Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Август
2022

Башкы прокуратура "Кумтөрдүн" ишин текшере баштады

0
Башкы прокуратура

"Кумтөр" ишканасында финансылык мыйзам бузуулар аныкталып, ишкананы жетекчиси менен анын финансылык директору кызматынан четтетилди. Эсеп палатасынын аудитинин негизинде укук коргоо органдары да текшерүү иштерин баштаганын кабарлады.

"Кумтөр" компаниясынын тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк менен финансылык директору Рыспек Токтогулов 23-августта ээлеген кызматынан четтетилди. Министрлер кабинети таркаткан маалыматка караганда, буга Эсеп палатасынын май айындагы текшерүүлөрүнүн жыйынтыгы себеп болду. Текшерүүнүн жыйынтыгында финансылык мыйзам бузуулар, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш, тетиктер жогорку баада сатылып алынганы аныкталган.

Компанияга жаңы жетекчилер дайындалып, аларды Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Министрлер кабинетинин төргасынын орун басары, Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчиси Камчыбек Ташиев барып тааныштырды.

"Директорлор кеңешине үч киши кирип, төрагасы Болот Идирисов болду. "Кумтөр Голд Компанинин" президенти кылып Алмаз Барыктабасовду бекиттик, бул дагы сиздер менен 27 жыл чогуу иштеген. Президентибиз, урматтуу Садыр Нургожоевич башында келгенде эле "100% алгандан кийин биздин балдар өзү иштетет" деп айткан. Эми ушул келди, мындан ары кыргыз эли үчүн иштетишибиз керек. Бизде тартип болуш керек, бири-бириңерди угушуңар, колдошуңар керек. Ошону менен бирге тартипти унутпаш керек. Карьер бир секунда да токтобош керек. Башкысы коррупциядан алыс болуңуздар", - деди Акылбек Жапаров.

Компаниянын маалыматы боюнча Алмаз Барыктабасов буга чейин ишкананын оор техниканы тейлөө бөлүмүнүн жетекчиси, Болот Идирисов башкы менежери болуп иштеп келген.

Расмий маалыматка караганда, Башкы прокуратура жалпы көзөмөл иретинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Эсеп палатасынын кызматкерлерин тартуу менен текшерүү иштерин баштады.

"Эсеп палатасынан бизге материалдар келип түшүптүр. Ошол материалдардын негизинде Министрлер кабинети тарабынан айтылган фактылар боюнча кечээ Башкы прокуратура тарабынан текшерүүлөр башталды", - деп билдирди Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Сирожиддин Камолидинов.

"Кумтөр» ишканасындагы финансылык бузуулар тууралуу буга чейин да сын-пикирлер айтылып келген. Июнь айында "Кумтөр" компаниясынын ижара акысы жылына 600 миң доллар турган жаңы имаратка көчкөнү маалым болгон. Бул чечим парламент депутаттарынын катуу сынына кабылган. Анда компаниянын жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүктүн өзүм билемдик менен ашыкча ысырапка жол бергени белгиленген.

Президент Садыр Жапаров өткөн айда кенге Эсеп палатасынын кызматкерлерин жибергенин, текшерүүнүн жыйынтыгы менен элге эки айдан кийин маалымат берилерин билдирген.

“Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Кийин “Центерра голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөр Голд Компани" ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган.

Саясатчы Жылдызкан Жолдошова бийлик "Кумтөргө" Тенгиз Бөлтүрүктү алып келип мамлекеттин кызыкчылыгына кыянаттык кылган деп эсептейт.

"Кумтөрдү Садыр Жапаров эле эмес, бир кездери биз "Ата-Журт" фракциясы да изилдегенбиз. Бөлтүрүк мырзага биз баарыбыз эле ишенген эмеспиз. Ооба, анын улуту кыргыз, бирок ал Канаданын жараны. Болгондо да Кумтөр боюнча иштеген. Биз ушунун баарын изилдеп, "карышкырга койду кайтартып койдуңуз, Садыр Нургожоевич" деп айтып келдик. Бирок бийлик бизди уккан жок. Бөлтүрүккө азыр эч ким эч нерсе кыла албайт".

Расмий маалыматтар боюнча, тышкы башкаруу киргизилгенден кийин 2021-жылдын жети айында "Кумтөр" кенинен 323 млн. доллар таза киреше алынган. 2022-жылы февралда ишкананы убактылуу тышкы башкаруу укугу жаңы түзүлгөн "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингине берилген. Эки уюмга тең Тенгиз Бөлтүрүк жетекчилик кылып калган.

Министрлер кабинети билдиргендей, Бөлтүрүк "Кумтөрдөн" четтетилгени менен "Улуу көчмөндөр мурасы" холдингинин жетекчиси кызматын уланта берет. Ал кызматтан четтетилгени тууралуу пикирин азырынча билдире элек. Май айынын ортосунда ал “Ала-Тоо 24” телеканалына курган маегинде быйыл Кумтөр кенинен 17,5 тонна алтын казып алуу планы коюлганын билдирген. Ал жыл сайын алтынды казуунун көлөмү көбөйтүлөрүн кошумчалаган.

“Калдык сактоочу жайда 106 тонна алтын бар. Андан 60-65 тонна алтынды чыгарып алышыбыз мүмкүн. 2024-жылы кендеги алтынды жер алдынан казуу иштери башталса, бери дегенде 3-4 тонна алтын берет. Калдык сактоочу жайдагы жана жер алдынан казылган алтынды кошсок эле жылына 24-25 тоннага чейин алтын өндүрөбүз”, – деген анда Тенгиз Бөлтүрүк.

Ички иштер министринин мурунку орун басары, саясатчы Кубанычбек Кадыров "Кумтөрдүн" тегерегиндеги күтүүсүз жагдайдын жаралышын элди курчуп бараткан социалдык-экономикалык жагдайдан алаксытуу аракети деп эсептейт.

"Абал оорлоп келатпайбы. Кумтөрдү алдык дегенине эл башында "ура-ура" деди эле. Бирок бүгүнкү күндө Кумтөрдөн алданыптырбыз дегендердин пайызы көбүрөөк болуп кетти. Аябай бүдөмүк ой жаратканы, булар келишимди ачыктабай жатат, аны ачыкка чыгарбаса болбойт. Ошондой жагдайлар бар. Ток этер жери, бүгүнкү күндө социалдык-экономикалык абалыбыз оор болуп жатканда элди алаксытып, Бөлтүрүктү садага чаап жиберели деген жолдо кетип бараткандай".

Саясат талдоочу Айданбек Акматов Тенгиз Бөлтүрүктү кызматтан четтетүүнүн артында башка олуттуу көйгөй жашырылып жатат деген пикирде.

"Финансылык мыйзам бузуулар бар" деп Эсеп палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен ушундай чечимдер кабыл алынды деп жатат. Бирок мен бул жерде башка нерсе дагы бар деп ойлойм. Бөлтүрүктү кызматтан четтетүү менен булар Улуттук банк аркылуу 19 тонна алтындын кайда, кандай сарпталганын да чыгарышты. Ошондо элдин бардыгы 19 тонна алтындын эмне болгонун эмес, Бөлтүрүктүн кандай кеткенин талкуулап жатышат. Ал бир чарбалык иштер боюнча, майда-барат маселе менен кетти. Бул жакта 19 тонна алтын менен 1,1 млрд. доллар акчанын тагдыры жөнүндө эч ким сөз кылбайт. Ошол алтын эмне болду? Улуттук банктын ошонун 735 млн. долларын интервенция аркылуу алмаштырып жибергенге кандай укугу болгон, ага ким жол берген? Эмне үчүн бул каражат парламент аркылуу бюджетке кириштелип, көзөмөлдө болуп, мамлекеттин муктаждыгына жумшалган эмес? Маселе ушул жакта".

"Кумтөр" компаниясынын кесиптик бирлигинин төрагасы Калысбек Рыспаев эмгек жамаат болуп жаткан өзгөрүүлөрдү түшүнүү менен кабылдап жатканын билдирди.

"2-3 жылдан бери компания жетекчилиги тарабынан мыйзам бузуулар, укук бузуулар болсо, аны компаниянын жетекчилигине дагы, мамлекеттик органдарга дагы, бардыгына билдирип, кат иретинде кайрылып жүргөнбүз. Кечээтен бери алынган маалыматтар боюнча, эмгек жамааттын бардыгы штаттык режимде иштеп жатат. Көпчүлүк нааразылык билдирген жок. Себеби, бул жетекчилер "Кумтөр" долбоору башталгандан бери иштеп келатат. Адамдарга, эмгек жамаатка болгон мамилесин билишет, ошондуктан терс кабыл алган жок. Ошол эле учурда кесиптик бирлик тарабынан дагы өзгөрүүлөр терс кабыл алынган жок".

2021-жылдын май айында Кыргызстандын төрт жараны "Кумтөр" компаниясын Октябрь райондук сотуна берип, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн талкалаганы үчүн 261 млрд. сом доого жыккан. Андан көп өтпөй компанияга кыргыз өкмөтү тарабынан тышкы башкаруу киргизилип, ал орунга Тенгиз Бөлтүрүк дайындалган. Бир жылга созулган талашып тартышуудан соң апрель айынын башында кыргыз өкмөтү менен "Центерра Голд" компаниясы ымалага келгени жарыяланган.

29-июлда кенди Кыргызстанга алуу боюнча акыркы келишим түзүлгөнү тууралуу дагы бир кабар таратылган. Ошол тушта, тагыраагы 24-майда Бишкек шаардык соту 261 млрд. сомдук доо боюнча биринчи инстанциянын чечимин четке каккан чечимин чыгарган.

Кассациялык арыздануу боюнча мыйзамда көрсөтүлгөн үч айлык мөөнөттүн аякташына эки күн калганда, 22-август күнү доогерлер экинчи инстанциянын аталган чечимин Жогорку Сотко даттанды.

Доогерлердин бири Наристе Калчаев Бишкек шаардык соту өз чечиминде алардын жарандык укугун эске албагандыктан Жогорку Сотко кайрылып жатышканын билдирди.

"Октябрь райондук соту чечимин "жеке адамдар мамлекеттин пайдасына экологиялык зыянды келтирүүгө тиешеси жок" деп чыгарган. Мындайча айтканда, төрт жаран сотко бергенге укугу жок болчу" деген. Бирок биз Жогорку Сотко даттандык. Анткени Конституцияда "ар бир жаран экологиялык чыгымдарды мамлекеттин пайдасына чечилсе, сотко бергенге акылуу" деп жазылып турат. Бул боюнча сот Конституцияны карабай коюптур, ушул жерден биринчи мүчүлүштүк кеткен. Жарандардын укуктары каралбай калган. Ошону биз жазып берип атабыз, Жогорку Сот карайт деген үмүттөбүз. Үч айлык мөөнөттө кассациялык арыз бергенге убакыт бар эле. Ошондуктан, 24-августка чейин убакытыбыз бар болчу".

Тенгиз Бөлтүрүк 56 жашта, ал Кыргызстандын жана Канаданын жараны. Акыркы 23 жылдан бери чет мамлекетте жашап, эмгектенип келген. Онтарионун кесипкөй инженерлер ассоциациясынын жана Канаданын тоо-кен жана металлургия институтунун мүчөсү.

2020-жылдын 22-октябрында "Кумтөр" компаниясынын Директорлор кеңешине мүчө болуп кирген. Көп өтпөй, 2021-жылдын май айында "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомуна тышкы башкаруучу болуп дайындалган.





Губернаторы России
Москва

Собянин рассказал, как Москва заботится о ветеранах Великой Отечественной войны





Москва

Откровение артиста госцирка Бурятии Саяна Дондокова - Театр и дети, Культура и Россия, интервью


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал, как Москва заботится о ветеранах Великой Отечественной войны



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Кристина Орбакайте

Певица Кристина Орбакайте показала фото с мужем из путешествия по Италии




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В рамках празднования Дня Победы в Москве пройдет ежегодный турнир среди студенческих футбольных команд «Вызов»

Парад победы в Москве завершился пролетом авиации

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями


ATP

Лучший теннисист Казахстана сдал позиции в чемпионской гонке ATP



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Представители народов Чувашии почтили память погибших в годы Великой Отечественной войны



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России