Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Август
2022

Өзбек жарандары Оштогу таксисттердин өкүмзордугуна нааразы

0
Өзбек жарандары Оштогу таксисттердин өкүмзордугуна нааразы

Өзбекстандын айрым жарандары Оштогу такси айдоочуларынын айынан кыргыз бийлигине кайрылып, алардын өкүмзордугуна даттанышты.

Телеграм каналдарга 2-августта жарыяланган кайрылууда, Орусиядан "Ош" эл аралык аэрпортуна учуп, андан ары Өзбекстанга кетчү жарандарды аэропорттогу такси айдоочулары зордоп машинесине салып, чек арага чейинки беш-алты чакырым жерге ар бир кишиден 500 сомдон алып жатканы айтылат.

"Өзбекстандык мусаапырлар акчасын аяп, Ош аэропорту аркылуу келип жатышат. Ал жерде өзүнчө мафия жасап алган айрым айдоочулар машинесине беш-алты адам салып алып, зордук менен алты чакырым ары жактагы "Достук" чек арасына жеткирип, ар биринен 500 сомдон алып жатат",- деп даттанган Өзбекстандын жараны.

Буга чейин да "Азаттыкка" өзбекстандык жарандар кайрылып, кээ бирлери 5000 сомдой акчасын таксиге төлөгөнгө мажбур болгонун билдиришкен. Бул маселе Твиттер жана башка социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланууда.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” бекетинде өзбекстандык жарандарды коркутуп, мажбурлап автоунаасына салган айдоочуларды көрүп, алар менен кер-мур айтышкан адамдар да социалдык тармактарга пикир жазып жатышат.

Алардын бири Жалал-Абад шаарынын тургуну Бакыт Молдожанов “Достук ” чек ара постунан Өзбекстандан туугандарын тосуп алганы барганда айдоочулар менен уруша кеткен. Алар Молдожановду таксист катары көрүп, кардарларды талашып жатат деп кабыл алган.

"Өзбекстандык кыргыздардан туугандарым бар. Алар Орусиядан учуп келгенде ошол таксисттер менен бир-эки жолу кез келгем. Мен унаам менен аларды тосуп алганы бардым. Өзбекстандын жарандары сыртынан көрүнүп эле турат. Баштыктары менен чыгып. Анан таксисттер дароо сумкасынан кармап машинесине мажбурлап отургузат. Мен кое бергиле, бул менин балдарым десем, "жок, биз алып кетебиз" дейт. Туруп тур, булар менин тууганым десем, "тууганың эмес, сен дагы таксистсиң" деп жакалашканга чейин барганбыз. Мен алардын нанын тартып алгандай орой мамиле кылган".

Буга чейин журналист Шохрух Саипов да "Достук" чек ара бекетиндеги кыргызстандык таксисттердин "Ош" аэропорту аркылуу башка өлкөлөргө учкан өзбекстандыктарга болгон зомбулугуна өзү күбө болгонун айтып чыккан.

Милициянын маалыматына караганда, социалдык тармак аркылуу буга чейин 14 ирет кайрылуу келип түшкөн. Алардын жетөө боюнча тергөө иштери жүрүп, бирок бири да аягына чыккан эмес. Анткени кайрылган жарандар милицияга келип көрсөтмө берүүдөн баш тартышкан.

"Мыйзам боюнча далилдер болбосо тергөө иштери жүрбөйт",- деп түшүндүрдү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев.

Анын айтымында, милиция таксисттердин мыйзамсыз аракеттери тууралуу кабардар. Аширбаев аларды "атайын уюшулган топтор" деп сыпаттады.

"Ош аэропортунун жака белинде жайгашкан айылдардын тургундары аэропортто жана "Достук" чек ара постунда эч бир таксисттерди каттамга кошпой, өздөрүнчө топ уюштурган. Өздөрү каалаган бааны коюп алышкан. Муну менен күрөш тынымсыз болуп келет. Бир топту кетирсең, кийинкиси пайда болот. Арасында өз кызыкчылыгын жалпы мыйзамдан да жогору коюп, мамлекетти уят кылып койгондору бар. Булар менен күрөш жүрүп жатат. Айрым комментарийлерде жазылгандай, аларды бош койгон жерибиз жок. Бизден башка да фискалдык органдар иш алып барууда".

Ошол эле кезде Оштогу активисттердин бири Датка Шабдан уулу милициянын жана жергиликтүү бийликтин аракетин "чабал" деп сындады:

"Бул көрүнүштүн кайра-кайра коомчулукка, соцтармакка чыга бериши өтө уят. Өлкөнүн беделине доо кетирген мындай терс көрүнүштөрдү күч органдары, жергиликтүү бийлик тартипке сала албаганы андан бетер өкүнүчтүү. Быйыл туризмди өнүктүрөлү деп жатабыз. Туристтерге ушундай мамиле жасалса, анда бизге ким келет? Биз таксисттерди тартипке сала албай, чара көрө албасак кайсы турист келет?".

Мындан бир нече ай мурун президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов “Достук” өткөрмө бекетине барып, өзбекстандык жарандарды коркутуп таксиге отургузгандар жана чек арачылардын пара сураганы боюнча фактыларды териштирген.

Ал милицияга жана жергиликтүү бийликке тапшырма берген. Облустук бийликтин маалымат кызматы видео байкоочу камералар коюлуп, такси кызматы үчүн атайын токтотмо жай башка орунга жылганын жарыялаган. Социалдык тармактардын колдонуучулары андан кийин деле өкүмзордук токтой электигин айтып жатышат.

Жергиликтүү бийлик акыркы окуялар боюнча азырынча маалымат бере элек.





Губернаторы России
Москва

В мэрии Москвы рассказали о новых маршрутах круизных теплоходов





Москва

Армяне в Великой Отечественной войне: Иван Георгиевич Магакьян


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин назвал самые популярные у москвичей услуги и сервисы mos.ru



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Бато Багдаев

Театр и дети, Культура и Россия: Об артисте госцирка Бурятии Саяне Дондокове




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Развод на договорных матчах: схемы, риски и пути предотвращения

Баскетбольный «Зенит» с разницей в 14 очков проиграл в Москве ЦСКА и уступает в полуфинальной серии Единой Лиги ВТБ со счётом 1–2

Калужане выиграли 8 медалей на всероссийских соревнованиях по пауэрлифтингу


WTA

Шнайдер вышла в третий круг турнира WTA-1000 в Риме, победив Самсонову в российском дерби



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России