Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Апрель
2022

Казак премьеринин сапары: Чек арадагы тоскоолдук качан токтойт?

0
Казак премьеринин сапары: Чек арадагы тоскоолдук качан токтойт?

Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов Бишкекте Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушту. Эки өлкө ортосундагы жүк агымын өткөрүүдөгү тоскоолдуктар, соода-экономикалык жана суу-энергетикалык кызматташтыктын абалы талкууланды. Буга чейин кыргыз тарап Казакстанды экономикалык блокадага айыптап, бийликти ага каршы чара көрүүгө чакырган.

Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын соңунда тийиштүү протоколго кол коюлду. Эки өлкө өкмөт башчылары кол койгон документте кыргыз-казак экономикалык кызматташытыгы, “Ак-Тилек” (Кыргызстан) жана “Кара-Су” (Казакстан) чек ара өткөрмө бекетерине соода-логистикалык комплекс салуу жана ал жерди эркин экономикалык аймак катары түзүүнү караштыруу жана технология жаатында алаканы күчөтүү каралган.

Казак мамлекет башчысы Касым Жомарт Токаевдин Кыргызстанга сапары да талкууланганын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады.

Буга чейин аткаруу бийлигинин басма сөз кызматы чек арадагы жүк ташуу боюнча сүйлөшүү ийгиликтүү болгонун билдирген.

Смаиловдун сапары, күтүүсүз ооруканага жаткан Жапаров

Казакстандын жаңы премьер-министри Алихан Смаиловдун 29-апрелге пландалган Бишкекке сапары кийинкиге жылышы мүмкүн экени айтылган болчу. Буга Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 28-апрелде күтүүсүз ооруканага жатканы себеп болду.

Бирок эртеси өкмөттүн басма сөз кызматы бул визит артка жылбай турганын маалымдады.

Казакстандын премьер-министри Алихан Смаиловду 29-апрелде түштөн кийин Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Арзыбек Кожошев “Манас” аба майданынан тосуп алды. Андан ары Бишкекке келген казак кесиптешин күтүп, атайын ооруканадан чыккан Акылбек Жапаров аны менен өкмөт үйүндө жолукту.

Өкмөттүн басма сөз өкүлү Марат Кыдыралиев жүк өткөрүүдөгү тоскоолдуктарды жөнгө салуу маселеси чечилгенин билдирди:

“Бардык жетишилген макулдашуулар протоколдорго түшүрүлөт. Алардын арасынан жанагы айтылган жүк өткөрүү көйгөйү азыр эми актуалдуу болбой калды. Ошентсе да ал маселе каралат. Жүк өткөрүүдө электрондук документтер толук болсо, казак тарап өткөрбөй койо албайт. Анан көбүнчө ошол документтерин алып барбай эле чек арага барып алган биздин жүк ташуучуларды казак тарап токтотуп, анан алар даттанып жатышпайбы. Азыр эми биз тараптан дагы күзөт коюлуп, документтери толук эмес айдоочулар киргизилбей турган болду”.

Жүктөрдү ташуу, соода-экономикалык алаканы сактап, аны тереңдетүү боюнча эки тарап тиешелүү протоколдорго кол койгону кабарланды.

Кыргыз тарапты кыжаалат кылган тыгындар

Буга чейин чек аранын казак тарабынан жүктөрдү өткөрүү кыйындап, узун тыгындар пайда болуп турган. Арзыбек Кожошев жакында казак кесиптеши Бахыт Султанов менен бул маселени тез арада жөнгө салуу үчүн “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинен жолукту.

Арзыбек Кожошев жүк өткөрүүнүн жаңы тартиби бекитилерин белгилейт:

“Бул протоколдо негизги маселе эгерде тиешелүү документтери толтурулбаган болсо, анда ал автожүк ташуучу унаалар кыргыз чек арасынан эле өткөрүлбөйт. Ал эми транзит менен Орусияга кетип жаткан жүктөргө казак тарап тийишпей, өткөрүүнү өз мойнуна алды. Бирок ал жүктөр Казакстандын аймагында калбай, өтүп кетиши керек”.

Кыргызстандын бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков парламентте казак бийлиги жүк өткөрүүгө жасалма тоскоолдуктарды жасап, жүк ташуу эки эсе азайып, анын айынан өлкө бажы төлөмдөрүнөн түшчү кирешелерден кол жууп жатканын билдирди:

“Өткөн жумада эле сегиз чакырымга созулган автожүк ташуучу унаалардын узун кезеги бир нече күн кармалып турду. Анан ошондон кийин тиешелүү кызматтар менен Арзыбек Кожошев барып, казак өкмөт башчысынын орун басары менен жеринде жолугуп, сүйлөшүп, маселе чечилгендей болгон. Бирок азыр тыгындар чек арада болбой калганы менен биздин жүк ташуучуларды ары ичкери алып кирип алышып, “Барс” базарынын аймагындагы терминалдарда талкалап жатышат. Кыйынчылык жаратып, товарларды өткөрүүгө эптеп эле тоскоолдук кылуу жүрүп жатат”.

Депутаттын сууну бөгөп, жооп кайтаруу сунушу

Парламентте кыргыз-казак чек арасындагы абал экономикалык кысым катары каралып, депутаттар кыргыз тараптын жоготууларын эсептеп чыгууну сунушташты.

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков казак тараптын бул кадамын кыянатчылык деп атап, өкмөттү ага каршы чукул чараларды көрүүгө чакырды.

“Биз муну боордош казак элинин бизге жасап жаткан кыянатчылыгы деп билебиз. Биз дагы сугат маалы башталганда аларга карата сууну бөгөп, блокада жасаш керек. Мен ушуну сунуштайм. Биз Кыргызстан менен Казакстан ЕАЭБ уюмуна мүчөбүз. Биз азыр Өзбекстан менен мамилебиз аябай жакшы мамиледебиз. Кошуначылык, бир тууганчылык деген ушундай болушу керек. Бардыгыбыз боордош элдербиз”.

Акорданын жообу

Жогорку Кеңештин депутатынын бул чакырыгына Казакстандын премьер-министринин орун басары, финансы министри Ерулан Жамаубаев токтоосуз жооп кайтарды. Ал казак тараптын кыргыз өкмөтү менен пикир келишпестиги жоктугун айтып, Кыргызстан сугат маалында сууну бөгөп салууга эч бир негиз жок экенин белгиледи:

"Бизде андай деле көйгөйлүү маселе жок. Ал жакта доомат эмес, ал жактан кайсы бир кытай товарлары кыргыз тараптан казак чек арасына өтүп жатканы тууралуу маселе. Биз кыргыз тараптан кошумча нарк салыгы жана импорттук төлөм алынып, товарлар мыйзамдуу өтсүн деп жатабыз. Ошондой эле кыргыз кесиптештер менен бирге чек-арада экспорттук-импорттук көзөмөл уюштурганбыз. Ооба, ошондой фактылар бар. Мамлекеттик киреше комитети тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүүдө. Ошондон улам, албетте, кезек күтүүлөр жаралууда”, - дейт Казакстандын премьер-министринин орун басары Ерулан Жамаубаев.

 

Казакстан Кыргызстандагы Киров жана Орто-Токой суу сактагычтарынан чыккан сугат суусун пайдаланат. Мындан сырткары Кыргызстандын Токтогул суу сактагычынын суусу Өзбекстан аркылуу өтүп, Казакстандын түштүк аймактарындагы айдоо аянттары сугарылат.

Казак премьер-министри Бишкекте кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңештин 10-жыйынына катышып, соода-экономикалык, инвестициялык жана суу-энергетикалык тармактардагы тоскоолдуктарды жоюп, пикир келишпестиктерди жөнгө салууга басым жасалары айтылды.

Мындан сырткары чөлкөмдөгү коопсуздукка байланыштуу өзгөчө маанилүү маселелер тууралуу жабык сүйлөшүүлөр да өтөрү белгилүү болду.

Ошондой эле майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Бишкекке расмий сапары күтүлүп жатканы айтылды. Кыргызстан менен Казакстан эки тараптуу жана ЕАЭБ, Түрк кеңеши жана ШКУ уюмдары аркылуу көп тараптуу алкакта коңшулаш өлкөлөр катары кызматташып келет.





Губернаторы России
Москва

Собянин поздравил Мишустина с назначением на пост председателя правительства РФ





Москва

Приём подолога в Первом Даниловском медицинском центре


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Мэр Москвы Собянин сообщил об уничтожении беспилотника над Подольском



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Игорь Бутман

"Все наши — здесь": Бутман, Машков, Гусева, Немов поделились эмоциями от Парада Победы




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Фитнес прокачивает онлайн // Благодаря чему растет спрос на видеотренировки

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями

В рамках празднования Дня Победы в Москве пройдет ежегодный турнир среди студенческих футбольных команд «Вызов»


Анна Блинкова

Россиянки Аванесян и Блинкова вышли во второй тур турнира в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России