Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2022

Балыкчы-Кочкор темир жолу курулат

0
Балыкчы-Кочкор темир жолу курулат

Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушунун башталышына старт берилди. Президент Садыр Жапаров “башталган иш аягына чыгарын” убадалап, темир жолду төшөө бара-бара андан ары уланып, Макмал аркылуу Жалал-Абадга жетип, өлкөнүн түндүк-түштүк бөлүгүн бириктириши керектигин айтты.

Балыкчы менен Кара-Кече көмүр кенин байланыштырган темир жолду курууга даярдык башталганы өткөн аптада жарыяланган. Президент Жапаров темир жолду бир-эки жыл аралыгында Кочкорго жеткирип, андан ары Кара-Кечеге чейин куруу планы бар экенин билдирди:

"30 жыл ичинде республикабызда бир метр темир жол курмак түгүл, тескерисинче 42 километр жолубузду жоготуптурбуз. Албетте, өкүнүчтүү. Эми кайра узарта баштадык. Келечекте Кара-Кечеден ары Макмалга жана Жалал-Абадга жеткирип, бириктиребиз. Ошентип, түндүк-түштүк темир жолун ачабыз".

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы азыркы тапта долбоордун биринчи этабы саналган “Балыкчы-Кочкор” бөлүгүнүн курулушун баштоо үчүн маршруттун баштапкы тилкесинде жер казылып, шагыл төгүлүп, темир, бетон төшөлүп жатканынын кабарлаган.

Бул жолдун узундугу 63 чакырымды түзөт. Ал эми темир жолдун жалпы узундугу, тагыраак айтканда Балыкчыдан Кара-Кечеге чейин 186 чакырым.

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын жол чарба бөлүмүнүн башчысынын орун басары Чыныбек Турдиев өткөн аптада курулушту баштоо үчүн бардык даярдыктар жүрүп жатканын билдирген.

"Темир жолго керектөөчү темир-бетон шпалдары Бишкекте өндүрүлөт. Ал эми бул фосло аттуу тетиктерди болсо Германиядан алып келгенбиз. Рельстерди болсо Орусиядан ташып келип жатабыз".

Өкмөт бул долбоордун баасы канча экенин жана ал кайсы булактардан каржыларын азырынча ачык айта элек.

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын маалымат катчысы Дайырбек Орунбеков бул маалыматтар кийинки аптада темир жолдун курулушу расмий башталган учурда жарыяланарын билдирген.

Темир жолдун баасы канча турат?

Бирок кыргыз өкмөтү Балыкчы-Кара-Кече темир жолун "Кыргыз темир жолу" ишканасынын тапкан пайдасынын эсебинен курууну мерчемдеп келген. Бул максатта февраль айында атайын токтом чыгарып, мамлекеттик ишкана тапкан пайданын тең жарымын дал ушул долбоорго жумшоону көздөгөн.

Былтыр президент Садыр Жапаров "Кыргыз темир жолу" ишканасы 1 миллиард 600 миллион сом таза киреше тапканын жарыялаган. Эгерде өкмөттүн токтомун эске алсак, быйыл Балыкчы-Кара-Кече жолуна 800 миллион сом же азыркы курс менен эсептегенде 10 миллион долларга жакын каражат жумшалышы мүмкүн.

2015-жылы Балыкчы-Кара-Кече темир жолунун техника-экономикалык негиздемесин жаңырткан Казакстандын "Транспроект-К" ишканасы долбоордун бир чакырымынын баасын 5,2 миллион доллар деп баалаган. Ал эми жалпы баасы 967 миллион долларга жетиши мүмкүн.

Ал эми 2019-жылы орусиялык "Экономика жана транспортту өнүктүрүү институту" аталган мекеме темир жолдун 1 чакырымы 5,3 миллион доллар болот деп эсептеп берген. Былтыр жыл башында болсо "Кыргыз темир жолу" Кытайдын China Railway ишканасы менен сөз болуп жаткан темир жолду куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү расмий кабарланган.

Бир нече жыл темир жол тармагында иштеген, Бишкек шаардык кеңешинин экс-депутаты Эрнис Докенов азыркы тапта темир жолдун курулушунун баасы боюнча бир нече эсеп-кысып жүргүзүлгөнүн билдирди:

"Бир топ эле каражат кетет. Буга чейин бул долбоордун ар бир чакырым 4,5 миллион доллар деп эсептелгени тууралуу маалымат чыккан. Бул боюнча сүйлөшүүлөр Сооронбай Жээнбеков бийликте турган учурда да жүргүзүлүп, ушул маалыматтар чыккан. Азыр болсо "Кыргыз темир жолунун" өз каражатына деген маалыматтар чыгып атат".

Темир жолду куруунун баасын эске алганда, "Кыргыз темир жолу" ишканасынын каражаты менен бул курулуш узак жылдарга созулушу мүмкүн. Бирок, президенттин "эки-үч жыл аралыгында темир жолду куруп бүтөбүз" деген сөзүн эске алганда кошумча каржы булактары табылышы да ыктымал.

Ошентсе да, баасы дээрлик 1 миллиард долларды түзгөн долбоорду ички каражат менен ишке ашыруу абдан оор экенин айткандар болууда. Бул каражат өлкө бюджетинин төрттөн бирин түзөт.

Андыктан учурда бийлик ишке ашырууга белсенип жаткан темир жол буга чейин убада кылынган көп долбоордун бири болбойбу деген кооптонуу арбын.

Бул эмне үчүн маанилүү?

Балыкчы- Кочкор-Кара-Кече темир жолу курулуп бүтсө, өлкөдөгү эң ири көмүр кенинен "кара алтынды" түндүк аймактарга ташуу кыйла жеңилдейт. Бул кенде 312 миллион тоннадан ашык көмүр кору бар. Жыл сайын кара жол менен көмүр ташуу кыйла түйшүк жаратып келген.

Буга кошумча Нарын облусунун аймагы темир жол менен туташтырылат. Негизи Балыкчы-Кара-Кече темир жолун куруу боюнча демилгеси Кыргызстан эгемендик алгандан тарта эле көтөрүлүп келет. 2000-жылдардын башында бул долбоорду куруу боюнча марафон өтүп, жалпы элден каражат чогултулган. Андан бери ар келген бийлик темир жолду куруу боюнча демилге көтөрүп, бирок ал ишке ашкан эмес.





Губернаторы России
Москва

Сергей Собянин. Главное за день





Москва

Лунный свет в ваших волосах: Как выбрать благоприятные дни для стрижки в мае


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин объявил о начале сборки «Москвича» по технологии полного цикла



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Бато Багдаев

В День Пушкина театр кукол «Ульгэр» в райцентре Бурятии: Россия, Культура, Дети




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Собянин рассказал о ходе строительства Троицкой линии метро

"Зенит" в Москве обыграл ЦСКА и сравнял счет в серии

Турнир по бильярдному спорту «Кубок Мэра Москвы» продлится до 18 мая в столице


WTA

Потапова проиграла Остапенко во втором круге турнира WTA 1000



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

В филиалах АО «Желдорреммаш» прошли памятные мероприятия к 9 Мая



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России