Президент Жапаров Жетим-Тоого байланыштуу пикирин билдирди
Президент Садыр Жапаров Жетим-Тоодогу кенди иштетүүгө байланыштуу элге кайрылуу жолдоду. Мамлекет башчынын текст түрүндөгү кайрылуусу 14-августта Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.
"Эсиңиздерде болсо, президенттик шайлоодо “Эгер Жетим-Тоону 100 пайыз өзүбүз иштете турган болсок, сырткы карызыбызды Жетим-Тоо эле жаап коет” деп айткан сөзүм бар. Бирок азыр Жетим-Тоону иштетели деген эч ким жок", - деп белгилеген Жапаров "бүгүн эле Жетим-Тоону иштетип жиберүүгө даярдык жоктугун, геологиялык иштер жүргүзүлүп, запасын тактоо буйругу берилгенин" кошумчалады. Ал кенди Кыргызстан өзү иштете турганын, башкаларга үлүш берилбей турганын айтты.
Жапаров кенди иштетүүгө каршы чыккандарды сындаган өңүттө "Жетим-Тоону берип атышат" деп калп сүйлөбөөгө чакырды.
Нарын облусундагы Жетим-Тоо темир кенин иштетүү - 2020-жылдын октябрь айындагы элдик толкундоодон кийин өлкө башына келген бийликтин демилгеси. Алар кен казуу жолу менен тышкы карыздан кутулса жана экономиканы көтөрсө болорун айтып келет. Кийин жарандык активисттер "Жетим-Тоо темир кенин коргоо" кыймылын түзгөн.
Садыр Жапаров 2020-жылы премьер-министрдин милдетин аткарып турганда Жетим-Тоодо 50 миллиард тоннадай темир кени бар экенин, аны иштетүү ниетин билдирген. (SE)