Кытайлык астронавттар жарым жылдан кийин Жерге кайтышты
Кытайлык үч астронавт жарым жылдык миссиясын аяктап Жерге кайтышты. Шэньчжоу-13 кемеси ишембиде Ички Монголия аймагындагы Гоби чөлүнө конду.
Бул - Кытайдын космос программасынын тарыхында эң узак сапар болду. Анын жүрүшүндө Ванг Цзяпинг алгачкы аял-астронавт катары ачык космоско чыкты.
Бээжин бийликтеги Коммунисттик партиянын аскердик канаты башкарган бул тармакка миллиарддаган доллар салып, Айга адамды жөнөтүүнү көздөөдө.
Кытай алгачкы жолу астронавтын Жердин орбитасына 2003-жылы учурган, 2013-жылы роботун Айга, былтыр Марска жөнөткөн.
Кытай Эл аралык Космос станциянын программасына кирген эмес.