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту төрт жарандын “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомуна койгон доосун канааттандырып, компанияны келтирген экологиялык зыяны үчүн мамлекетке 263 млрд. сом төлөөгө милдеттендирген. Андан бир күн мурда парламент тоо-кен компанияларына тышкы башкаруу киргизүү мүмкүнчүлүгүн берген мыйзам долбоорун бир күндө үч окуудан кабыл алган. 12-майда Кумтөрдүн ишин иликтеген мамлекеттик комиссия алгачкы жыйынтыгын чыгарган.

14-майда президент тышкы башкаруу киргизүү жөнүндө мыйзамга кол коюп, 18-майда Тенгиз Бөлтүрүк Кумтөргө тышкы башкаруучу болуп дайындалган.





Губернаторы России
Москва

Московские медики окажут помощь пострадавшим в Белгороде - Собянин





Москва

Сценарии для любого торжества, праздника, корпоратива - квесты, ролевые игры, конкурсы. Ищем авторов сценариев.


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин. Главное за день



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Юрий Лоза

Певец Юрий Лоза обвинил в убийстве Владислава Листьева «финансовых воротил»




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Независимый фантастический триллер из девяностых

Врио губернатора Хабаровского края назначили 1-го вице-губернатора Александра Никитина

"Зенит" в Москве обыграл ЦСКА и сравнял счет в серии


Новак Джокович

Теннисист Джокович раздавал автографы в шлеме после попадания бутылкой в голову



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Начало мая в европейской части РФ стало самым холодным за всю историю



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России