Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Апрель
2022

Чек арадагы окуя боюнча териштирүү башталды, кошумча күчтөр артка кайтууда

0
Чек арадагы окуя боюнча териштирүү башталды, кошумча күчтөр артка кайтууда

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу эки тараптуу сүйлөшүү аяктаганын билдирди.

Сүйлөшүү 12-апрелде ок атылган аймакта өткөн. Эки тараптуу сүйлөшүүгө чек ара кызматынын жана бийликтин өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышты.

“12-апрелде кабыл алынган макулдашуулардын аткарылышын талкууладык. Биринчи маселе - эки тараптан кошумча тартылган куралдуу күчтөрдү мурдагы ордуна кайтаруу иштери жүрө баштады. Аскер прокуратурасы бул окуяны иликтеп жатат. Канибадам-Худжант трассасынын чек араны бөлүп турган тилкесин эки тараптын милициясы биргелешип кайтарууну колго алды. Элге түшүндүрүү чараларын эки тарап өз-өзүнчө жүргүзмөй болду”, - деп билдирди облус башчысы.

12-апрелдин кечинде чек арада ок атышуу орун алгандан кийин алгач тараптар Тажикстандын “Овчи-Калача” көзөмөл өткөрүү бекетинде жолугуп, чек арага тартылган кошумча күчтөрдү алып кетүүнү макулдашкан. Эки өлкөнүн кеңири курамдагы делегацияларынын жыйыны 13-апрелде күндүзгү саат 11де ок атышуу болгон Лейлектин Селкана тилкесинде өтмөй болгон.

Ушул тушта аймакта күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Тажикстан соңку окуя жана сүйлөшүүлөр тууралуу расмий маалымат бере элек.

Баткендеги абалды көзөмөлдөп, күч кызматтары менен жергиликтүү бийликтин ишин координациялоону Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жүргүзүүдө.

12-апрелдин кечинде кыргыз-тажик чек арасында эки жолу ок атылган. Кыргызстандын расмий маалыматына караганда, алгач Лейлек районунун Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу катталды. Тажик аскерлери Кыргызстандын Достук айылын миномёт менен аткылаганы маалымдалды.

Саламаттык сактоо министрлиги Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку ок атышууда Кыргызстандын эки жараны, бир жоокер менен жергиликтүү тургун жараат алганын билдирген. Жоокердин абалы орто, анын бутуна, санына жана таманына октун чачырандысы тийген.

“Азаттыктын” тажик кызматы жеке булактарына таянып Тажикстандын 27 жаштагы жоокери жараат алып, ага операция жасалып жатканын жазган. (JsA)





Губернаторы России
Москва

В мэрии Москвы рассказали о новых маршрутах круизных теплоходов





Москва

Откровение артиста госцирка Бурятии Саяна Дондокова - Театр и дети, Культура и Россия, интервью


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

В мэрии Москвы рассказали о новых маршрутах круизных теплоходов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Кристина Орбакайте

Певица Кристина Орбакайте показала фото с мужем из путешествия по Италии




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Развод на договорных матчах: схемы, риски и пути предотвращения

Фитнес прокачивает онлайн // Благодаря чему растет спрос на видеотренировки

4 современных общественных пространства появятся на севере Москвы в 2024 г


Рафаэль Надаль

Рафаэль Надаль первым в истории тенниса выиграл 200 матчей на грунтовых «Мастерсах»



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Снег повалил допетровскую иву в «Аптекарском огороде» в Москве



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России