Нидерландда Ооганстанда согуш кылмыштарын жасаган киши 12 жылга кесилди
Нидерланддын соту теги оогандык кишини согуш кылмыштары жана саясий каршылаштарын кыйноого алганы үчүн айыптап, 12 жылга кести. Гааганын райондук соту 14-апрелде билдиргендей, Абдул Рафиф иш жүзүндө 1983-1990-жылдары Кабулдагы Пул-и-Чарки түрмөсүнүн башчысы болуп иштеген Абдул Разак Ариф экени аныкталган.
"Ошол маалда, жарандык согуш жүрүп жатканда абакта ооган режиминин көптөгөн опоненттери адам чыдагыс шартта кармалып келген", - деп белгилеген сот, айыпталуучунун аны башка адам менен амаштырып алышкан деген актануусун четке какты.
76 жаштагы Ариф 2001-жылы Рафиф деген ат менен Нидерландда башкалка алган. Күбөлөр сот процессинде аны таанып, кылган кыянат иштерин айтып беришти.
Жараян “универсалдуу юрисдикция” принцибине таянып жүргүзүлдү. Ага ылайык, согуш кылымышына жана адамзатка каршы кылмышка шектелген адамды башка өлкөдө соттосо болот.
“Себеби, деп белгиледи сот, ал киши Нидерландда жашап, жарандыкты алган”.
Айыпталуучунун адвокаты апелляция арызын берерин айтты.