Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Август
2022

Жетим-Тоо: блогердин кармалышы, эски видеонун чоо-жайы

0
Жетим-Тоо: блогердин кармалышы, эски видеонун чоо-жайы

Ички иштер министрлиги блогер Ырыс Жекшеналиевге "коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган маалыматты бөлүшкөн" деген негизде кылмыш ишин козгоп, камакка алды.

Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасына 19 жаштагы блогер УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин шайлоо алдында Жетим-Тоо кени тууралуу айтканы тартылган эски видеосун жайгаштырган. Сегизбаев дагы бул иш боюнча милицияга көрсөтмө берип чыкты.

Эсти чыгарган эски видео

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 15-августта блогер Ырыс Жекшеналиев 14-августта милицияга чакыртылып, ага Кылмыш жаза Кодексинин 278-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча иш козголуп, коомчулукка дүрбөлөң салууга жана башаламандыкка чакырууга багытталган маалымат таратканы үчүн кармалып, камакка алынганын ырастады. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Адилет Мусаев ага такталбаган маалымат камтылган эски видеону таратып, коомдук пикирди бурмалоого аракет жасаганы үчүн кылмыш иши козголгонун белгиледи:

"Жекшеналиев чакырылып, ал Фейсбукка тараткан Сегизбаевдин видео кайрылуусу боюнча тергөөгө көрсөтмө берди. Аталган видео эки жыл мурун даярдалып, андагы шайлоого байланыштуу экени аныкталды. Эски видеонун "Полит Узник" баракчасына жарыяланышында кээ бир активисттердин жалган жана так эмес маалымат таратуу кызыкчылыгы болгон жана Жетим-Тоо кенинин айланасындагы абалды курчутуу максатында коомдук ой-пикирди атайылап манипуляциялоого багытталганы байкалат. Аталган жагдайда кылмыштын курамы болгонуна байланыштуу Кылмыш жаза Кодексинин 278-беренесинин ("калайман баш аламандык") 3-пунктуна ("бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") ылайык кылмыш иши козголуп, Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө кызматы тарабынан тиешелүү ыкчам иш чаралар жүргүзүлүүдө".

Блогер Ырыс Жекшеналиев администратор болгон Фейсбуктагы “Полит Узник” баракчасына УКМКнын мурдагы төрагасы Сегизбаев 2020-жылы президенттикке талапкер болгон кездеги Жетим-Тоо кени тууралуу айткан видеосу 14-август күнү жайгаштырылган. Анда Сегизбаев президенттикке талапкер катары Жетим-Тоо темир кенин жаңы бийлик чет өлкөгө берүүнү көздөп жатканы айтылган. Бул видеонун кайра таратылып жатканы боюнча 14-август күнү Абдил Сегизбаев дагы сурак берип чыкканы кабарланды.

"Сегизбаев Жетим-Тоо кени тууралуу айткан видеосу мындан эки жыл мурда, президенттик шайлоого талапкер катары катышып жаткан маалда тартылганын айтты. Андан бери социалдык тармактарга кандайдыр бир билдирүү, маалымат жарыялабаганын билдирди. Учурда тергөөгө тиешелүү бардык аракеттер көрүлүп жатат", - деп айтылат ИИМ тараткан маалыматта.

Президенттик шайлоонун алдындагы үгүт өнөктүгү маалында даярдалган видеодо Сегизбаев коңшу өлкөнүн бирине болгон карыздан кутулуу үчүн Жетим-Тоо кенин казып, сыртка сатуу аракети болуп жатканын айтып, буга жол бербөөгө чакырык жасаган.

"Видеонун чыкканына эки жыл өткөндөн кийин бийлик бул боюнча маселеге эмнеге кайрылып жатканын билбейм. Абдил Кеңешевичтин (ред: Сегизбаев) оорусу олуттуу, ага азыр тынчтык керек", - деп анын жубайы Айнура Сегизбаева "Азаттыкка" билдирди.

Жетим-Тоо: кырдаалды курчутууга кызыкдар күчтөр

Президент 14-августта Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасында Жетим-Тоо темир кенин иштетүүгө азыр өлкө даяр эместигин, бирок жарма патриоттор элдин башын айлантып жаткандыктан, укук коргоо органдарына жалган маалымат тараткандарга чара көрүүнү тапшырган.

Өкмөт башчысынын орун басары Эдил Байсалов дагы Фейсбук баракчасына коомдук-саясий кырдаалды курчутууну көздөгөн-ички тышкы күчтөр бар деген пикирин жазды:

"Алардын максаты так эле белгилүү: кандай болсо дагы кайсы бир шылтоону таап, ызы-чуу салып, азыркы стабилдүүлүктү бузуп, кезектеги төңкөрүш уюштуруу. Ички сырткы "заказчиктери" да анык. Өздөрү деле жашырбайт: "баланчадан мынча акча келди, момундай план иштелип чыкты" деп айтып, мактанышат. Жарма патриоттор бийликке “элдин жашоосун оңдогула, иш орундары менен камсыз кылгыла, казынаны толтургула” демиш болуп, өкмөттүн кандай гана иш-чарасы болбосун, ошо замат жамандап, элдин пикирин тескери буруу менен алек. Иши кылса, мамлекеттин ийгиликке болгон жолун бууганга кызыкдар. “Канча жаман болсо, ошончо жакшы” деген ураан менен жашашат. Мекенибиз өнүкпөй, ачарчылык болсун деп турушат. “Булардын колунан эч нерсе келбейт, келиши да мүмкүн эмес, мына, көрдүңөрбү” деп, кайра эле тээтиги биринчи максат, тезирээк дагы бир ызы-чуу болуп, бийлик кулап калса, өздөрү жана кожоюндары кайра такка отурса…"

Ырыс Жекшеналиевдин кармалышын анын тарапташтары саясий куугунтук катары баалашууда. Мыйзам боюнча кылмышка шектүү кармалган соң, 48 сааттын ичинде сот анын бөгөт чарасын тандашы зарыл. Азырынча сот аны камакта кармоо же үй камагына чыгаруу боюнча чечим кабыл алып, бөгөт чарасын карай элек. Жетим-Тоо кенин иштетүү демилгесин андан мурунураак бийликчил блогерлер бейрасмий көтөрүп, пикирлерин жазып чыгышкан. Анда алар ага каршылар менен социалдык тармакта талашып-тартышкан.

Саясатчы, экс-депутат Жылдызкан Жолдошева кайсы бир саясий көз карашты жактаган үчүн камоо саясий маданиятка туура келбей турганын белгиледи:

"Бизде тилекке каршы, система өзгөрүлбөй койду да. Мурунку бийликтердин тушунда дагы кимдир-бирөө ачык сын-пикирин айтса, кысымга алынчу. Бирок кыргыздын төл сөзү менен айтканда, "лөк" саясатчылар кысымга дуушар болор эле. Анан азыркыдай жаш жигиттерди куугунтуктоо деген болгон эмес. Бул албетте, коомго терс таасирин тийгизип жатат. Анткени бир дагы бийлик кыргызды коркутуп-үркүтүү менен оозун эч качан жаап кое албайт. Себеби, биз эркин элбиз. Бирок "жаштарды бийликке алып келем" деген менин Садыр иним эмнегедир көбүрөөк түрмөгө салчу болду. Чекесинен камап жатат. Биз дагы кезинде жаш болуп, курч сүйлөп койгондо, ошол кездеги Апас Жумагулов сыяктуу жетекчилер биздин жаш курагыбызды эске алып, эскертүү менен токтолчу. Ошондуктан биз жаштарды туура эмес болсо, түшүндүрүп, эскертүү менен чектеп, ал эми туура ойлорун, чындыкты айтып жатышса, анда аларды кубатташ керек".

"Пикирди бурмалап, кырдаалды чайпаган технология"

Ошол эле кезде медиа-эксперттер саясий айдыңда бүйүр кызыткан маалыматтарды чыгаруу же кайсы бир эски материалдарды жаңылоо аркылуу коомдук пикирди бурууга далалат жасаган саясий технология бар экенин белгилеп келишет.

Журналист жана талдоочу Төлөгөн Сулайманов мындай пикири менен бөлүштү:

 

"Бул иште эки жыл мурдагы эски видеону кайра жайгаштыруу аркылуу маалыматтык манипуляция болдубу же жокпу, бул эми ошол жигиттин көз карашы. Балким, ал анын мазмунун терең түшүнбөй туруп, коюп алышы дагы ыктымал. Ошол эле кезде ар бир жаран саясий көз карашы үчүн камалып, куугунтукталбашы кажет. Ошол эле кезде ар бир блогер болобу же журналист болобу, жазган пикирине же постуна жоопкерчилик менен мамиле кылууга тийиш. Бизде саясий турмуш аябай активдүү. Балким, кайсы бир тараптар видеону кайра чыгарууну өтүнгөн болушу да мүмкүн. Аны колунан кармап албаган соң, тигил же бул күчтөр деп айтуу да кыйын. Биздин коомдо маалыматты анализдебей туруп эле, кандайдыр бир эски же такталбаган маалыматтарды чыгара коюп, дүрбөй берген катмар бар. Ошол жагын да эске алуу керек".

Нарын облусундагы Жетим-Тоо темир кенин иштетүү - 2020-жылдын октябрь айындагы элдик толкундоодон кийин өлкө башына келген бийликтин демилгеси. Алар кен казуу жолу менен тышкы карыздан кутулса жана экономиканы көтөрсө болорун айтып келет. Кийин жарандык активисттер "Жетим-Тоо темир кенин коргоо" кыймылын түзгөн.

Президент Садыр Жапаров Жетим-Тоодо 5,5 млрд тоннадай темир запасын мамлекеттин жеке өзү иштетүү ниетин бар экенин билдирген.





Губернаторы России
Москва

Собянин рассказал о развитии завода «Москвич»





Москва

Новая попытка азербайджанских вандалов исламизировать армянское культурное наследие в оккупированном Шуши


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал о работе сервиса «Вместе с культурой»



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Ренат Ибрагимов

В Москве почтили память певца Рената Ибрагимова




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Сергей Лёвкин: в Митине завершат возведение физкультурно-оздоровительного комплекса

Полезные приложения для поклонников спортивной ходьбы

Никакой магии! В спортивном прогнозировании не бывает безусловных выигрышных стратегий


Даниил Медведев

Медведев вышел в четвертый круг "Мастерса" в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Медоборудование планируют поставить в Одинцовскую областную больницу



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России