"Сапаттуу бут кийим фабрикасын ачкыбыз келет"
Чынгыз Айтиев жубайы менен бирге сегиз жыл миграцияда жүргөн. Алар Москва шаарында бут кийим чыгаруучу заводдо эмгектенген. Жубайлар ал жерде бут кийим тигүүнүн жолдорун өздөштүрүп, өздөрү жашаган Өзгөн районунун Мырза-Аке айылына чакан ишкана ачышкан.