Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Апрель
2022

“Бакиевдин инилери баарын башкарууну көздөгөн”

0
“Бакиевдин инилери баарын башкарууну көздөгөн”

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку мейманы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Жалал-Абад, Талас облустарынын мурдагы губернатору Жусупжан Жээнбеков болду. Ал маегинде кантип Жалал-Абад облусуна “бий” богону, Бакиевдин инилери менен тиреши,  Атамбаевге кошулганынын, губернаторлуктан кеткени себеби тууралуу айтып берди. 

- Жусупжан мырза, Акаевдин бийлиги кулаганда, Бакиев президент болуп келгенден кийин сиз Жалал-Абад облусуна расмий түрдө губернатор болуп дайындалдыңыз? Бирок, губернаторлугуңуз бир жылга жетип жетпей калды да? Сиздин кетишиңизге эмне себеп болду? Коомчулукта кеп бар, Жусупжан Жээнбеков Бакиевдерди укпай баштаган деген?

- Эми чынын айтканда баягы 24-мартка чейин мен эч кандай буйруксуз эле, элдин эле батасы менен губернатор болуп отургам. Анан 24-мартта эл бийликти жеңип омкоргондон кийин, Акаев кеткенден кийин Курманбек Салиевич токтом чыгарды, губернатор деп. Элге ак жүрөктөн, чын жүрөктөн иштеш керек болду. Ошол элдин бийликке ишенимин кайтарыш керек болду. Чыныгы ички ниетим таза иштөө болчу. Таза иштеп атканбыз анан, сырттан буйрук бергендер көбөйө баштады? Муну бул жерге кой, тигини тигил жерге жумушка кой, дешип...

- Кимден сырттан? Тагыраак айтсаңыз?

- Тагыраак айтсам, ошол Бакиевдин бир туугандарынан. Алардан “бул ишкананы бүгүн басып алат, сен унчукпа, көрмөксөн бол, тээ тигил ишкана мындай болот” деген баягы «анархия» башталып кетти. Карап турсам элдин  ичинен да кыжырдануу баштады, “бул эмне дегендик” деп. Ошондон кийин Бакиевдин Акмат деген инисин чакырып, “сага Бакиев деген фамилия жетет. Кыргызча эле сүйлөшөлүчү, мен эгерде бир жерде конокто отурган болсом мага бир жамбаш тартса, сен келсең мен жанымдан орун бошотуп, жамбаш тарттырамын. Токтоткунуң, укам!” деп айткам. Ошол сөз жеткенби, бир күнү Жусуп Бакиев келип, “Сени бул жерге ким алып келген?» дейт. Мен деле баягы анча-мынча жерде мокой турган адамдардан эмесмин, ачыгын айттым. «Кимди ким кайсы жерге алып барды» дедим. Ушундай катуу сөздөр болду.

- Ошол бир туугандар менен кырдаал агасына жеткенби? Сиз айта алдыңызбы? Өзүңүз айта алдыңызбы?

- Айттым...

- Кандай кабыл алды?

- “Курманбек Салиевич ушундай ушундай терс көрүнүштөр болуп жатат. Эгер мени колдосоңуз эл үчүн таза башкарып, таза иштеп берейин. Анан сизден сураныч, ушул кайра эле баягы үй-бүлөлүк башкаруу системасына кетип аткандай болуп атабыз, инилериңизге айтсаңыз” десем. Мени урушуп койгон, “инилерим дагы билими жогорку, алар дагы иштеп келишкен, революциянын башында негизинен ошолор турган” деп.

- Сизди эмне, инилерин ук деп атабы?

- Эми менин түшүнүгүм боюнча ошондой болгон окшойт...

- Сизди Бакиев кызматтан түшүргөндөн кийин эл көтөрүлдү, ордуңузда калтырууну талап кылды? Бирок, сизди президент Таласка губернатор кылып койду, ал кандай болду?

- Мага дагы айтпастан, эл менен дагы эсептешпестен, жөн эле жумуштан алып койду. Жарлыкты окуп койду “сен кеттиң” деп. Мен эми кет десе эле кетип калгыдай адам эмесмин да. Кудайга шүгүр тууган-урук, эл-журтум бар. Менин артымдан келген көп жетекчилер, көп акимдер, 19 айыл өкмөт башчылары, орун басарларым “Жээнбековду кетирсеңер биз дагы иштебейбиз” деп чыгышты. Ошентип тогуз күн эл көтөрүлүп, кылкылдап туруп алды. Курманбек Салиевичке келдим. Экөөбүздүн ортобузда катуу сөз болду. Үсөн Сыдыков менен катуу айтыша кеттим. Эки күндөн кийин президент кайра чакыртып, "укам, эми Таласка барып иштеп бер” деди. Мен “ал жерде канча иштейм” деп сурадым.

- Анан Таласта канча иштедиңиз?

-А л жерде туура 11 ай, 29 күн иштедим.

- Ал жактан эмне үчүн түшүрүп койду?

- Ал жактан дагы түшүнбөдүм, чынын айтайын, мен алардын казанына аралаша албадым. Мен башка топтон келгендей болуп калдым булардын кланына. Чынын айтканда, Бакиевдер мурунку Акаев менен акырлаш, табагы бир эле да. Калп эле эл көзүнө Аксыда менин күнөөм жок, бул жакта менин күнөөм жок дешип өздөрүнүн актап туруп, жанына ошолор эле кайра чогулбадыбы. Бакиевдин жанына баягы эле Акаевдин ырчылары кайра келбедиби. 

- Сиз, 2014-жылы Жалал-Абад облусуна экинчи жолу губернатор болуп бардыңыз? Бул жолу дагы ал жактагы кызмат ордуңуз кыска болуп калды? Мен сиздин бир маегиңизден окудум, губернаторлуктан түшүп калышыңызга Текебаевдин чоң үлүшү бар экенин айтыпсыз. Ал киши сизге каскак болдубу?

- Жалал-Абаддагы “Кыргызпетриолум компании”, “Кыргызнефтегаз” ишканаларын шыйрагынан кармап, куйругунан бура кармадым окшойт, чагымда. Ошону кармай баштагандан кийин премьер-министр Оторбаевге айттырып, анан мени эч себеп жок эле жумуштан алдырбадыбы. Текебаев ошол маалда бийликтин башына чыгып алган, асманда эле. Баарына сөөмөй кезеп, “мен сени жумуштан алдырам” деп турбадыбы. Өмүрбек Токтогуловичти бир ат менен, Жантөрө Жолдошевичти дагы бир себеп менен иштен алдырган Текебаев болду.

- “Кыргызпетриолум компании”, “Кыргызнефтегаз” ишканаларына Текебаевдин көзү түшүп, өз кишилерин коёюн дегенби?

- Өзүнүн кишисин койгон. Анан алардын өз мунай ташыган түтүктөрү (шланг) билинип калды. Улуттук коопсуздук кызматы 300 метрдей шланг өзүнчө тартылганын билчү. УКМКда баары такталып эле турат. Эгерде мен ошону айтпай эле, сен жакшы деп койсом, баары орду-ордунда болмок. Жүрмөкмүн бүгүнкү күнгө чейин жасакер болуп. 

- Сизди премьер-министр Оторбаев кызматтан алып жатат. Бирок, президент, досуңуз, партиялашыңыз Атамбаев сизди сактап кала алган жокпу?

- Мен Атамбаевге келбедим. Аны менен 2009-жылы баламдын өлүмүнө байланыштуу уруша кеткенбиз...

- Атамбаевдин убагында Илмиянов деген ысым саясаттагы, номур экинчи кишиге айланды. Ал болгону жансакчысы, айдоочусу эле болуп жүрдү. Сиз Атамбаевди жакшы эле билесиз, Илмияновдун феноменинин мынчалык бийик деңгээлге көтөрүлүшү, мынчалык күчтүү тагдыр чечер фигурага айланганынын себеби, сыры эмнеде?

- Мен көзү ачыктык кылбайын, жөн гана адам өзүнө жараша адамды тандап алса керек да. Өзү кандай болсо ошондой кадрды тандайт да. Анын сырын, анысын мен билбейм. Аны Атамбаевдин өзүнөн сураш керек го дейм.

- Сиз Атамбаев менен дос болчубуз деп айтып жүрөсүз? Сиздин достугуңуз кайсы жерден башталган? Эмне үчүн дос болгонсуз? Саясат үчүн дос болгонсузбу? Же болбосо үй-бүлө менен катышкан камыр-жумур белеңиздер?

- Кучакташып дос болгон эмесмин. Үй-бүлөлүк катташуу болгон эмес. Жөн гана теңтуш экенбиз, бири-бирибизге “дос, кандайсың” деп сыйыбыз менен гана жүргөнбүз. Бүгүнкү күнгө чейин сыйбыз. 2020-жылдагы октябрь окуяларында жолуктук, тең ата сүйлөшкөнбүз. “Балдарга аксакалдык кылып жөн эле батаңды бербейсиңби, көчөгө чыкпай эле койбойсуңбу” дегем, укпады...





Губернаторы России
Москва

Собянин рассказал, как можно посетить экскурсии в зданиях посольств разных стран





Москва

Лунный свет в ваших волосах: Как выбрать благоприятные дни для стрижки в мае


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин. Главное за день



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

BTS

BLACKPINK и BTS включены в число артистов, участвующих в кампании бойкота?




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

«Бавария» победила «Вольфсбург» в 500-м матче Нойера в Бундеслиге

Турнир по бильярдному спорту «Кубок Мэра Москвы» продлится до 18 мая в столице

Собянин рассказал о ходе строительства Троицкой линии метро


WTA

Саснович вышла в третий раунд турнира WTA-1000 в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Во Владимир 16 мая прибудет Казанская икона Божией Матери



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России