Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Август
2022

Кумтөр: Бөлтүрүк кетти, активисттер кенемте сурады

0
Кумтөр: Бөлтүрүк кетти, активисттер кенемте сурады

"Кумтөр Голд Компани" ишканасынын жетекчилиги алмашты. Ал арада Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 24-августта Кумтөр кенине барды.

Бир күн мурда "Кумтөр" компаниясын жетектеп келген Тенгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматынан четтетилген.

"Кумтөр Голд Компани" ишканасынын басма сөз кызматы жаңы жетекчи болуп Алмаз Барыктабасов, ал эми Башкармалыктын төрагалыгына Болотбек Идрисов дайындалганы маалым болду.

Алмаз Барыктабасов тууралуу ачык булактарда маалыматтар сейрек, компаниянын сайтында ал "Кумтөрдүн" ички структураларында иштеп келгени гана жазылганын көрүүгө болот. Ал эми Болотбек Идрисов 2017-жылы аталган компаниянын башкы менеджери болгон.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров  Алмаз Барыктабасовду алтын өндүрүүчү ишкананын жамаатына өзү тааныштырды. Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Кумтөргө Министрлер кабинетинин төргасынын орун басары, атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев да барган.

Акылбек Жапаров  иш сапардын алкагында кеңешме өткөрүп, "Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүнө көзөмөл катуу болорун билдирди. 

"Кен Кыргызстандын элине иштеши керек. Биз ишкананын менежментинен натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну талап кылабыз. Жерде нандын бир күкүмү да жатпашы керек. Кумтөр элдин байлыгы жана ал элге гана пайда алып келиши керек. Ишке көзөмөл катуу болот. Эч кандай коррупциялык көрүнүштөр болбоого тийиш. Карьер бир секундга да ишин токтотпошу керек", - деди Жапаров жаңы жетекчини жамаатка тааныштырып жатып.

Ал Барыктабасовго иш пландарын Министрлер кабинетине дүйшөмбүгө чейин берүүнү жана 17,5 тонна алтын казып алуу боюнча белгиленген планды аткаруу зарылдыгын тапшырды.​

23-августта Министрлер кабинети "Кумтөрдүн" ишинде чоң өзгөрүүлөр болгону, Эсеп палатасынын тийиштүү текшерүүлөрүнө байланыштуу компанияны буга чейин жетектеп келген Тенгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматынан четтетилгени маалымдалган.

Аталган текшерүү маалында финансылык мыйзам бузуулар болгону, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш, тетиктер жогорку баада сатылып алынганы аныкталган.

Башкы прокуратура жалпы көзөмөл иретинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Эсеп палатасынын кызматкерлерин тартуу менен текшерүү иштерин баштаганы айтылган.

Башкы көзөмөл органдын басма сөз катчысы Сирожиддин Камалдинов текшерүү иштери 23-августтан тарта башталганын, кылмыш ишин козгоо же козгобоо маселеси текшерүүнүн жыйынтыгына жараша болорун билдирди.

Министрлер кабинетинин расмий маалыматында Тенгиз Бөлтүрүк "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингин жетектей бере турганы көрсөтүлгөн.

Тенгиз Бөлтүрүк ким эле?

"Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калган Тенгиз Бөлтүрүк адегенде “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. 2021-жылы май айында "Кумтөр Голд Компани" ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган. 2022-жылы февраль айында бул кызматтан өз арызы менен бошотулуп, бирок компаниянын жетекчиси кызматын сактап калган.

57 жаштагы Тенгиз Бөлтүрүк ​Кыргызстандын жана Канаданын жараны. Кыргызстанга келгенге чейин чет мамлекетте жашап, эмгектенген.

Бөлтүрүк Москвадагы Болот жана эритмелер институнун (азыркы Улуттук технологиялык изилдөөлөр университети) аяктап, түстүү металлдарды иштетүү жана байытуу боюнча инженер кесибине ээ болгон.

Эмгек жолун Орусиядагы тоо-кен тармагында баштап, 1990-жылы Кыргызстанга которулган. Келгенде Айдаркен сымап комбинатында, Солтон-Сары кенинде эмгектенген.

Бөлтүрүк 1997-1998-жылдары Кумтөр комбинатын ишке киргизүүгө катышкан. 1998-жылы “XXI кылымдын кадрлары” программасы менен Германияга окууга кеткен.

Ал Жогорку Кеңеште өмүр-таржымалы тууралуу учкай маалымат берип жатып, өзүн тажрыйбалуу кадр катары сыпаттаган жайы бар.

“1998-жылы конкурста стипендия утуп алып Германияга кеттим. Ал жактагы “Клаустхаль” техникалык университетинде кесибиме ылайык төрт жыл илимий иш менен алектендим. 2002-жылы Канадага иммиграция болдум. 33 жылдан ашуун убакыттан бери тоо-кен өндүрүш тармагында эмгектенем. Тоо-кен объектерин долбоорлордо бай тажрыйбага ээ болдум. Эки америкалык компанияда тоо-кен долбоорлорун башкардым. Дүйнөнүн 13 мамлекеттинде 18 тоо-кен долбоорунда иштеген тажрыйбам бар. Тоо-кен тармагында иш алып барган компаниянын аткаруучу директору, президенти болгом”, - деген Бөлтүрүк.

“Центерра Голд” компаниясынын буга чейин тараткан маалыматта, Теңгиз Бөлтүрүктүн машина куруу жана тоо-кен тармагында 30 жылдык тажрыйбасы бар экени айтылган. Ал буга чейин Канада, АКШ, Казакстан, Австралия, Түркия, Монголия, Африка, Түштүк Америкада жана башка мамлекеттерде иштеген.

Кызматты аркалаган бир жылдан ашуун убакыт ичинде анын ишине сын пикирлер айтылып келген. Алсак, Жогорку Кеңештин 23-июндагы жыйынында айрым депутаттар анын отчет беришин талап кылып, “Кумтөрдүн” каражатын сарамжалдуу пайдаланууга чакырышкан.

"Кумтөргө" каршы жаңы доо

Ал арада кыргызстандык активисттер Кумтөр кенинен кенемте өндүрүүгө байланыштуу Бишкек шаардык сотунун чечимине каршы Жогорку сотко кассациялык арыз бергени маалым болду.

Буга чейин активисттер Айбек Сарыбаев, Нарис Калчаев, Аблас Жээнбеков жана Кемелбек Кутманов “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын үстүнөн сотко арыз жазган. Алар ишкананын Кумтөр кенин иштетүүдө Давыдов, Лысый мөңгүлөрүнө кен калдыктарын топтогонун мыйзамсыз деп таанып, мамлекеттин пайдасына кенемте өндүрүп берүүнү суранышкан.

Бишкектин Октябрь райондук соту арызды канааттандырып, Кумтөр алтын кениндеги Давыдов, Лысый мөңгүлөрүндөгү калдык топтоочу жайды мыйзамсыз деп таап, “Кумтөр Голд” компаниясын 261 миллиард 719 миллион 674 миң сомду мамлекетке төлөп берүүнү милдеттендирген. Райондук сот бул чечимди 2021-жылдын 7-майында чыгарган.

Бишкек шаардык соту 2022-жылдын 24-майдагы чечими менен райондук соттук чечимин жокко чыгарган. Бир катар саясатчылар жана жарандык активисттер бул чечимди кескин сындап чыккан. Активиттер учурда бул чечимди жокко чыгарып, биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырууну өтүнүп жатышат.

Жыл башында Министрлер кабинети “Кумтөр Голд Компанинин” 2021-жыл үчүн тараткан билдирүүсүндө өткөн жылы 14 миң 561 килограмм алтын казылганы, аны сатуудан түшкөн жалпы пайда 856 млн. доллар экени айтылган. Мунун ичинен сырткы башкаруу мезгилиндеги алынган киреше – 621 млн. доллар болгон. Бирок кийинчерээк өкмөттүн сайтындагы бул маалымат алынып салынган.

Өткөн айда канадалык “Центерра Голд” компаниясы Кыргызстандын өкмөтү жана “Кыргызалтын” ишканасы менен болгон мурда жарыяланган макулдашуу толук аяктаганын ырастап, өзү Кумтөр кенинен толук чыгып кеткенин жана Бишкектин “Центеррадагы” укугун токтотконун маалымдаган. 2022-жылы февралда ишкананы убактылуу тышкы башкаруу укугу жаңы түзүлгөн "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингине берилген.

Президент Садыр Жапаров мурдараак Кумтөрдүн ишине аудит дайындалганын, жалпы маалыматтар ошонун жыйынтыгында берилерин билдирген. Мамлекет башчы да, Министрлер кабинетинин төрагасы да, Тенгиз Бөлтүрүк өзү да “Центерра” менен ажырашуу жараяны толук аяктагандан кийин бардык маалыматтар ачык жарыялана турганын убада кылышкан.





Губернаторы России
Москва

Собянин: фронтовики и труженики тыла внесли бесценный вклад в защиту Родины





Москва

В рубрике «Я - артист цирка Бурятии» Саян Дондоков - Театр и дети, Культура и Россия, национальный проект


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: фронтовики и труженики тыла внесли бесценный вклад в защиту Родины



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Black Sabbath

Как бы это звучало, если бы Black Sabbath записали песню Долли Партон (Dolly Parton) "Jolene"?




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Парад победы в Москве завершился пролетом авиации

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями

Федерация бокса России почтила память героев в День Победы в Чехове


Уимблдон

Финалистка юниорского Уимблдона-2023 получила временное отстранение за допинг



Новости Крыма на Sevpoisk.ru