Аманбаев менен Мураталиев кызматтан бошотулду
Мукаш Абдраев атындагы республикалык атайын музыкалык мектеп-интернатынын директору Исирадин Аманбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлагандай, тиешелүү буйрукка 22-августта министр Азамат Жаманкулов кол койгону айтылат.
Министрдин дагы бир буйругуна ылайык, Мураталы Күренкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору Тентимиш Мураталиев 22-августтан тартып ээлеген кызматынан бошотулду.
Мекеме алардын кызматтан бошотулушунун себебин тактаган эмес.
Аманбаев Мукаш Абдраев атындагы атайын адистештирилген музыкалык мектеп интернатын 2011-жылдан бери жетектеп келген. Мураталиев болсо Мураталы Күренкеев атындагы музыкалык окуу жайдын директорлук кызматын 1986-жылдан бери аркалап келаткан.
Өткөн айда президент Садыр Жапаров көп жыл иштеген мектеп директорлорун иштен алуу, аларды атайын сынак аркылуу дайындоо тууралуу жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, беш жылдан көп иштеген мектеп директорлору иштен бошотулуп, кайра сынак аркылуу тандалууда. (КЕ)