“Так мураскери”: талаштуу тасманын бет ачары
24-августта “Манас” кинотеатрында “Так мураскери” тасмасынын бет ачары өттү. Тасманы продюсер Өмүрзак Төлөбеков Эл акыны Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетей” драмасынын негизинде тарткан. Көркөм тасма эл ичинде бир топ кайчы пикирлерди жаратууда.