Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Август
2022

“Жетим-Тоону иштеткенге даярдыгыбыз жок”. Президент Жапаровдун кайрылуусу

0
“Жетим-Тоону иштеткенге даярдыгыбыз жок”. Президент Жапаровдун кайрылуусу

Президент Садыр Жапаров Жетим-Тоодогу кенди иштетүүгө байланыштуу элге кайрылуу жолдоду. Мамлекет башчынын текст түрүндөгү кайрылуусу 14-августта Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды. Бул кайрылуу коомчулукта Жетим-Тоого байланыштуу талаш-талкуу күчөгөн учурда жасалды.

Кайрылууда Cадыр Жапаров өткөн президенттик шайлоодо “Жетим-Тоону 100 пайыз өзүбүз иштете турган болсок, сырткы карызыбызды жаап коет” деп айткан сөзүн эске салып, “бирок азыр Жетим-Тоону иштетели деген эч ким жок” деп билдирди.

“Эгер Жетим-Тоону иштетип калсак, 100 пайыз өзүбүз иштетебиз. Бир пайыз эмес, бир муштум ташын эч кимге үлүш катары бербейбиз. Бирок бүгүн Жетим-Тоону иштетели деген даярдыгыбыз жок. Жөн гана геология иштерин жүргүзүп, запасын тактап койгула деген буйрук берилген. Союз мезгилинде болжол менен изилденген запасы бар экен. Бирок корунун так көлөмү жок болгондуктан, тактап коелу деп, "Кыргызгеология" кызматкерлери иш жүргүзүп жатышат. Тактап койсок, биз иштетпесек, келечек муун иштетет”,- деди С.Жапаров.

Мамлекет башчы “эч нерсе боло электе эле билип-билбей, “Жетим-Тоону берип атышат” деп калп айтып, элдин башын айлантканды токтоткула” деп эскертти. Укук коргоо органдарына “жалган патриоттор, калпычылар менен тартипке чакыруу иштерин алып баргыла. Эмне үчүн элге туура эмес маалыматты таратып жатышат?” деп жазган.

 

Акыркы аптада айрым активисттер жана журналисттер Жетим-Тоо кенин иштетүүнү колдоп социалдык тармактарда пост жазып, анысы кызуу талкууга түштү. Ошол эле маалда кенди иштетүүгө каршы чыккандар да активдүү пикирлерин билдирип жатат.

11-августта Бишкектеги "Азия Молл" соода жайында жеке ишкер Илгиз Шаменов машинесинен жардыруучу затка окшош буюм табылганын билдирген. Милиция бул боюнча экспертиза дайындалып, иликтөө жүрүп жатканын айткан. Шаменов ички иштер органдарына көрсөтмө берип чыккандан кийин бул окуяны "Жетим-Тоону иштетүүгө каршы позициясы үчүн аны коркутуу аракети болушу мүмкүн" деген пикири менен бөлүштү.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 8-апрелде "Азаттык" менен болгон маегинде, Кумтөрдөн түшкөн кирише башка кендерди иштетүүгө жумшаларын, арасында Нарындагы Жетим-Тоо темир кени да бар экенин билдирген.

"Жетим-Тоо эки миллиард долларга чейин киреше берчү кен. Биз чийки затты сатпай, метал чыгарган завод да куралы деп жатабыз. Теңгиз Бөлтүрүктүн чакыруусу менен чет өлкөдөн 15-20 жакын адис келди, алар бизнес долбоорлорду даярдап жатат", -деген Жапаров.

Бул кенге байланыштуу маселе акыркы 10-15 жыл ичинде улам-улам көтөрүлүп келет. 2020-жылдын октябрында бийлик алмашкандан кийин коомчулукта талкуу кайра жанданды. Ошол кезде өкмөт башчынын жана президенттин милдеттин аркалап баштаган Садыр Жапаров бул жөнүндө 14-ноябрдагы басма сөз жыйынында кеп козгогон.

Ал Кытай мамлекетине төлөнчү карыздан кутулуунун жолу катары Жетим-Тоо кенин чийки зат бойдон берүү ыкмасы сөз болгонун айткан. Жапаров кен өзү коңшу өлкөгө берилбей турганын, карызды төлөөнүн башка жолдору табыларын тактаган эле.

 

Ага карабай бул жагдай эл арасында, социалдык тармактарда кызуу талкууларга жем таштап, анын ичинде бир катар саясатчылар Садыр Жапаровду сындап чыккан.

Жетим-Тоонун таржымалы

Курманбек Бакиев өлкөнү башкарып турганда анын уулу Максим кенди иштетүүгө 300 сомго лицензция алып, анын 80% кытайлык "Арт Майнинг" компаниясына 25 миллион долларга сатып жиберди деген маалымат тараган.

2010-жылы бийлик алмашканда Кытай компаниясына берилген бул лицензия жараксыз деп табылган. 2012-2013-жылдары кытай компаниясы сотко берип, лицензиясын кайтарып алуу аракети болгон. 2016-жылкы соттошууларда Жетим-Тоону иштетүүгө берилген лицензия мамлекетке кайтарылган.

"Ата Мекен" партиясынын лидери, ал кездеги парламент депутаты Өмүрбек Текебаев бул жөнүндө өзүнчө белгилегени бар.

"Кыргызстандагы, керек болсо дүйнөдөгү эң ири кендердин бири Жетим-Тоого лицензияны 2009-жылы Бакиевдер өздөрүнө 300 сомго алып койгон. Ошол фирманын 80% Максим Бакиев кытайлык компанияларга 20 млн. долларга сатып жиберет. Өзү болгону 20% алып калат. Анан кытайлык компания кенди иштетип баштаганда, 2009-жылы нарындыктар, жетиөгүздүктөр көтөрүлүп чыгат. Кыргызстандагы оппозициялык күчтөр, ошонун ичинде биз «Ата Мекен» партиясы да каршылык акциясын колдоп чыкканбыз. Бирок элди бакиевчилер тоготкон эмес. Жетим-Тоонун запасы 5-6 млрд. тонна темир, мунун баасы 80-100 млрд. доллар. Кумтөрдөн да чоң. Ушундай байлыгыбызды Максим Бакиев 300 сомго алып, чет элдиктерге арзан карматып жиберген. Бул коррупция, тоноо экендигин бүт эл көрүп, кыйкырып турду" , - деген Текебаев.

Убагында Жетим-Тоонун кытайлык компанияларга берилишине каршы Бишкекте жана Нарында бир катар нааразылык акциялары өткөн.

Геологиялык чалгындоолордун жыйынтыктарына таянсак, Нарын облусунун Нарын районундагы Жетим тоо кыркаларындагы (Хребет Джетим) кен 1956-жылы ачылган.

Кытай менен чектешкен жердеги бул тоодо темирдин запасын жаткан кендин узундугу 70 чакырым, туурасы 10 чакырым деп эсептелген. Тоо-таштын курамынын 15-46% темир түзөт. Айрым изилдөөлөрдө, анда алтындын жана башка кендердин да кошулмасы бар экени белгиленет.

Жалпысынан алганда, кен үстүртөн гана изилденген. Алгачкы изилдөөлөрдө анда С2 категориясындагы темир рудасынын 5,5 млрд. тонна (1,74 млрд. тоннасы темир) запасы аныкталган. Бирок кийин, 1980-жылкы изилдөөлөрдө таза темирдин көлөмү тоодо 10 млрд. тоннадай экени болжолдонгон.

Соңку геологиялык божомолдордо кара металлдын көлөмү кенде 3,5 млрд. тонна деп белгиленген. Бул көрсөткүч деле Жетим-Тоону дүйнөдөгү темирдин ири запасын камтыган кендердин катарына кошот.





Губернаторы России
Москва

Собянин объявил о начале сборки «Москвича» по технологии полного цикла





Москва

Правительство РФ сообщило о перевыполнении планов по достижению цифровой зрелости национальной экономики


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин объявил о начале сборки «Москвича» по технологии полного цикла



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Игорь Бутман

Игорь Бутман заявил, что Пугачева ему безразлична, и назвал ее ЖКП




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Собянин рассказал о ходе строительства Троицкой линии метро

«Бавария» победила «Вольфсбург» в 500-м матче Нойера в Бундеслиге

Турнир по бильярдному спорту «Кубок Мэра Москвы» продлится до 18 мая в столице


Андрей Рублёв

Рублёв в трёх сетах обыграл Маркоса Гирона и вышел в третий круг «Мастерса» в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

ВЗУ для будущих жителей ЖК «Пятницкие Луга» в Солнечногорске достроят летом



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России