Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Апрель
2022

"Белизгейт": Сегизбаев айып пул менен абактан чыкты

0

Бишкектеги Биринчи май райондук соту "Белизгейт ишине" байланыштуу өкүм чыгарды. Ага ылайык, атайын кызматтын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге төрт миллион сом айып пул салынып, үй камагына чыкты.

Ал былтыр жыл башында камалган жана Башкы прокуратура ага каршы жалпысынан алты кылмыш иши ачылганын билдирген.

Талдоочулардын баамында, "Белизгейт" Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушундагы ири саясий куугунтуктардын бири болгон жана ага толук укуктук баа берилген жок.

Биринчи май райондук соту Абдил Сегизбаевди Кылмыш кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") 4-бөлүгү менен күнөөлүү деп тапты. Ага 4 миллион сом айып пул салып, анын төлөгөнгө чейин үй камагына чыгарды.

Сегизбаевдин адвокаты Кайсын Абакиров "Азаттыкка"  ал саламаттыгына байланыштуу күнөөнү моюнуна алып абактан эрте чыгууну чечкенин билдирди.

"Биздин кардар, УКМКнын экс-төрагасы Сегизбаев Абдил Кеңешович эркиндикке чыкты. Конституцияга ылайык, адам өмүрү эң жогорку баалуулук, бирок эркиндиксиз жашоо эч кимге кереги жок. Анын үстүнө Сегизбаев операцияга чейинки медициналык даярдыктан өтүүгө тийиш. Биздин команда анын акталышы үчүн эбегейсиз көп иштерди жасады, бирок биздин кардар ден соолугуна байланыштуу мүмкүн болушунча тезирээк эркиндикке чыгууну чечти. Саламаттыгынан улам "Белизгейт" жана тапанчаларга байланышкан күнөөнү моюнуна алуу боюнча келишим түздүк. Сот өкүм чыгарып, айып пул салды. Андан ары соттошо берсек,  бир жылга созулчудай. Анткени 90дон ашык күбө бар. Материалдар 15 том. Ошондуктан ушундай чечимге келдик. Эч ким доо арыз менен кайрылбайт, ушуну менен бүттү".

Кайсын Абакиров Фейсбуктагы  баракчасына Абдил Сегизбаевдин абактан чыкканы тууралуу билдирүүсүндө президент Садыр Жапаровду колдоп,"баарыбыз биригип, өлкөнүн жогорку жетекчилиги – президент Садыр Нургожоевич Жапаровду укуктук жана гүлдөгөн Кыргызстанды курууга багытталган фундаменталдуу реформаларды жүргүзүүдө колдошубуз керек деп айткыбыз келет!" деп жазды.

Өткөн айдын аягында Сегизбаевдин адвокаттары ал залалдуу шишик оорусу кабылганын билдирген. Ошондой эле дарыгерлер мурдагы чекист жүрөк оорусунан да жабыркай турганын аныктаганын айткан. Андан көп өтпөй райондук сот анын бөгөт чарасын карап, тергөө абагындагы мөөнөтүн 20-майга чейин узарткан.

Сегизбаев "Белизгейт" окуясына байланыштуу 2021-жылы январда кармалган. Башкы прокуратура ага каршы 2019-жылы Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын ошол кездеги башчысы Алмамбет Шыкмаматов жазган арыздын негизинде кылмыш иши козголгонун билдирген.

Башкы көзөмөлдөөчү орган ошол маалда Сегизбаевге карата жалпысынан алты иш тергелип жатканын, "Белизгейттен" сырткары кызматтык батирлерди, бюджеттик акчаны мыйзамсыз бөлүштүрүү, жер тилкелери, энчилүү курал менен сыйлоо фактылары бар экенин айткан.

Сегизбаев өзү камакка алынардын алдында өзүнө карата козголгон иштерди “саясий өч алуу” деп атаган. 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Равшан Жээнбековдун пикиринде, "Белизгейт" Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда бийликтин саясий оппоненттерине каршы негизги саясий куугунтуктарынын бири болгон.

"Парламентте баарыбыз күбө болгонбуз, бул чоң саясий куугунтуктардын бири болгон. Бурмаланган, УКМК тарабанан атайын жасалган, саясатчыларга, саясий оппоненттерге куугунтук болгон. УКМКнын башчылары тилекке каршы, бийликте турганда саясий оппоненттерине, жарандык коомго бурмаланган, жасалма кылмыш иштерин ачат, өмүр бою бийликте турабыз, баарын коркутабыз, бийликти көпкө кармап турабыз деп ойлошот. Бирок баары эле алар ойлогондой болбойт. Бийликтен кеткенден кийин көбү кор болот. Күнөөсүн моюнуна алып, мамлекетке акча төлөгөнгө туура келет. Тилекке каршы ошол убакта саясий куугунтуккка кабылгандар дагы, саясий куугунтук жасагандар дагы сот, тергөө менен адилеттүүлүктү талап кылууну каалаган эместей. Балким мунун кандайдыр бир себептери бар чыгар. Ушундай бурмаланган, адилетсиз саясий куугунтуккка баа берилген жок".

Сегизбаевге байланыштуу соңку жагдай тууралуу "Белизгейт ишинин" негизинде доомат коюлган саясатчы Өмүрбек Текебаев азырынча үн ката элек. Ал ушул тушта Кыргызстандын Германиядагы элчиси кызматында турат. УКМКнын мурдагы төрагасына каршы арыз жазган Алмамбет Шыкмаматовдон жана мурдагы депутат, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова менен дагы бул макала жазылып жаткан чакта комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Талдоочу Айданбек Акмат уулу "Белизгейт ишинин" алкагында буйрук аткаргандар жазасыз калганына токтолду.

"Абдил Сегизбаевдин ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыкканын туура деп эсептейм. Бул иштер ачык иликтенип, ошол маалда тергөө жүргүзгөн, ошого аралашкан адамдар дагы аныкталып, бери дегенде жумушунан алынышы керек эле. Аларга мындан ары ушундай иштерге барса, карьерасына зыян келтирилип, керек болсо эркиндиги чектелерин сезиши керек эле. Башында турган эле адамдар эмес, аларга курал болгондор дагы, кызматкерлер дагы жоопкерчилигин сезиши керек. Бул окуя сөзсүз түрдө сабак болушу керек. Абдил Сегизбаев саясий жактан алганда өзүнүн жазасын алды. Коомдон четтеди, абакта отуруп көрбөгөн азапты көрдү. Бирок алардын мыйзамсыз буйруктарын аткарган кызматкерлер кайрадан эле азыркылардын ошондой буйруктарын аткары жатат да".

УКМКны Сегизбаев 2016-2018-жылдары Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда жетектеген. 2016-жылы ал айрым депутаттар 2012-жылы "Альфа Телекомдун" мамлекетке өткөрүлбөгөн 50% акциясын сатууга аракет кылганы Белиз өлкөсүнөн келген документтер бар экенин билдирген. Сөз болуп жаткан документтерде саясатчылар Өмүрбек Текебаевдин, Аида Салянованын жана Алмамбет Шыкмаматовдун аты-жөнү жазылганын кабарлаган. Ошол маалда Коомдук биринчи каналдан үч депутатты сындаган материалдар байма-бай көрсөтүлгөн. Көп өтпөй Сегизбаев көрсөткөн документтин түп нускасы атайын кызматта жок болуп чыккан. Сегизбаев кийинчерээк ага бул документтерди Алмазбек Атамбаев бергенин билдирген.

Бул окуя коомчулукта "Белизгейт" деген ат менен таанылган.

Абид Сегизбаев соңку президенттик шайлоого катышкан жана добуштардын 1,5 %  жетпеген добуш алган.





Губернаторы России
Москва

Собянин сообщил о планах создания отечественной платформы электромобиля





Москва

Мошенники обокрали пенсионерку из Москвы на 14 миллионов рублей


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин сообщил о планах создания отечественной платформы электромобиля



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Бато Багдаев

Госцирк Бурятии возглавил Тудуп Батуев: Театр и цирк, Культура, Россия




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Пензенские регбистки выиграли первенство России

Турнир по бильярдному спорту «Кубок Мэра Москвы» продлится до 18 мая в столице

В Москве пройдет Братский кубок с "Динамо", ЦСКА и сербскими "Партизаном" и ОФК


Новак Джокович

Новак Джокович с позором вылетел с турнира в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Площадь квартир в новостройках Москвы сократилась на четверть за 5 лет



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России