Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Апрель
2022

Ур-токмоктон каза тапкан наристе, сот чечимине нааразылык

0
Ур-токмоктон каза тапкан наристе, сот чечимине нааразылык

Ур-токмоктон чарчап калган эки жарым жаштагы наристе кыздын соту эң жогорку инстанцияга жетти. Маркумдун адвокаттары наристенин өлүмүнө айыпталып камалган өгөй атасынын жазасы жеңил болуп калганын айтып, Жогорку Сотко апелляция арызын берген.

"Баланын боору эзилип, бөйрөгү жарылып кетиптир..."

Эки жарым жашында киши колдуу болгон наристе кыз - Асия экинчи турмуш курган апасы менен чогуу өгөй атасынын колуна барган. Таятасы (ысымын айтууну каалаган жок) неберси өгөй атасынан дайыма коркуп жашап жүргөнүн айтып берүүдө.

"Күйөө балам кызыма, небереме деле көп эле кол көтөрчү экен. Эки-үч жолу эскерткем ага. Неберемди алып кетейин десем, апасы бербей койгон. Кызым бала бакчада иштечү, өзү менен чогуу алып жүрчү эле. Ошол күнү эмнеге таштап кеткени белгисиз. 17-мартта кызымдын туулган күнү эле, баарын чогуу кафеге чакырайын деп, күйөө балама 15-мартта чалгам. Кызымды сурасам, иште деди. Кызчы десем, ал да чогуу кеткен деди. Бирок жыйырма минут өткөн жок, кызым чалып, "ата тез келиңиз" деди. Барсам, үй толо милиция, догдурлар экен. Кошуна-колоңдору да жүрөт. Небере кызым чарчап калган экен".

Жаңы эле таттуу тили менен кошо кылыктары чыгып келе жаткан небересин эстеп таятасы көзүнө жаш алды.

"Мага сөйкө сатып бериңизчи деген. Мейли кызым, апаңдын туулган күнүндө алып берем дедим. 17-март кызымды куттуктап, небереме сөйкө алып берейин дегем. Ошо тилегиме жетпей, 15-мартта неберемден айрылдым".

Асиянын өлүмү боюнча ата-энеси экөө тең шек саналып, камалган. Бирок көп өтпөй, өгөй атасы Туратали коё берилип, апасы күнөөнү өзүнө алат.

Адвокат Нурислам Райимжанов тергөөнүн "кызы шымын булгап койгондо, апасы телефондун зымы менен урганы үчүн чарчап калды" деген версияга ишенгенин айыптады.

"Апасы бардык күнөөнү моюнга алып, кызын бир күн мурда катуураак сабап койгонун айтыптыр. Бирок кыздын сөөгүн соттук-медициналык экспертизадан өткөргөн учурда анын денесинде ички сегиз, сыртында алты жеринде жарааты бар экени аныкталган. Мисалы, мээсине кан уюп калган, экспертиза аны кызды башка туюк нерсе менен уруп же дубалга сүздүргөндөн улам болушу мүмкүн деген тыянак чыгарган. Ички органдары жабыркаган: боору эзилип, бөйрөгү жарылып кеткен. Телефондун зымы менен тынбай сабаса да мындай жараат албайт да".

Наристенин сөөгүн соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү учурунда жарааттарын өз көзү менен көргөнүн айткан таятасы да соттон адилеттик таппаганын айтып кейиди.

"Мен өлүкканада жүрдүм, башындагы жарааттарын, бөйрөгү жарылып кеткенин өз көзүм менен көргөм. Адамдын бөйрөгү анча-мынча токмоктон жарылбайт, жаш бала болсо да, анчалык болбойт. Ошонун баарын көрүп туруп, тергөө да, сот да менин кызымды айыптап, камап коюшту".

2019-жылы декабрда Сузак райондук соту наристенин апасын Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси ("Ден соолукка оор зыян келтирүү" 2017-жылкы редакциясы) менен өз кызын өлтүргөнү үчүн айыптап, 7,5 жылга кескен. Келин кош бойлуу болгондуктан, жаза мөөнөтүн баласы 14 жашка чыккандан кийин өтөө боюнча чечим чыгарган.

"Туратали Үсөнов ага чейин уурулук менен соттолуп, камалып чыккан экен. Сот иштерин жакшы билгендиктен, келинчегин алдап, "моюнуңа ал, кош бойлуусуң, сени камабайт, машинени сатып, сени чыгарып алам" деп алдаган экен. Апасы ага макул болуп, кесилип кеткен. Тергөө абагында көз жарган. Кийин сот чечими менен жаза мөөнөтүн баласы 14 жашка чыккандан кийин өтөмөй болуп эркиндикке чыккан",-дейт адвокат.

"Жеңил жаза берилди"

Маркум кыздын адвокаттары жана прокуратура өкүлдөрү сот чечимине макул болбой, кыздын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн, бул ишке өгөй атасынын тиешеси бар экенин айтып, облустук сотко жана прокуратурага кайрылган. Облустук сот 2020-жылы июнда алардын жүйөсүн туура деп таап, ишти тергөөгө кайтарган. Прокуратура өз билдирүүсүндө, наристенин өлүмүнө өгөй атасынын катышы болушу мүмкүн экенин көрсөткөн жагдайларга көңүл буруп, ал баланы дайыма сабап, кордоп жүргөнүн белгилеген.

Көп өтпөй ишке шектүү катары өгөй атасы кармалып, камакка алынган. Сузак райондук соту аны Кылмыш кодексинин 135-беренеси ("Этиятсыздыктан киши өлтүрүү" 2017-жылкы редакциясы) менен айыптаган. 2021-жылы ноябрда өгөй атаны 4 жарым жылга эркинен ажыраткан. Айыптоочу тарап менен адвокаттары соттун бул чечимине караманча каршы чыккан.

"Тергөө 130-берене - "Адам өлтүрүү" беренеси менен жүргөн. Бирок сотко келгенде анын беренеси өзгөрүп, "Этиятсыздыктан киши өлтүрүү" беренеси менен айыпталып калды. Ага жараша жаза өтөө мөөнөтү аз, 4 жарым жыл деп берилген. Сот кыздын кандай мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүнө, денесиндеги оор жарааттар тууралуу соттук-медициналык экспертизанын корутундуларына көз жумуп койгон. Кыз аябай кыйналып жатып жан берген. Кийимдеринен, денесинен бут кийимдин изи алынган, демек тепкилеген да болушу мүмкүн", - деди Нурислам Райимжанов.

Натыйжада, Жалал-Абад облустук соту бул ишти быйыл мартта карап, райондук соттун чечимин жокко чыгарды. Облустук сотто өгөй атанын ишине Кылмыш кодексинин 138-беренесин ("Ден соолукка оор зыян келтирүү" 2017-жылкы редакциясы) кошуп, айыптаган. Ага 10 жыл жаза мөөнөтүн чегерип, бирок Жеңиш күнүнө карата чыккан мунапыс менен жаза мөөнөтүнүн үчтөн бир бөлүгүн кыскартып салган.

Жактоочулар облустук соттун чечимине макул болбой, Жогорку Сотко кайрылган. Адвокат Нурислам Райимжанов 2,5 жаштагы кызды өлтүргөн адам өмүр бою абакка кесилиши керек деп эсептейт.

"Туратали Үсөновду облустук сот тарабынан айыпталган 135, 138-беренелерден тышкары 130-берене "Адам өлтүрүү" беренесин кошуп соттошун суранып жатабыз. Жалал-Абад облустук сотунун өкүмү өзгөртүлүшү керек. Анткени, облустук сотто материалдык-укуктук нормалар бузулган деп эсептейбиз. Жаза-процессуалдык кодекс боюнча Жогорку сот иштин ушул бөлүгүн карап, өзгөртүп коё алат. Бул адам мурда бир нече жолу соттолгон, буга чейин кылганына бир да жолу өкүнгөн жок. Ошондуктан, бул адамга эч кандай жеңилдик болбошу керек, коомго коркунучтуу адам катары өмүрүнүн аягына чейин абакта калышы керек деп эсептейбиз".

Наристе кыздын өлүмүнө айыпталып, камалган Туратали Үсөнов өзү күнөөсүн моюнуна алган эмес. Асиянын апасына чейин эки жолу үйлөнүп, мурдагы никесинен бир баласы бар экени соттук документтеринде жазылып жүрөт. Тураталинин жакындары бул иш боюнча сөз кылгысы келбесин айтты.

Тураталинин адвокаты Батырбек Артыков бул иште 130-берене менен айыптоо туура келбейт деп "Азаттыкка" билдирген:

"Жазык кодексинин 130-беренеси "Адам өлтүрүү" бул ишке таптакыр дал келбейт. Ошондуктан, облустук сот 138-берене "Ден соолукка оор зыян келтирүү" менен айыптап,10 жылга камаган. Айыпталуучу кызды ачуусу менен түртүп жибергенде, башы менен дубалга тийгенин айтып жатат".

Асиянын өлүмүнө айыпталып апасы соттолгон учурда сот андан мамлекеттин эсебине 800 эсептик өлчөмдө - 80 миң сом айып пул өндүрүүнү өкүм кылган. Келиндин атасы аны төлөп берген. Ушул тапта адвокат Нурислам Райимжанов ошол акчаны кайтарып алуунун аракетин көрүп жатат.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылы балдарга зомбулук көрсөтүү боюнча 3034 иш тергелип, анын 534ү сотко өткөрүлгөн. 1854 иш кыскартылган. Милициянын маалыматында, өткөн жылы 293 бала сексуалдык зомбулукка кабылган.

Ал эми Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги акыркы үч жылда балдарга карата сексуалдык зомбулук эки эсе, психологиялык зомбулук үч эсе, денеге залал алып келген зомбулук 30% көбөйгөнүн быйыл февралда билдирген.





Губернаторы России
Москва

Собянин сообщил о планах создания отечественной платформы электромобиля





Москва

Национальный конгресс по регенеративной медицине впервые пройдет в Санкт-Петербурге: ученые и врачи обсудят достижения и перспективы развития регенеративной биомедицины


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин. Главное за день



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Сергей Шнуров

Почему мужчины возвращаются к бывшим женам через 10-20 лет: мнение С.Шнурова и Д.Нагиева




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Звезды спорта. Кто они такие и почему их так называют?

Сергей Лёвкин: в Митине завершат возведение физкультурно-оздоровительного комплекса

Полезные приложения для поклонников спортивной ходьбы


Уимблдон

Медведев рассказал, как ударился головой перед матчем с Уиллисом на Уимблдоне в 2016 году



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Новые городские проекты в сотрудничестве с парком Юрия Лужкова готовит Фонд Юрия Лужкова



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России