Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Апрель
2022

Июнь коогасы: Садыр Жапаров дагы күбө катары сурак берди

0
Июнь коогасы: Садыр Жапаров дагы күбө катары сурак берди

Президент Садыр Жапаров дагы июнь коогасына байланыштуу күбө катары 27-апрелде Башкы прокуратурага сурак берип чыкты. Бул тууралуу башкы көзөмөлдөөчү органдын басма сөз кызматы билдирди.

Садыр Жапаров 2010-жылы Апрель ыңкылабына чейин Мамлекеттик кадр кызматына караштуу Коррупциянын алдын алуу боюнча агенттиктин директору болуп турган.

Башкы көзөмөлдөөчү орган 26-апрелде 2010-жылдагы июнь коогасына байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергөө уланып жатканын билдирген. Ага ылайык, кылмыш иши Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы президенти, экс-депутат, маркум Кадыржан Батыровдун Кыргызстандан чыгып кетишинен улам "кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренеси менен козголгон.

Бүгүнкү күнгө карата ошол маалда жетекчилик кызматтарда турган, иликтеп-териштирүүгө катышкан 15 адам сурак берген.

Алар:

Жалал-Абад облусунун мурдагы губернаторлору Бектур Асанов менен Жумагүл Эгембердиева; Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров жана аны уулу Руслан Бекназаров; Убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы Эмилбек Каптагаев; Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев; Апрель-июнь окуяларын иликтеген Жогорку Кеӊештин убактылуу комиссиясынын төрагасы Токон Мамытов; ички иштер министринин мурдагы орун басарлары Бакыт Алымбеков менен Сүйүн Өмүрзаков; Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов; Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков; Жалал-Абад шаарынын мурдагы мэри Максатбек Жээнбеков; Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев жана атайын кызматтын Жалал-Абад обласундагы башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Жаныбек Жоробаев.

Камчыбек Ташиев Башкы прокуратурага 25-апрелде күбө катары суракка кирип чыккан.

Ал башкы көзөмөлдөөчү органдан чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ошол кездеги Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн аракетин сындаган жана Батыровдун өлкөдөн чыгып кеткен жагдайы иликтенип, күнөөлүүлөр жоопко тартылышы керек экенин билдирген. .

Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү Ташиевдин дооматтарын четке кагып жатат.

2010-жылы Июнь коогасы маалында Ташиев Жалал-Абад облусунда жүргөн, ошол жылы күзүндө парламенттик шайлоодо "Ата Журт" партиясынын тизмеси менен депутат болгон.

УКМК туура бир жыл мурда 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген. Анда кылмыш иши Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу экенин кабарлаган.

Анын алдында президент Садыр Жапаров атайын кызматка Июнь окуясындагы материалдарды кайра иликтөөнү тапшырган.

Расмий маалыматка ылайык, коогада 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул жаран ар кандай деңгээлде жараат алган. Ошол окуя учурунда 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у ушул күнгө чейин табыла элек.

2011-жылы Абдыганы Эркебаев башында турган Улуттук комиссия да коогалаң боюнча иликтөө жүргүзүп, "куралдуу кан төгүүгө Кадыржан Батыров башында турган сепаратисттик күчтөр, качкын президент Курманбек Бакиевдин жактоочулары жана кырдаалды туруксуздаштырууга кызыкдар сырткы күчтөр себепкер болду" деген корутунду чыгарган.





Губернаторы России
Москва

Собянин: За последние годы в Москве модернизировали более 100 библиотек





Москва

Дипломатическая бизнес-встреча «Россия - Африка» прошла в Белом Особняке Villa Barvikha


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Под заселение по реновации с начала года передали 20 жилых комплексов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Игорь Бутман

В «Зарядье» пройдет премьера спектакля Хабенского и Бутмана




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Аделина Панина: какие элементы фэншуй должны быть на кухне, чтобы есть и худеть

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о популяризации спорта

Спортивные прогнозы на OnlyBet


WTA

Надежда Петрова высказалась о перспективах Арины Соболенко снова возглавить рейтинг WTA



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о развитии ТЭК для достижения национальных целей



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России