Кыргызстандык православдар Пасха майрамын белгилешүүдө
Кыргызстандык православдар бүгүн апрель айынын акыркы жекшембисине туура келген Пасханы белгилешүүдө. Бир күн мурун христиан коомчулугу ыйык ишемби күнүн тоскон.
Президенти Садыр Жапаров православдарды Пасха майрамы менен куттуктап, . өлкөнүн көп улуттуу жана көп конфессиялуу элине биримдик, өз ара түшүнүшүү, урмат-сый каалай турганын айтты.
Кыргызстанда миңдеген православ динин тутунгандар жашайт жана 40тан ашык чиркөө бар.
Алгачкы православдык чиркөө коому 1860-1870-жылдардын аралыгында Чүй жана Ысык-Көл өрөөндөрүндө негизделген. Башында сыйынуулар жана диний жөрөлгөлөр жөнөкөй үйлөрдө жүргүзүлүп турган. 1880-жылдан баштап алгачкы православдык храмдар менен чиркөөлөр курула баштаган. (SE)