Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Апрель
2022

Чек ара чатагында машинесин жоготкондор бийликке кайрылды

0
Чек ара чатагында машинесин жоготкондор бийликке кайрылды

Былтыркы чек ара чатагында уурдалган жүк ташуучу машинесин Тажикстандан кайтара албаган үй-бүлө бийликке кайрылды. Камакта калтырылган жергиликтүү жетекчилердин сот жараянына нараазы болгон жакындары Садыр Жапаровдон акыйкаттык талап кылды. Дагы башка сунуш-пикирлер “Эл үнү” берүүсүнүн кезектеги чыгарылышында.

"Насыяга алган машинебиздин акчасын төлөп жатабыз"

“Азаттыкка” былтыр апрель, май айларындагы кыргыз-тажик чек ара чатагында техникасын жоготкон Сыймык Эмилбеков кайрылган. Ал насыя акчага алынган оор жүк ташуучу автоунаасы Тажикстан тарапка уурдалып кеткенден бери атасы экөө Москва шаарында иштеп жүргөнүн, бир жыл болуп калса да техника кайтарыла электигин айтууда.

"Биз банктан алынган насыяны ошол жүк машинебиз менен иштеп төлөчүбүз. Бир жылдан бери банк да шаштыбызды ала баштады. Учурда атам экөөбүз Москвада ар кайсыл жумушта иштеп атабыз, тапкан каражатыбыз муктаждыкты толугу менен жаппайт. Мамлекет же техникабызды кайтарып бере албаса же насыяны жеңилдеткенге көмөк кыла албаса... 1 миллион сомдук насыяны мындан төрт жыл мурда алган элек. Биз баарыбыз Орусияда болгонубуз үчүн, Баткенге же Бишкекке барып бийликтен улам талап кыла албайбыз. Машинебиздин үлгүсү - DAF, номуру - B 8153 AO. Биз өкмөттөн автоунааларыбызды тезирээк чыгарып берүүсүн суранабыз."

Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов кошуна өлкөнүн тургундары алып кирип кеткен техника боюнча “Азаттыкка” жооп берди. Ал эки тараптуу ар бир жолугушууда автоунаалар боюнча сунуш айтылып жатканын белдирди. Уурдалган техника боюнча Тажикстандын Гафуров районунун жетекчилигине да бир нече кат жолдонгонун белгилеген аким, жакын арада айрым автоунаалар кайтарылып калышы мүмкүндүгүн кошумчалады.

"Биз Тажикстандын Гафуров районуну акими менен 14-15 жолугушуу өткөргөн болсок, анын баарында ушул маселени козгоп келе жатабыз. 12-марттагы акыркы жолу өткөн жолугушууда да сүйлөшкөнбүз. Губернатор өзү жеке бул маселенин үстүнөн иштеп жатат. Тажик тарап бул чечиле турган маселе, чыгарып беребиз деп ишендирип жатат. Менимче, маселе чечиле турган стадиясына келип калды.”

Рахманкуловдун айтымында, куралдуу кагылышта Тажикстан тарапка тогуз жүк ташуучу машине, 42 жеңил автоунаа жана 509 бодо мал кирип кеткен. Алардын бири да кайтарыла элек.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында былтыр 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө жаш бала. 180ден ашуун киши жаракат алган.

Жалпы 136 үй, бир нече мектеп, бала бакча жана башка социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланган.

Тажик тараптан 19 киши өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.

"Эл үнү" уктуруусун радио версиясын бул жерден тыңдай аласыз:

"Акыйкаттык издеп жүрөбүз"

Москва шаарынан Айымпаша Жалилова байланышка чыккан. Мекендешибиз 24-мартта кармалган иниси, Бешкент айыл аймагынын башчысы Бекжан Жалиловго жана Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Саатбек Эгембердиевге карата кылмыш иши негизсиз козголуп, сот жараяны да укук бузуулар менен коштолуп жатат деп эсептейт.

Жалилова жемкорлук, мамлекеттик мүлккө доо кетирүүнү ачык айтып чыккан адамдарды колдоону өтүнүп, бийликке кайрылды:

"Сот жараяны 3-апрелде Лейлекте өтүшү керек болчу. Эч кимге айтпай эле 29-март күнү аларды Баткен районуна алып кетиптир. Муну биз башка булактардан угуп отурабыз. Эмнеге Баткенге алып кетиптир деп ойлонгуча, кармалгандар Кадамжайда экен деген кабарды уктук. Бул эмнеси? Эмнеге жараян ачык жүрбөй жатат? Адвокат тергөөчү менен эч байланыша албай койду. Кармалган иним менен эч байланыштырбай жатат. Бир туугандары менен жүз көрүштүрүү бул жакта калсын, сүйлөштүрбөй коюшту. Мамлекет жемкорлукту, мыйзам бузууларды ачык айтып чыккан Бекжан Жалилов менен Саатбек Эгембердиевди колдоонун ордуна буларды камап, ал эми суракка алына турган адамдар ээн-эркин Бишкекте президенттин, депутаттардын эшигин каккылап жүрүшөт. Биз 25-марттан бери бийликке, башкы прокуратурага кат жолдоп атабыз. Буга чейин президент өзү айтпады беле, кимде-ким коррупцияны, мыйзам бузууларды ачык айтып чыкса сыйлык бериш керек деп. Эмне кылышты билбей калдык. Айылда эл дагы ушундай боло берсе Бишкекке чейин барабыз деп атышат".

Лейлек райондук соту 1-апрелде Бешкент айыл өкмөтүнүнүн башчысы Бекжан Жалиловду жана Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Саатбек Эгембердиевди камакта калтырды.

Тергөө тобу аларды "социалдык обьектилерди курууда 1 миллион 20 миң сом каражатты кымырып алган" деп айыптап, "Коррупция" беренеси менен кармаган.

Кармалган жергиликтүү жетекчилердин тарапташтары 25-марттан бери аларды бошотуу талабы менен митинг өткөрүп жатышат.

Башкы прокуратура Жаңы-Жер айыл аймагы боюнча иш кайсы берененин негизинде козголгону, иликтөө кандай жүрүп жатканы тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.

Бул окуя иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаковдун Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү жер бөлүштүрүүдөгү мыйзам бузуу боюнча видеосу жарыялаганда жанданган. Анда мурдагы жергиликтүү жетекчилер жер бөлүштүрүүдө алешемдикке жол бергени, аларды облустук прокуратуранын кызматкерлери калкалаганы баяндалган.

"Сүттүн баасын ортомчулар арзандатты"

Чүйдүн Москва районунуна караштуу Беловодский айылынан Жамал Нурдөөлөтова элден сүт топтогон ишканалар бааны түшүрүп жатканын айтат. Ал жем, чөптүн баасы асмандап жаткан маалда, мал багуу оорлоп кеткенин айтат:

"Биздин тиричилигибиз мал менен. Уй саап, сүт өткөрөбүз. Жемдин баасы өткөн базарда 30 сомго чыгып кетти. Чөп 450 сомдон. Сүттү кышында 42-43 сомдон өткөрүп жаттык эле. Акыркы жумаларда бааны эки сомдон түшүрүп отуруп таптакыр пайда таппагыдай кылып салды. Дүкөндөрдө болсо сүттүн баасы тескерисинче өсүп эле жатат. Айрандын баасы да кыйла өстү. Эмне үчүн анда бизден кайра арзан алышат? Жок дегенде 40 сомдон алышса жакшы болмок".

Бул кайрылуу түшкөндөн көп өтпөй эле Беловодский айылынын тургундарынын демилгеси менен сүт кабыл алган компаниянын жетекчилиги менен жолугушуу өтүп, анда бааны сүттү үймө-үй кыдырып топтогон ишкерлер түшүргөнү аныкталып, сүйлөшүүлөрдөн кийин 1 литр сүттү 39 сомдон алуу тууралуу мунасага келишкен.

Мындан улам угармандарга эскертебиз: эгерде сүттүн баасы тууралуу талаш тартыш чыкса, сүттү кабыл алган чоң компаниянын өзүнө кайрылуу керек.

"Президенттин тапшырмалары аткарылбай жатат"

Лейлек районуна караштуу Интернационал айылынан Назакат Карабашова байланышка чыгып, мурда мугалим болуп иштегенин, майыптыгы оорлошуп отуруп таптакыр баса албай калганын айтып, социалдык жактан мамлекеттик колдоо сурады.

"2007-жылдан бери буттарым ооруп баса албай калдым. Сырттагы ажаатканага чыга албаймын. Үйдүн ичинде жөрмөлөп жылам. Биринчи топтогу майыпмын. 1968-жылы курулган эски батирди ижарага алып турабыз. Жалгыз бой уулумду чоңойттум. Мен президентибиз Садыр Жапаровго эки жолу кайрылгам. Ал менин маселемди чечип берүү боюнча Лейлек районунун акимине буйрук берген эле. Мен ичинде ажаткана жана жууна турган шарттары менен бир бөлмөлүү үйгө муктажмын. Ошондой эле акчалай да жардам сураган элем. Баары аткарылган жок. Дагы бир өтүнүчүм, балалык кезимден майыптыгым үчүн кошумча каражат пенсияма кошулуп берилген эмес. Президент чыгарган буйруктар так аткарылбайт. Социалдык маселелер боюнча республикалык ревизия жүргүзүүнү суранабыз.

Назакат Карабашованын маселесине байланыштуу жергиликтүү бийликке кайрылганыбызда, ага мыйзам жол берген жардамдын баары каралып жатканын билдиришти. Жаңы жагдайлар боюнча арыздарды социалдык адистерге жолдоону өтүнүштү.

"Эл үнү" берүүсүнө сунуш-пикир, кайрылууларды +996 312 21 94 23 шаардык номери аркылуу жана WhatsApp, Telegram тиркемелеринен +996 550 988 755 номерине жиберсеңиз болот.





Губернаторы России
Москва

Собянин рассказал, как можно посетить экскурсии в зданиях посольств разных стран





Москва

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» правит миром, расшифровал «ДНК В.И.Ленина», отменяет налоги. И… отключает институты времени. Разгадка «научных теорий заговоров».


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал о ходе строительства Троицкой линии метро



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Игорь Бутман

Игорь Бутман раскрыл, куда исчезла певица Ирина Отиева




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Турнир по бильярдному спорту «Кубок Мэра Москвы» продлится до 18 мая в столице

«БЛИЦ», «БИТВА СТРАТЕГИЙ», «ДУАТЛОН» инсайд новых дисциплин в спортивном программировании

Собянин рассказал о ходе строительства Троицкой линии метро


WTA

Азаренко вышла в 1/16 финала турнира WTA-1000 в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Владимир Потанин

Правительство РФ сообщило о перевыполнении планов по достижению цифровой зрелости национальной экономики



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России