Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Апрель
2022

Шанхайдагы катаал карантин, тамак-аш тартыштыгы

0
Шанхайдагы катаал карантин, тамак-аш тартыштыгы

Кытайдын ири бизнес борбору – Шанхай шаарынын бийлиги айрым чөлкөмдөрдө коронавируска байланышкан чектөөлөр акырындык менен алынарын 11-апрелде билдирди. Үйүнөн чыгууга тыюу салынган жергиликтүү тургундар тамак-аш, дары-дармек тартыш болгонуна нааразылыгын айтууда. 

Ээн калган көчөлөр, учактар менен ташылып келген жүк, жабык турган кеңселер менен дүкөндөр, катаал карантинден чаалыгып-чарчаган эл. Дүйнөнүн башка бөлүктөрүндө мындан эки жыл мурун өкүм сүрүп келген көрүнүш Кытайдын эң ири шаары Шанхайга жетти.

2019-жылы Уханда коронавирустун жаңы түрү аныкталгандан бери Кытай мындай кризиске кептеле элек болчу.

28-марттан бери дээрлик 26 миллион калктуу калаанын тургундары катаал  чектөөлөрдүн шартында, тамак-ашка, дары-дармеке жете албай, үйлөрүндө камалып, толук изоляцияда жашап келатат. Бийлик эң керектүү товарларды онлайн платформалар аркылуу жеткирүүнү уюштурган. Бирок маалымат каражаттары жазганына караганда, буюрутма жеткирүү үзгүлтүккө учурап же бир нече күндөп күтүүгө туура келгенин, жээрге тамагы жок калганын айтып социалдык тармактар аркылуу арыздангандар, нааразылыгын билдиргендер көбөйдү.

Жергиликтүү Weibo деген социалдык түйүндүн бир колдонуучусу атүгүл "ачка болуу кандай экенин биринчи жолу жон териси менен сезгенин" айтып берген.

Ютуб, Твиттерде дагы азык-түлүксүз, кирешесиз калган кишилердин посттору жарыяланып келатат. Дүйшөмбүдө бир суткада инфекцияланган дагы 25 миң киши аныкталганына карабай, бийлик чектөөлөрдү акырындык менен аларын жарыялады.

Инфекция аныкталгандардын көбүндө илдеттин белгилери байкалбаганын кошумчалай кетели. Буга карабай аларга үйлөрүнөн чыгууга урксат берилбей, ооруканаларга жөнөтүп жатышат.

"Вирусту жуктуруп алгандар аныкталары менен ал бейтаптар дароо орруканаларга жеткирилүүгө, кечиктирилбестен улуттук деңгээлде жактырылган 9-протоколго ылайык, Кытайдын салттуу медицинасынын жана дары-дармектин жаңы түрлөрүнүн негизинде дарыланууга тийиш. Муну менен илдеттин өтүшүп кетишин жана адам өлүмдөрүн алдын алууга болот", - деп билдирген 5-апрелде Шанхайдын муниципалдык өкмөтүнүн баш катчысынын орун басары Гу Хонгуи.

Расмий маалыматка ылайык, шаарда 160 миң бейтап үчүн 100дөн көп убактылуу оорукана курулган. Шанхайга өлкөнүн башка жерлеринен 2 миң аскер дана 38 миң медкызматкер жөнөтүлгөн.

Байкоочулар медициналык жайлар бейтаптарга толуп, көбүнүн шарттары стандарттарга жооп бербей турганын айтып жатышат. Маалыматтарга караганда, коронавирус табылган наристелерди, атүгүл бир нече айлык ымыркайларды ата-энелеринен ажыратып, шарттары начар ооруканаларга жаткыруу практикасы чоң нааразылыкка алып келди.

Кийинчерек гана бийлик айрым жеңилдиктерди берди. Бул тууралуу 7-апрелде шаардын саламаттык сактоо комиссиясынын өкүлү Фу Цзянью маалымдады:

"Өзгөчө жардамга муктаж балдардын ата-энелери же камкорчулары арыз жазып, илдетти жугузуп алуу тобокелчилигинен кабардарбыз деген тил катка кол койгондон кийин ооруканага коштоп бара алышат".

Өткөн ишембиде АКШ өз жарандарына Кытайга барууну кайра карап чыгуу кеңешин берип, COVID-19га байланышкан катаал чараларды, балдарды ата-энелеринен ажыратуу ыктымалдыгын эскерткен.

Кытай Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү “негизсиз айыптоолорго нааразылыгын” билдирип, өлкөнүн эпидемияга каршы эффективдүү саясаты илимге таянарын, Шанхай жана башка шаарлар илдеттин бул толкунун жеңерин айтты.

Коронавирустун “омикрон” түрү Шанхайда жайыла баштаганына бир айдан ашты. Алды менен бир нече район карантинге жабылып, кийин толук локдаун киргизилген.

Бул шаар мындан эки жыл мурун Кытай бийлигинин пандемияны ооздуктоосунун үлгүсү катары каралып келген. Жапырт тест тапшыруу, СOVID-19дун очогун дароо изоляцияга алуу менен адам жоготууларын азайтууга, башка өлкөлөр менен салыштырмалуу экономикалык өсүшкө жетишилген. Президенти Си Цзинпиндин Кытайдын социалдык системасы Батыштын демократиясына караганда артыкчылыктуу болуп чыкты деп айтканы бар.

Коронавирус эч жакка кетпейт, аны менен жашоону үйрөнүш керек деген ойго баш ийген калган өлкөлөрдөн айырмаланып, Бээжин бул илдетти түп тамыры менен жоюу саясатын жүргүзүп келатат.

Бирок, айрым эксперттер мындай стратегия медициналык системага, экономикага чоң күч келтиргенин, үстүбүздөгү кварталда экономикалык өсүш болбошу ыктымал экенин белгилейт.





Губернаторы России
Москва

Собянин поздравил Мишустина с назначением на должность премьер-министра РФ





Москва

Оксана Федорова представила на выставке-форуме «Россия» премьеру фильма «Петербург Шаляпина и Рахманинова»


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин поздравил Мишустина с назначением на должность премьер-министра РФ



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Джиган

Модель Оксана Самойлова и рэпер Джиган снялись в туристическом аббатстве во Франции




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Гол Чалова с пенальти принес ЦСКА победу над «Зенитом» в матче РПЛ

ЦСКА обыграл «Зенит» в Санкт-Петербурге впервые за 13 лет

"Динамо" обыграло "Балтику", дважды забив в компенсированное время


Елена Рыбакина

Казахстан узнал еще одну печальную новость после сюрприза Рыбакиной



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Настроение

"Помогу оформить детские пособия". Почему имя Мухаммад бьёт рекорды в ХМАО



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России