Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Август
2022

Кыргызстан космосту өздөштүрүүгө катышкан эле

0
Кыргызстан космосту өздөштүрүүгө катышкан эле

Коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматовдун блогу.

Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

 

Кусейин Эсенкожоевдин “Үчүнчү шары” жана космос

"Мен бир шар жасап, ал аркылуу көтөрүлүп, жогоруга учтум эле. Бирок менин шарымда кемчиликтер болгондуктан жана өзүмдүн болжогон жериме бара албай, белгисиз жолго түшүп, суюк абанын арасында гана жогорулап кетип бара жатам. Жарык шооласы да жок, караңгылык, менден башка эч бир жандын бардыгы сезилбейт. Ал караңгылыкты сөз менен айтып, көз менен болжолдоор эмес".

Бул Кусейин Эсенкожоевдин (1920-1944) “Үчүнчү шар” фантастикалык аңгемесинен үзүндү. Тунгуч фантаст жазуучунун ушул аңгемеси 1937-жылы жарыяланган. Он жетидеги жигиттин кыялынан жаралган чыгарма. Космоско жел толтурулган шар менен адеп шардын өзүн, экинчисинде итин учуруп, үчүнчү шар менен өзү учкан бала тууралуу керемет чыгарма. Баяндалган окуя керемет, чексиз аалам, кыялдын өзү ажайып. 1961-жылы, Кусейин агабыз кыялында көккө учкандан чейрек кылымдан соң космоско алгачкы киши учту. Ага чейин спутник бош учту, анан эки ит учту, анан киши учту.

“Космонавттар көчөсү” (1963, реж. Марианна Рошаль), “Космонавттар конушу” (1982, реж. Шамил Жапаров) сыяктуу кыргыз фильмдери, жазуучулардын чыгармалары, мектеп сайын кур эмес аэротехникалык ийримдер, Чолпон, Венера, Марс сыяктуу ысымдар, ал тургай спутник формасындагы балдар аянтчалары, оюнчуктар, кыскасы толгон-токой маданий көрүнүштөр жана материалдык нерселер бизде, өткөн кылымдын ортосунда космостук культ болгонун айтып турат.

Балалыгымдын планетарийи

Айланасына түркүн түстөгү таштар (гранит экенин кийин студент болгондо түшүндүм) төшөлгөн, шылдыр суу аралап аккан гүлбакчанын ичиндеги кооз кинотетардын жанындагы айтегерек имарат. Эшигинин алдында автоматтан таттуу суу ичсең болот, балмуздактын түрү сатылат. Планетарий! Ичине кирсең асманы жакын айылымдагы түнкү жылдыздар бет маңдайыңа чогуу бир тартылып, суюлуп келип бирден тартылып, даана көрүнүп, чексиз мейкиндикке, ажайып ааламга сүңгүйсүң.

“Это планета Марс. Одна из самых больших планет нашей Галактики. Известна еще как красная звезда...”.

Бизге көрүнбөгөн эжейдин жагымдуу, уккулуктуу үнү. Бул менин тээ бала кезимде, Фрунзе шаарына каникулда келчүмдө эки-үч курдай кирген планетарийден калган элестерден бир үзүм. Фрунзедеги планетарий Орто Азиядагы эң биринчи ачылган планетарий эле. Ушул планетарийдин азыр ээн күмбөздөй сөлөкөтү бар, сүлдөрү калды. Колдон колго өтүп, эми бирөөнүн менчиги, талаш. Бул биздин 30 жыл ичиндеги “жетишкендиктерибиздин” бири. Марска, Чолпонго, Айга учкан космикалык аппараттардын эң керектүү тетиктерин жана приборлорун жасаган республика эгемен өлкө болгону иштеп турган жалгыз планетарийди сактай албадык. Дагы кудайга шүгүр, социалдык тармактардагы кабарларга караганда, соода борборлорунун биринде планетарий бар экен, ыктыярчылар каяктандыр телескоп таап келип, анда-санда көргөзөт экен.

Кыргызстан космостук программалардын бир чордону эле

Марстын атмосферасын өлчөгөн прибор, алыскы жылдыздын адырлуу чаптарын бет маңдайыңа тартып көргөзгөн телескоп, Айдын бетин бургулап, топурагын алган аппаратты чыгарган кайран өлкө бүгүн ийне чыгара албай турат.

Жерде тыңдап оокат кыла албай жатсак, каяктагы космосту айтып турат бу дешет балким. Кесибим тарыхчы болгондуктан, кезегинде фактыларды окуп, кийин тизгин кармап, кызматта жүргөнүмдө биздин өлкөнүн космостук программаларга тике тиешеси бар иштердин башында турган же катышкан, кур дегенде күбөсү болгон адамдардан уккан анык маалыматтарым болгон үчүн кайрылып отурам. Космосту өздөштүрүү зарылчылык, эртеңки келечекте алдыбыздан чыга турган проблема, эмитеден ойлоно турган милдет.

Кыргызстандын космосту өздөштүрүүгө байланышкан орошон процесстерге жана жетишкендиктерге тике тиешеси бар. Бул кашкайган факт. Бирок, тилекке каршы, өтмүшкө айланган көрүнүш. 1964-жылы “Аалам” космикалык изилдөөлөр институтунун конструктордук бюросу уюшулган. СССРдеги эң ири, белгилүү жана илимий-өндүрүштүк жана технологиялык мүмкүнчүлүгү кеңири бул ишкананын тарыхы өтө бай жана мазмундуу. Ары сыймыктуу. Бир кезекте даңазалуу ишкана бүгүн арыбызга келтире турган кунарсыз жай. Космос мейкиндигин өздөштүрүүгө эбегейсиз салым кошкон илимий-өндүрүштүк килейген комплекс планетарий сымал сүлдөрү калган, соода же майда цехтер үчүн ижара берүүчү жай. Угуумда 2008-жылы ишкана катары жашоосун токтоткон имиш.

1990-жылга чейинки чейрек кылым ичинде ушул конструктордук бюродо, ал кездеги Фрунзе приборлор заводунда космос мейкиндигин өздөштүрүүгө багытталган 200 ашык приборлор, аппараттар даярдалган. Ошол кездеги адистердин айтымында СССРдеги бир да спутник “Аалам” чыгарган же Фрунзе заводунда даярдалган приборсуз, не тетиксиз космоско учкан эмес. Оптикалык, электрондук приборлор Марстагы, Чолпондогу, Айдагы атмосфераны изилдөөгө колдонулуптур. "Тонна-200" гамма телескоп, аталган планеталардагы силкинүүлөрдү, кыймылдарды байкап, каттап турган сейсмограф, ВЕГА, ФоБос-1,2 сыяктуу да татаал аппараттар ушул бюродо иштелип чыккан. Галлей кометасын, Чолпон, Марс планеталарын, Марстын спутниги Фобосту изилдөөчү рентген телескоптору бизде даярдалган.

Космоско учкан спутниктердин бортундагы электр энергиясынын булактары катары кызмат кылган аппараттарды СССР гана эмес, Германия, Индия, Куба сыяктуу дос мамлекеттер да колдончу. Франция алыскы космостук станциялар үчүн комплекстердин жабдууларын ушул бюродон алчу.

СССРдеги эң биринчи микросхемалар, микропроцессордук комплекттер, микроэлектроника, лазердик техникалар ушул “Ааламдын” жана приборлор заводунун кызматкерлеринин колунан чыккан. 70-жылдардын аягында көп катмарлуу басма такталары (плата) ойлоп чыгарылып, ишке берилген. Жердин табигый ресурстарын изилдөөгө арналган "Фрагмент-2" комплекси космоско чыгарылган. СССРдин аймагындагы кен байлыктардын көбү, суу, мөңгү жанга башка байлыктар, алардын запасы алгач ушул комплекстин жардамы менен аныкталып, такталып, эсептелген. Сканирлөөчү фотоаппараттар менен жабдылган бул комплекс өлкөнүн кен байлыктарынын географиялык так картасын түзүүгө негиз болгон. Комплекстеги приборлордун тактыгы а кездеги атаандаш Американы да таңгалдырган, анткени спутниктеги прибор жердеги адамдын колундагы кенедей нерсени даана көрүүгө эсептелген.

Кыргызстандын космикалык изилдөө институтук ойлоп тапкан жана чыгарган приборлор жана тетиктер космосто гана кеңири колдонулбастан, медицинада, өнөр жайында, айыл чарбасында да колдонулган. Мисалы, кандын электрофорези, туздуу таштарды алып салуу үчүн онкологиялык скальпелдер, офтальмологиялык операциялар үчүн аппараттар, лазердик аппараттар, муундарды кошо турган титан комплектери, лифттердин автоматикасы, бургулоочу аппараттар да ушул бюродо даярдалчу. Бул бизге белгилүүсү. Жашыруун ишкана болгондуктан аскерий максаттагы башка да приборлор, аспаптар, тетиктер да жасалчу. Бир жарым жарым миң жогорку квалификациялуу адистер эмгектенген илимий-өндүрүштүк бул комплекс СССРдеги эң алдыңкы технологиялык ишканалардын бири эле.

Чыныгы даңк музейин же эмгек каармандарынын аллеясын курсак, космостук изилдөөлөрдөгү жана программалардагы биздин жердештердин эмгеги, алардын ийгиликтери татыктуу орунду ээлей турган.

Даңазалуу илимий-өндүрүштүк ишканада эмгектенгендердин эскергенине караганда, “Аалам” илимий-өндүрүштүк ишканасы космостук программаларда иштөөгө жарактуу кадрларды даярдоонун мектеби катары да даңазалуу болуптур. Биздин конструктордук бюро жана заводдор 1970-жылы уюшулган “Интеркосмос” эл аралык программасынын бакандай катышуучусу болгону талашсыз. Ошентип биздин республика бир кезекте космостук изилдөөлөрдүн борбору жана программаларды ишке ашыруунун узак, татаал процессинин маанилүү бөлүгү болгон.

Кыргызстандын индустриялык потенциалы космостук приборлор менен чектелбептир. 1980-жылдары Кыргызстанда жасалган өнөр жай товарлары Европанын 19, Азиянын 18, Латын Америкасынын 16, бардыгы 53 өлкөгө чыгарлчу экен. Электротехникалык жана физикалык приборлор, айыл чарба машиналары жана тетиктери, металл иштетүүчү, ширетүүчү, кесүүчү, бургулоочу станоктор, электр кыймылдаткычтары жана насостор, авторадиаторлор, электр лампалары, түстүү металлдан жасалган кабелдер, кездемелер, кийимдер жана башка ондогон өнөр жай буюмдары тышка сатылып турган (Т. Усубалиев. О нашем времени и о делах моей жизни. 5-том, 717-бет).

Космос кыял эмес, зарылчылык

Эртеби-кечпи космостук программаларга катышуу маселеси күн тартибине коюлат. Биз каалабасак да космостук долбоорлорго катышуу милдети анык, катышпасак проблема жаралат. Биз умтулган жогорку технологиялар, биз сактагыбыз келген экология, биздин өлкө жетекчилиги мүдөө кылган креативдүү экономика космостук программаларсыз ишке ашышы күмөн. Санарип технологиялар, маалыматтык коопсуздук бул жер астындагы жана абадагы кабелдер менен антенналар гана эмес, көктөгү спутниктер жана станциялар.

Туура. Азырынча мүмкүнчүлүгүбүз чектелүү. Космос – кымбат иш, татаал машакат. Мисалы, МКСтин бюджети 150 млрд. доллардан ашык. Бирок космоско чыйыр салган, өздөштүрө баштаган мамлекеттер менен кызматташууга неге болбосун? Тынчтык максатта космосту өздөштүрүү программалары жана кызматташуу тууралуу эл аралык келишимдер бар. Мындай иш үчүн бизди эч ким алка-жакадан алып, аттан сүйрөп түшпөйт. Биз көнгөн Орусия, кубаттуу Америка, кубаты артып бараткан коңшу Кытай, ядролук өлкө Индия, 2023-жылы айга киши учурам деген дымагы жана реалдуу программасы бар Түркия, технологиялык гиганттар Жапония, Түштүк Корея, коңшу Казакстан менен кызматташуу эң сонун вариант. Албетте, кызыктыра алсак, батыл аракет кылсак. Маселен, Өзбекстан былтыр кышында Казакстан менен космостук изилдөөлөрдү жана жана космос мейкиндигин өздөштүрүү программалары боюнча кызматташтык тууралуу келишим түздү. Ошентип Ташкент менен Нур-Султан космосту өздөштүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду, программаларды ишке ашырмакчы болуп, космостук объектилерди жана аппараттарды, инфраструктураны чогуу пайдаланууну макулдашты. Казак тараптан Космостук изилдөөлөр институту, өзбек тараптан “Өзбеккосмос” агенттиги ушул келишимдин аткаруучулары деп эсептелет. Казактардын потенциалы, ниети жана тажрыйбасы бар, өзбектердин потенциалы жана изги ниети бар.

Дүйнөдө космостук программалар барган сайын интеграциялык мүнөзгө ээ болуп, мазмуну байый баштады. Маселен, Европалык космос агенттиги жалаң кубаттуу мамлекеттердин жабык клубу эмес, чакан мамлекеттер да тең ата мүчө, катышат, убара тартат, бирок пайдасынан да куржалак калбайт. Азбы- көппү, айтор процесстин ичинде.

Мындай интеграцияга Азия мамлекеттери, араб өлкөлөрү да умтулуп, аракет жумшоодо. Космос мейкиндиги бүгүн жалаң аскерий максат үчүн эле эмес, жарандык жана коммерциялык кызматташтык объектисине айланды (civilian and commercial space). Ушул багыттагы изилдөөлөр ири космостук программалар интеграциялык процесстерди күчөтөт, буга ири алдыда кубаттуу космостук мамлекеттер жана корпорациялар кызыкдар, космостук мейкиндикти өздөштүрүү көп компоненттүү аракет деген тыянакка келишкен.

Космонавттардын ден соолугун чыңдоого, медициналык-биологиялык жактан даярдоого биздин тоолор, биздин климат, Ысык-Көл табылгыс жай болуп эсептелет экен. Ушул максатта жакшы эле пайдаланыптыр. Космостук туризм кулачын жая баштады. Эми да ушул мүмкүнчүлүктү пайдаланууга неге болбосун? Андан тышкары, космостук программаларды ишке өзүбүз ашырганга чамабыз жетпесе да, ошол программалардын алкагында кенедей болсо да кай бир компонентине катышууга болот чыгаар...

Демек тенденция турса, эл бараткан багыттан тайып, эл түшкөн унаадан дагы калып калганыбыз кечиримсиз болору шексиз. Уучубуз кур эмес, таланттуу жаштарыбыз бар, илимий потенциал жоголо элек, окумуштуулардын дарамети али кедергесине кете элек. Мамлекет жетекчилери да социалдык-экономикалык өнүгүүгө болгон аракетин жумшап жатат, буюрса күч-кубатыбыз артат. Илимий, интеллектуалдык өнүгүүгө, жаңы технологияларды өздөштүрүүгө ниети бекем экенин билдирип келет. Андыктан каяктагы жомок, кечээги тарых дебей, космостук программаларга катышуу аркылуу эл баары бир ээлей турган мейкиндиктен орун табууга тийишпиз.





Губернаторы России
Москва

Собянин рассказал, как Москва заботится о ветеранах Великой Отечественной войны





Москва

"СВЯТОЙ ЛЕНИН" расшифровал смысл "ДНК В.И. Ленина".


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал, как Москва заботится о ветеранах Великой Отечественной войны



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Тимати

«С новосельем, моя сладкая!»: бабушка Симона показала дом дочки Тимати




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями

Парад победы в Москве завершился пролетом авиации

В рамках празднования Дня Победы в Москве пройдет ежегодный турнир среди студенческих футбольных команд «Вызов»


Ига Свёнтек

Свентек разгромила соперницу во втором круге турнира в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Блоги

Рады познакомить вас с артистами цирка Бурятии: Саян Дондоков - Театр и дети, Культура и Россия



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России