Казакстан 9-майда Жеңиш күнүнө арналган аскердик парад өткөрбөйт
Казакстандын бийлиги быйыл 7-майда Мекенди коргоочулардын күнүнө жана 9-майда Жеңиш күнүнө арналган аскердик параддарды өткөрүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдиргенин “Настояшее время” телеканалы маалымдады.
“2022-жылы Казакстан жумуриятынын куралдуу күчтөрүнүн түптөлгөнүнүн 30 жылдыгы жана 1941-1945-жылдардагы экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин урматына аскердик парад уюштуруу пландалган жок”, - деп айтылат билдирүүдө.
Маалыматка караганда, өлкөдө 50 чакты “аскердик-патриоттук иш-чара" өткөрүлмөкчү.
Казак бийлиги 2020-жылы жана былтыр коронавирус пандемиясына байланыштуу түзүлгөн эпидемиологиялык абалдан улам парад өткөргөн эмес
Өткөн жылы ошол кездеги президенттин басма сөз өкүлү Берик Уали Жеңиш күнүнө арналган салтанаттар 2022-жылы өтөрүн билдирген.