Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Август
2022

"БШК бийликтин тапшырмасын аткарарын көрдүм"

0

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева болду.

Ал маегинде Усубалиевди мамлекеттик дачадан ажыратканы, Акаевдин сунушу менен кызматка келиши, Бакиев бийлигинин шайлоону бурмалашы, “Ата-Журт” партиясына кошулганы, анын лидерлери менен ажырашканы ж.б. тууралуу кеп кылат.

-Жылдыз айым, сиз 1985-1990-жылдары Ак үйдүн иш башкармалыгында иштептирсиз. Ошол учурдагы жетекчилер Усубалиев, Масалиев кандай жашашчу эле, мамлекет тараптан кандай камкордукка алынган?

-Эстониядан келгенден кийин мамлекеттик банкта бир аз иштедим. Андан кийин Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин иш башкармалыгына которулгам. Ал учурдагы жетекчилердин турак-жай, коммуналдык маселелери менен алектендим, баары менин көз алдымда өттү. Сиз айтып отурган эки улуу инсандын мамлекеттик резиденциядагы жашоолору абдан жөнөкөй болгон. Алардын жашоосу, жүргөн-тургандары мага чоң тарбия, тажрыйба болду.

Айталы, Турдакун Усубалиев кызматтан кеткенде дачадан чыгарып коюшкан, жашаган үйүн да алабыз дешкен. Үйүнө жаман сөздөрдү да жазып кетишкен учурлар болду. Ал кишинин үйүнө кирем деп итке таланып кала жаздагам.

Мен ошондо иш башкармалыктын бөлүм башчысы катары “Усубалиевге карата адилетсиз мамиле болуп жатат” деп, Кремлге кат жазгам. Кийин башкалар да жазышты. Москвадан жооп болуп, кишилер келип, териштирүү жүргөн. Анан баарын калыбына келтиришкен, Турдакун Усубалиевичтин партиялуулугун да ордуна коюшкан. Кийин ал киши, жубайы Гүлжекен эже экөө мени үйүнө чакырып, конок кылган. Жылуу сөздөрүн айтып, аягында устуканымды, башка майда-чүйдөлөрдү ороп берип, узатышкандары али эсимде.

-Сиз бир кезде Жалал-Абад облусунун губернатору болгон Бакиевдин орун басары болуп иштеген экенсиз, үзөңгүлөш болгонсуз. Бакиев президент болгондо өзгөрдүбү, дегеле ал киши жөнүндө эмне айта аласыз?

-Курманбек Салиевич өтө жөнөкөй, акылдуу, өнөр жайды абдан жакшы түшүнгөн адам. Акыйкат үчүн айтсам, бирөөгө жамандыгы жок инсан. Кызык окуя болгон. Облус губернаторунун орун басары катары дайындалып, Бишкектен Жалал-Абадга барганда ал киши мени кабыл албай койгон. Кийин билсем, бирөөлөр “Жылдыз Жолдошева Аскар Акаевдин кишиси, сиздин жаныңызга тыңчылык кылуу үчүн жиберип жатат” деп шыбырап коюшат. Бакиев мага башында ишеним артпай жаткандыктан, “эгер ишеним көрсөтпөсөңүз, мен да иштеше албайм” деп өзүнө айткам.

-Сиз Аскар Акаевдин көзүнө кандайча илинип, ал кызматты кандайча сунуштап калды?

-Аскар Акаев президент болуп турганда мен Бишкек шаарынын Биринчи май районунун акиминин орун басары болуп иштейт элем. Бир күнү президент аялдарга байланыштууу форум өткөрүп калып, мен кыргызча доклад жасап, Мира Жангарачева орусча сүйлөгөн. Ал учурда аялдарды жетекчи кызматтарга тартуу колго алынбай калган, парламентте да саналуу аялдар бар эле. Ошол иш чарада Аскар Акаевич бизди байкап калыптыр. Жалал-Абад облусуна кызматка жиберүү да президенттин сунушу болуп калды.

-Сиз 2005-жылы Борбордук шайлоо комиссиясына мүчө болгон экенсиз, Бакиев өзү сунуш кылган деп айтылып калат, ушул чынбы?

-Бакиев президент болуп келгенден кийин менин тагдырыма көңүл бурган эмес. Анда мен “Курманжан датка” фондун иштетип жүргөм. Бир жолу телефон чалышты, келсем “Борбордук шайлоо комиссиясына жумушка чакырам, иштеп бериңиз” деп Бакиев өзү сунуш кылган. Анда айлыгы деле жок, 4 миң сом стипендия төлөгөн коомдук жумуш эле. Билесизби, кайсы бийлик болбосун адилет, акыйкаттыкты айткан адам дайыма ыңгайсыз адам болот.

-Сизди президент ал кызматка жөнөтүп жатканда өз киши деп кандайдыр бир сунуштарын, тапшырмаларын айтты беле?

-Жок андай болгон эмес. Бакиев деле таза иштөөгө аракет кылган. Мен кимдир бирөөнүн буйрутмасын аткарбай турганымды ал жакшы билчү. Ошентип мен президенттин квотасы менен барып иштеп калдым. Ошондо мен көп нерселерди билдим. БШК бийликтин көп тапшырмаларын аткарарын көрдүм.

-Ак үйдүнбү?

-Ооба, Ак үйдүн. Мен баргандан кийин эле мыйзамсыз көрүнүштөргө каршы турдум.

-Мисалы, Ак үйдүн бир тапшырмасы жөнүндө айта аласызбы?

-2007-жылы парламенттик шайлоо болду. "Кайсы партия парламентке өтүш керек, кайсы бир партия өтпөш керек" дегенди Ак үй чечип жатканын көрдүм. Эки ай шайлоонун жыйынтыгы чыкпай туруп калды. Мыйзамсыз нерселер болуп жатканы үчүн БШКнын жалпы протоколуна мен, Бапанова эже, Акылбек Сариев кол койбой койдук. Үчөөбүздү кол койдурабыз деп канча убара болушту. Анан ошондо мен Курманбек Салиевичке киргенге аракет кылып жатсам, Роза Отунбаева телефон чалып: “Сиз акыйкатты туу туткан адамсыз, Алмазбек Атамбаев партиясына 8 орун берип жатса, макул болбой жатыптыр. Сүйлөшүп көрбөйсүзбү" деп калды. Мен Атамбаев менен сүйлөшпөйм, өзү чыксын, сүйлөшөйүн дедим.

-Кайсы партиянын Жогорку Кеңешке келишин Ак үй өзү бөлүштүрүп жатабы?

-Бөлүштүрүү аргасыздан болгон. Себеби, иш жүзүндө дээрлик көпчүлүк добушту бийликтин “Ак жол” партиясы алган. Ак үйдүн айласы кеткен. Жалгыз партия парламентке келсе, Кыргызстанда демократия жок деген сөз. Демократиясы жок болсо, бизге сырттан грант, арзан кредиттер келбей каларын бийлик жакшы түшүнгөн. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркулов менен “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев экөө кабинетте мушташып кете жаздашкан.

Медет Чоканович үйүнө Болот Шер менен Текебаевди конокко чакырып, ымалага келебиз деп аракет кылган, бирок тил табыша алышкан эмес. Анын баарын билгенден кийин “силер дагы бир төңкөрүштүн капкагын ачып жатасыңар” деп Медет Чокановичтин бетине айткам. Ал киши өтө көп жумушту, көйгөйдү моюнуна алып алган эле. Администрация башчысынын шайлоого кийлигишүүгө таптакыр тиешеси жок болчу, мыйзамсыз көп көрүнүштөр болгон. Мен көп жаман нерселерди көрдүм. Ошентип соодалашып отурушуп, “тортту” бөлө албай кыйналышкан.

Маекти толугу менен видеодон көрө аласыз.





Губернаторы России
Москва

Сергей Собянин. Главное за день





Москва

Представители народов Чувашии почтили память погибших в годы Великой Отечественной войны


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Неделя мэра: новая «Иволга» и комплексное благоустройство



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Булат Окуджава

Сотрудники библиотеки №12 им. А.К. Толстого Брянска провели музыкально-литературный вечер к 100-летию со дня рождения поэта Булата Окуджавы




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Парад победы в Москве завершился пролетом авиации

В рамках празднования Дня Победы в Москве пройдет ежегодный турнир среди студенческих футбольных команд «Вызов»

Футбольный турнир «Вызов» для студентов станет частью праздничных мероприятий ко Дню Победы


Елена Рыбакина

Елена Рыбакина напугала болельщиков перед защитой титула



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Жизнь

В День Победы фонд Оксаны Федоровой представит концерт «Мои герои большой войны» на Тверской площади



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России