Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Апрель
2022

Кайсы партия жеңет? Сатирага айланган шайлоо

0
Кайсы партия жеңет? Сатирага айланган шайлоо

Айтылуу түрк жазуучусу Азиз Несин - азан чакырылган аты Мехмет Нусрет жамы дуйнөгө курч сатиралык чыгармалары аркылуу белгилүү. Анын бир топ чыгармалары кыргыз тилине которулган. Бул ирет жазуучунун “Кайсы партия шайлоодо жеңет?” аңгемеси тууралуу кеп кылмакчыбыз.

Азиз Несиндин азан чакырган аты-жөнү Мехмет Нусрет, 1915-жылы төрөлүп, 1995-жылы дүйнө салган. Түркияда жарандардын аты-жөнүн ыраатка салуу кезинде Азиз Несин деген атты жактырып, ошондой ысым менен гезиттерге макала жазып, чыгармаларын жарыялап, соңунда адабий ысымына көчүп алган. Алдыда кеп кылчу “Кайсы партия жеңет?” аңгемеси 1957-жылы жарыяланган. Сүрөткердин ири эпикалык, драмалык жанрдагы чыгармалары, айталы, “Футбол пашасы” романы дүйнөнүн көп тилдерине которулуп, авторунун атын чыгарган.

1995-жылы Түркияда окуу китеп жазмакчы болуп бир топ түрк тилдүү республикалардын илимпоздору менен Анкарада жүргөнүбүздө сүрөткердин “Сиздин мамлекетте эшек жокпу?” деген китебин дүкөндөн сатып алганыбыз эсимде. Анадолу жергесинде жазуучулар журту өз чыгармасын жарнамалап, китеп дүкөндөрүндө окурмандары менен жолугушуп, ортодо адабият, маданият, саясат жаатында сөз болорун көрүп келгенбиз. Мына ошол көрүнүш убакты-сааты келген экен биздин Кыргызстанда аз-аздан оожалып баратыр. Түркия демократиялык жаңыланууларга кыйла эрте аралашып, базар-нарк мамилелери бекем орун-очок алган себептүү китеп деле рухий азык, базар баасы бар товар эсебинде жүрөт.

Азиз Несиндин “Кайсы партия жеңет?” аңгемесинде шайлоо көйгөйү, анын көшөгө артында калчу көрүнүштөрү, шайлоочунун көңүлүн алуу сындуу ушу тапта кыргыз коомуна да кенен жайылган көрүнүшү сүрөттөлгөн.

Мурат аке баарын билерин ал шаарга келгенден кийин эле уккан. Ал кишинн үйүндо конок болгон. Сурагандардын баарынан бирдей жоопту уккандан кийин Мурат аганы чайканада жолуккан жеринен эле кайсы партия жеңип чыгарын сурап калды. Анын жообу анча канааттандырбады.

Мурат ага:

- Алдын ала айтуу кыйын, - деди.

- Кайсы партия күчтүү болсо, ошонусу жеңе албайбы?

- Жок. Андай эмес. Ак кой, кара кой шайлоодон кийин билинет. Бул шаарчадагылардын ар бирөөнөн сурап чыксаң да билишпейт. Эмнеге билесиңби? Угуп тур.

Сол бутун баса мандаш токунуп, жыгач керебетке отурду. Оңдонуп-түздөнүп алгандан кийин чылымын күйгүзүп, түшүндүрүп баштады:

- Алгач биздин өлкөдө партия-мартия деген жок болчу. Бар болчу, бирок аты гана бар, заты жок, эч кимдин партия менен деле иши жок эле. Ошол убактарда биз партияны өкүмөт деп ойлочубуз. Заңгыраган имарат, өкүмөт имараты, ичинде партия бар дешчү. Деп жүргөнүбүздө партия дегени жарк этип жалындап чыга келди. Терзи Камил бир күнү мага келди.

“Мурат ага, экөөбүз жаңы пайда болгон партиянын филиалын бул жакка ачалы”, - дейт.

“Кой, Камил, сенин партия дегениң темир-тезек саткан дүкөн эмес. Өз ишиң менен эле алектенчи” - дедим.

Аркасынан адвокат Рыза мырза да келди. Бир партия түзөлү дейт. Рыза жаңы партиячылардын төбөлдөрү менен сүйлөшүптүр. Ал гана эмес, кат алышып турат экен.

“Бул аймактагылар сенин сөзүңдү угат. Кел, бир партия түзөлү”, - деп туруп алышты.

“Бир убакта ушул жерде Селбес саясий партиясы түптөлгөн. Ошол партияны түзгөндөрдүн азабын колуна берип, коломтосунун күлүн көккө сапырышты. Эч бири өлкөсүнө батпай, качып жоголушту”, - дедим.

Адвокат Рыза мырза: “Ээ кокуй, Мурат ага, азыр кайсы заман... Ал убак небак өтүп кеткен. Азыркы заманда Америкада кандай болсо, бизде да ушундай болууга тийиш. Бардык адамдар кайсыл бир партияга кирүүгө мыйзам тарабынан мажбурланган”, - деди.

Токтолбостон партияны түздүк. Биз партияны түзөрүбүз менен башка партиялардын мүчөлөрү бизге агыла баштабаспы. Партиянын каттоочусу каттаганга жетише албай калды. Ээ кокуй күн, мынча адамды эмне кылабыз? Коркконумду айтпа, денемди калтырак басты.

Адвокат Рыза мырза биздин жетекчибиз эле, ага: “Рыза мырза, каттоону токтотолу, башыбызга балээ болот булар”, - дедим.

“Эч нерсе болбойт”, - деди кам санабай. “Канчалык адамды көп топтосок, өкүмөттү биз алабыз”, - дебеспи.

Башка партиядан ооп келгендер аздык кылгансып, партия эмне экенин билбегендер да бизге кошулду. Кудай колдой гөр... Келгени эле кирип жатты. Бүтүндөй өлкө биздин партияга өтүп кетти окшойт. Жогору жактагылардын кулагы чалып калса, эчки тарагандай тыбыттамак. Эч болбосо мен ушул партиядан чыгып, башка партияга мүчө болоюн деп ойлодум. Ачып оозду жыйгыча эле борбордон бизге куттуктоо келди. Рыза мырза куттуктоону окуп жатканда тим эле кол чабуудан кулак тунуп калды.

Анан эле партия лидери келет экен деген шыбыр тарады. Жетиден жетимиш жашка чейинкилер жол жээктеп, алдынан тосуп чыктык. Биздин бул кылыгыбызды жогорудан көргөндөр болсо сүрүп чыгып, шаарчаны жер менен жексен кылмак. Рыза мырзаны эл алдында мыкты сүйлөйт деп жүрчүбүз. Мына эми лидердин сүйлөгөнүн угуп ал. Алгач элди буркуратып ыйлата баштады. Анан эле кайра күлкүдөн кыйрап калат. Элдин жалпы жонунан башкаруу баскычын колуна алып алгандай. Ылдый толгосо боздомой, өйдө толгосо күлмөй.

Сүйлөп бүткөндөн кийин дароо партиянын штабына келди.

- Шаарчадагы калктын саны канча? - деп сурады.

Рыза мырза:

- Жыйырма төрт миң, - деди.

- Шайлоого катышпай турчуларды, тактап айтканда добуш бере албагандарды кошпогондо, - деп суроо салды.

- Аларды эсепке албаганда, шайлоочулар болжол менен он эки миң.

- Биздин партияга катталгандардын саны канча?

- Тогуз миң...

- Андай болсо, бул шаарчадагы шайлоону биз утабыз, - деп кыйкырып жиберди.

Партия лидери кетти. Берки партияларды коркунуч каптагандай. Дароо берки партиянын лидери биздин шаарчада булуттан чыккан айга окшоп пайда болду. Ал келгиче эле партиядан чыгып, анын партиясына кирейин деп жаткам. Бул жолу ал дагы керемет сүйлөдү. Сүйлөө деп ушуну айт. Мечитте мевлит окулса дагы калк мынтип ыйлабас эле. Сөзүнүн соңунда:

- Мекендештер, - деди, - биз жеңип чыксак, ар бир үй-бүлөгө банктар аркылуу миң лирадан карыз беребиз.

Пай-пай, банктан карыз алаарын уккандар тигил партиянын эшигине чуркады. Эртеси күнү биздин адвокат Рыза мырза башын тизесине жөлөп алып озондоп отурат.

- Эмне болду Рыза мырза, ууру тишиң ооруп атабы? – дедим.

- Тиштерим кеп тиш, оорубайт. Андан да жаманы - биздин партия мүчөлөрү тигил жээкке өтө качышты.

- Бизде эч ким калган жокпу?

- Түптөөчүлөр менен банктан карыз аларын укпагандар эле калды.

- Рыза мырза минтип отурууга болбойт. Кана тур, биз дагы тигил партияга кошулалы. Кечигип калсак, дептер толуп калды деп жазбай койбосун.

- Токтой тур, борборго телефон чалдым, күтөлү кандай жооп келерин...

Мына сага дей бер, шаарчада соода-сатык күчөдү, мындайды ким көрүптүр. Эл акчасын чачып жатат.

- Ээ кокуй, бул эмне деген жосун, акча көчөдө жатабы? - дедим.

- Банктан миң лира алабыз, - деп коюшат.

Сууну көрбөй багалекти түрбөйсүң го? Биз түрдүк. Рыза мырза башын койгулап:

- Олдо кокуй күн, шайлоону уттурдук, - деп сыздаганда, тоо-таш кошо боздоп жатты.

Кокустан эле биздин партия лидери жетип келди. Машинесинен түшүп, бутунун чаңы менен үстүнө чыкты. Оо, жараткан. Сөз деген шумдук экен. Оозун ачат - эл күлөт, оозун жабат - эл ыйлайт. Эң акырында:

- Мекендештер, - деди, - бул жакка менден мурун бирөө келиптир, банктан миң лира берем деп силерди алдаган экен. Биз жеңип чыксак, ар бир үй-бүлөгө эки миңден карыз беребиз.

Каап ата, ошол жерде болуп, өз көзүң менен көргөнүңдө. Биздин партиянын тогуз миң мүчөсү бар эмес беле. Сегиз миң жети жүзү тигил жакка өтө качкан. Эки миң лираны уккан эл кайрадан бизге агылды. Бул жолу тогуз миң эмес он бир миң болдук. Адвокат Рыза:

- Бул ирээт шайлоону таза жеңебиз, - деди.

Бир гана Рыза эмес баарыбыз ошентип ойлодук.

Шаарчада кайрадан иш кызуусуна кирди.

- Ээ кокуй, эмне болуп атат? - деп таң калдым

- Тиги партиянын берген акчасы түгөндү, силердин партия берген эки миң лираны жеп жатабыз, - деп коюшат.

Биздеги айылдыктардын жасаган ишине акылың деле жетпейт. Көрсө, колуна тийе элек акчаны колдонуп жиберип, жаңы бериле турчу акчаны колдоно башташыптыр.

Бул жолу тигил партия жетекчилерине кайрадан жан кирди. Лидери келди.

- Эки миң лира беребиз, - деп силерди алдаган экен.

Биздин партиядан бирөө:

- Алдаган жок, - деди, - кантип алдашмак эле. Биз бериле турчу акчаны сарптап салдык...

Лидер:

- Макул, алдаган жок деп эсептей бергиле, - деди, - тигил партия ар бир үй-бүлөгө эки миң берсе, биз ар бир кишиге эки миңден беребиз. Айта турчу башка сөзүңөр барбы?

Калган сөзүн уккан киши деле болгон жок. Тигил партия штабына кайрадан чуркап кетишти. Биздики аңгырай түштү. Рыза мырза:

- Эми канттик, утулдук, - деп отуруп калды.

Мен бул жолу партиядан чыгам деген чечимге токтолгон элем. Тигил партиянын сунушун уккан атам дагы үй-бүлө мүчөлөрүн көбөйтүү иши менен алектене баштады. Никеге каттоо менен нике кыйгандардын иши моюнунан ашты.

- Дагы эмне болот, - деп күтүп калдым.

- Өлкөгө намыстуу уулдар керек, - дешти

Оо Кудай, жүрүп жүрүп эми керек болуп калдыбы. Биздин партиянын лидери келди. Келгенде да маалында. Болбосо биздин партиядан эч кимди таппай калмак.

- Мекендештер, -деди, - тигил партия эки миң берем деп алдады. Биздин партия эки миңди дагы берет, андан сырткары пайыздын көлөмүн алып салат.

Уккандар биздин партияга “гүр” деди. Рыза мырза жеңебиз деп шапкесин көккө ыргытып чуркап жүрөт.

- Рыза мырза, тигил партия лидер кайра келсе күйдүк дей бер... Кайрадан кете беришет ошол жакка.

Айткандай эле болду. Тигил партиянын лидери келди.

- Мекендештер, - деди, - банктар пайыздык үстөгүн албайт деген кеп бекен. Биз керек болсо бардык карызыңардан кечебиз. Банкка карызы бар адам калбайт.

Коомчулук кайрадан удургуду. Ырдаган-чоорлогон адамдар.

- Эмне кылабыз, Рыза мырза?

- Күйдүк, күл болдук, Мурат ага, - деди, - жылаан сыйпагандай партияда эч ким жок, баары тигил жакка өтүп кетти.

- Биз дагы өтөлү.

- Токтой туруңуз, борборго кат жөнөттүм. Банктагы карыздан куткаруудан башка эмне амалы бар болду экен.

Шайлоого жакындап калганынан улам, бүгүн же эртең үгүттөө иштери токтойт. Бүтүндөй банктын акчасын таратсаң дагы жетпейт. Кечигип калдык окшойт. Биздин партияда жүз киши жок, тигил партиянын тизмеси он сегиз миң болуптур.

- Рыза мырза, биздин шаарчада мынча шайлоочу жок, кайдан келди бул көпчүлүк, - дедим.

- Банктагы карызынан куткарам дегенде, партияга бир киши эки киши болуп жазылып атат, - деди.

- Бизде чыныгы шайлоочунун саны канча?

- Он эки миң..

- Бул жагын Кудайга койдук, Рыза мырза. Бул партия иши. Таарынуу деген болбойт. Мен тигил партияга өтөм.

Мен дагы тигил партияга катталдым.

Мурат ага үчүнчү кофесин жаңыртты. Кайрадан буттарын алмаштырып мандаш токунду. Менден сурап калды:

- Кана эми айтчы... Бирөөндө он сегиз миң шайлоочу бар, бирөөндө миң киши да жок. Кайсынысы жеңип чыгат?

- Албетте, он сегиз миң шайлоочусу бары.

- Тапкан жоксуң. Шайлоону биздин партия жеңди, мен чыгып кеткен. Мен дагы жаңы партиямды эмес, ошол эски партиямды шайладым. Биздин ишти эч ким болжолдой албайт. Бирөө келет, эки миң берем деп, дагы бирөө келет үч миң деп. Шайлоо болгондо ар ким өзү билген намазын окуйт.

- Эмнеге мындай болот?..

- Эки миң берем деп бирөө келет, анын акчасы бекерге кетмек беле. Баары ошол жакка оойт. Акчасы барыбир колго тийбейт да. Шайлоого келгенде каалаганын тандап алышат. Ошондуктан алдын ала айтуу кыйын. Жакабызга жабышып, кимди шайлайсың десең, сени дей беребиз. Ишенбе... Кайсы чокоюн кийерин эшикке чыгарда гана тандашат. Уулум, дагы бир чыны кофе ичесиңби?

Түркчөдөн которгон Урматбек Нурсейит уулу





Губернаторы России
Москва

В мэрии Москвы рассказали о новых маршрутах круизных теплоходов





Москва

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин. Главное за день



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Анастасия Волочкова

Начала тонуть: Волочкову за ноги вытащили из воды после новости о родах Николаевой




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Федерация бокса России почтила память героев в День Победы в Чехове

Футбольный турнир «Вызов» для студентов станет частью праздничных мероприятий ко Дню Победы

В рамках празднования Дня Победы в Москве пройдет ежегодный турнир среди студенческих футбольных команд «Вызов»


WTA

Стало известно, с кем сыграет Вероника Кудерметова во втором круге турнира WTA-1000 в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Игорь Маковский

Игорь Маковский: оперативный Штаб «Россети Центр» осуществляет усиленный контроль за работой электросетевого комплекса 



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России