Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Апрель
2022

Ош : Аткаминер менен депутаттын саясатташкан жер чатагы

0
Ош : Аткаминер менен депутаттын саясатташкан жер чатагы

Ош облусунун Араван районундагы жер чатагы парламентке чейин жетти. Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкуловду эл өкүлү Жалолидин Нурбаевди каралап жатат деп айыптап чыгышты.

Мындан улам ага чара көрүү тууралуу протоколдук тапшырма берүү сунушу менен спикер Талант Мамытовго кайрылышты. Мунун алдында Жаныкуловдун Араван районундагы мыйзамсыз берилген жерлер тууралуу билдирүүсү Ютубга чыккан. Анда депутат Жалолидин Нурбаев жана анын туугандарынын аты аталган.

Данияр Жаныкуловду сындаган билдирүүнү Жогорку Кеңештин 27-апрелдеги жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев баштаган бир катар эл өкүлдөрү жасап, ага карата чара көрүүнү сунуш кылды.

"Жалалидин Нурбаев инвестиция алып келип, элди жумуш менен камсыз кылып жатса, ошону көрө албай инвесторлорду качырып жатат. Ал (Жаныкулов-ред) кызматын таштап Ютуб жылдызы болуп иштесин же блогер болсун. Жалолидин Нурбаев депутат болгонго чейин жетектеген айыл өкмөт Кыргызстандагы алдыңкы айыл өкмөттөрдүн бири. Ошону каралап жатат", - деди Түмөнбаев.

Мунун алдында, 26-апрелде Ютубга Данияр Жаныкуловдун "Рейддин жыйынтыгы. Айыл өкмөттү ээлеп алган Нурбаевдердин кланы" деген аталыштагы билдирүүсү чыккан. Анда ал текшерүүнүн жүрүшүндө Аравандагы мыйзамсыз берилген жерлер аныкталганын билдирип, анда депутаттын атын атаган.

"Араван районундагы Алля-Анаров айыл өкмөтүндөгү 300 гектар жер чет өлкөлүк бир фирмага ижарага берилип кеткени аныкталды. Алар жер кыртышын бузуп, жерди тегерете аң казып салган. Башынан тартып ижара жана социалдык пакетке байланыштуу бир дагы документ туура түзүлгөн эмес. Ижара акысы дагы өз убагында төлөнгөн эмес. Биз барардан үч күн мурда 300 гектар жер үчүн мыйзам бузуу менен төгүп келген. Жылына 210 миң сом муктаж үй-бүлөлөргө социалдык пакет төлөнөт деген, эки жылда 2 сом 10 тыйын дагы төккөн эмес. Мындан тышкары Араван районундагы Чек-Абад, Нур-Абад, Юсупов айыл өкмөттөрүнөн 200-300 гектардан жер берип отуруп район боюнча жалпысынан миң гектар жер Жогорку Кеңештин депутаты Жалолидин Нурабев аркылуу келген инвесторго ижарага берилген. Бирок бир дагы айыл өкмөтүндө мыйзамдуу түрдө документтер жасалган эмес".

Жаныкулов билдирүүсүндө аталган айыл өкмөтүндөгү каралбай, иши токтоп калган маданият үйүнүн бир бөлүгү менчик мектеп үчүн ижарага берилгенин, анын жылытуу системасына айыл өкмөттүн эсебинен акча которулуп турганын айткан.

Мындан сырткары президенттин өкүлүнүн орун басары кадр маселесине байланыштуу мыйзамсыз иштер бар экенин, айыл өкмөтүнө караштуу жер 49 жылга ижарага берилип, ал жерге тигүү цехи курулганын, аны депутат Жалолидин Нурбаевдин бир туугандары иштете турганын билдирген. Маалыматка караганда, бул цехти "Ас-Сафа" кайрымдуулук фонду куруп берген. 200дөй киши иштейт деп пландалган.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев буга чейин Жалолидин Нурбаев башкарып келген Алля-Анаров айыл өкмөтүндө жасалып жаткан иштерге токтолуп, башкаларга үлгү болчу айылдардын бири экенин айтты.

"Эң жогорку бааны эл берет. Жалолидин Нурбаевге эл үч жолу баасын берди. 10 миңден ашуун добуштарды алып жүрөт, бир сом акчасын кетирбей Аравандан биринчи орунда шайланып келди. Мындан өткөн баа барбы, эл тандады. Алля-Анаров - бүт өлкөгө үлгү кыла турган айыл өкмөтү. Ошол жерге инвесторлор келип тигүү цехин салды. Төрөт үйү курулду, үч ФАП курулду, жолдор салынды. Айыл өкмөттөргө дагы инвестиция тартууга үлгү катары көрсөтсөңөр болот. Мамлекеттик кызматкердин этикасы бар. Туура, адилеттүүлүк үчүн күрөшөм, чындыкты алып чыгам десе алып чыга берсин, эч ким тоскоолдук кылбайт. Бирок соттун, прокуратуранын, милициянын чечими жок адамды күнөөлөө туура эмес".

Нурбаевди коргоп депутаттар Мирлан Самыйкожо, Өмүрбек Бакиров, Султанбай Айжигитов чыгып сүйлөп, Данияр Жаныкуловду тартипке чакырууга үндөштү. Бул маселенин чын-төгүнүн аныктоо үчүн депутаттык комиссия түзүү демилгесин дагы көтөрүштү.

"Азаттык" айрым жагдайларды тактоо үчүн Данияр Жаныкулов менен байланышты. Анын айтымында, аталган жерлер теги ооганстандык инвестор жетектеген "Вайт Стоун Компани" жоопкерчилиги чектелген компанияга кокон чайырын (ферула) эгүү үчүн ижарага берилген. Ал ижарага алынган жерлердин бир бөлүгү гана иштетилгенин айтууда. Ошондой эле жерди инвесторго берүү боюнча жергиликтүү тургундар менен коомдук угуу өтпөгөнүн, аны иштетүү боюнча тийиштүү мекемелерден уруксат албаганын кошумчалады.

"Алля-Анаров айыл өкмөтүндө 300 гектар жердин жанында айыл чарба багытында пайдалануучу кайракы жер бар. Ошол жерге контейнерлерди орнотуп, ферула өстүрөт деп Ооганстандан келген адамдарды багышкан. Ал жерге даараткана, жууна турган жайларды, ашкана салышкан. Ал жердин категориясын өзгөртүү үчүн мамлекеттик органдардын баарынын уруксат кагаздары болушу керек. Эч ким билбейт экен. Өздөрү каалагандай кылышкан. Бир гектарын 500 сомдон ижарага берген. Жергиликтүү дыйкандар деле ушунча акча төлөп жерди өздөштүрүп жатат. Анда инвестор болгону кайсы? Дыйкан иштеткен жерди тартып алып инвесторго берип койгон".

Ютубда Жаныкулов катышкан жыйындардын биринде жергиликтүү тургундардын айрымдары буга чейин иштетүүгө жер сурап бир нече жолу айыл өкмөтүнө барышканын, инвесторго берүү тууралуу талкуу болбогонун айтып жатканын көрүүгө болот.

Алля-Анаров айыл өкмөтүндөгү бир катар кемчиликтерин чагылдырып келген иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков талкуу жараткан бул маселенин "керкисинде да, кемтигинде да" бар деп эсептейт.

"Араван районундагы Алля-Анаров айыл өкмөтүндө адаттан тыш нерселер көп эле болуп жаткан. Анын мурунку башчысы табышмактуу фигура, буга чейин ар кандай кылмыштары жөнүндө айтылып келет. Бул имиш болуп айтылып, эч ким далилдерин чыгара элек. Ал адамдарга жага турган дагы ишмердүүлүктөрдү кылган. Бирок анын артында өзүнүн бир туугандары, өкүл балдары сыяктуу өзүнүн тарапташтарын гана ишке алып, ошолор менен чөйрө түзүп алгандыгы чын. Айыл өкмөттө көп эле иштерди аткарганы чын. Анын көпчүлүгү бюджеттик каражаттан эмес, "Ас-Сафа" фонду аркылуу болгон. Анткени, анын бир тууганы ошонун өкүлү. Мындан сырткары бул райондо эки цемент завод бар, андан дагы көп акча түшөт. Көп акча түшкөн жерде начар иштөө мүмкүн эмес. Бул жагынан алганда бул кишинин кыйындыгынан айыл өкмөткө бир нерселер салынды дегенге такыр кошулбайм. Экинчиден, президенттин облустагы өкүлүнүн Алля-Анаров айыл өкмөтүнө барып, анын ишин сындаганы туура. Бирок ал чиновник, мамлекеттик кызматкер. Эгер жергиликтүү кызматкер ката кетирген болсо, аны элге чыгарып, уяткарып, элдин алдында "хайп" жасагандан көрө мыйзамдуу чараларды көрүш керек эле. 300 гектар жер мыйзамсыз берилип кеткен болсо, аны прокуратурага бербейби. Туугандарын толтуруп, ишке алганын аныктай алса, прокуратурага кайрылып, укуктук баа берүүнү талап кылбайбы?", - деди журналист Исаков.

Ал ортодо президенттин өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов Жогорку Кеңештин депутаты Жалолидин Нурбаевдин Аравандагы Алля-Анаров айыл өкмөтүн жетектеп тургандагы мыйзам бузуулар тууралуу президентке, өкмөт башчыга жана прокуратурага кайрылуу даярдалып жатканын "Азаттыкка" билдирди.

Депутат Жалалидин Нурбаев азырынча комментарий бере элек, аны менен байланышуу аракетебизден майнап чыккан жок. Ал соңку парламенттик шайлоодо бир мандаттуу Араван округунан депутат болуп шайланып келген. Ага 15 миңге жакын шайлоочу добуш берген. Депутат болуп келгенге чейин айылдык кеңештин депутаты, 2014- жылдан тартып аталган айыл өкмөтүнүн башчысы болгон.

Бул убакыт аралыгында бир катар имараттар, анын ичинде айыл өкмөттүн имараты курулган. Араб инвесторлорунун жардамы менен айылга суу чыгарылган. 2020-жылы айыл өкмөттөр ортосундагы республикалык сынакта Алля-Анаров айыл өкмөтү 3-орунду алган.

Айыл өкмөт башчыларынын мыйзамсыз жер сатууга байланыштуу айыпталган учурлары буга чейин дагы кездешкен.





Губернаторы России
Москва

Собянин рассказал, как можно посетить экскурсии в зданиях посольств разных стран





Москва

Правительство РФ сообщило о перевыполнении планов по достижению цифровой зрелости национальной экономики


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин сообщил о планах создания отечественной платформы электромобиля



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Булат Окуджава

Телеведущего Урганта исключили из концерта памяти Окуджавы "Заезжий музыкант"




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

«Бавария» победила «Вольфсбург» в 500-м матче Нойера в Бундеслиге

"Зенит" в Москве обыграл ЦСКА и сравнял счет в серии

Турнир по бильярдному спорту «Кубок Мэра Москвы» продлится до 18 мая в столице


Даниил Медведев

Тарпищев: нельзя Медведева назвать главным претендентом на золото Олимпиады



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Более 150 пар из 79 регионов: На выставке "Россия" прошла массовая свадебная церемония



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России