Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2022

"Азаттык" банктагы эсебинин бөгөттөлүшү боюнча расмий түшүндүрмө сурады

0

"Азаттык Медиа" мекемеси "Демирбанктагы" эсебине бөгөт коюлганына байланыштуу банктан расмий түшүндүрмө сурап кайрылды. Аталган банктан "Азаттыктын" эсебине бөгөт коюлганын 31-октябрда билдиришкен. Банктын өкүлдөрү бул тууралуу телефон аркылуу оозеки ырастап, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) билдирме алышканын айтышкан.

"Азаттык Медиа" ошол эле учурда УКМКга дагы мекеменин банктагы эсебинин бөгөттөлүшүнө байланыштуу расмий түшүндүрмө сурап кат жөнөттү. Азырынча эки тараптан тең жооп ала элек.

Кыргызстандын "Банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамынын 58-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарына ылайык, юридикалык жана жеке жактардын банктык эсептерде же сактоодо турган акча каражаттарына жана башка баалуулуктарына соттук актынын негизинде камоо коюлушу мүмкүн. Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин өтүнүчү, талабы банктык эсеп боюнча операцияларды токтотууга негиз болуп саналбайт. Банк бул норманы бузган учурда, түзүлгөн келишимге ылайык жоопкерчиликти банк тартат. Мындан тышкары, эгерде кызматкерлердин эмгек акысы Эмгек кодексинде белгиленген мөөнөттө өз убагында төлөнбөсө, банк материалдык зыянды төлөп берүүгө аргасыз болот.

Эмгек кодексинин 157-беренесинин талаптарына ылайык, иш берүүчү эмгек акы төлөөнүн, өргүү акысын жана башкаларды төлөөнүн мөөнөттөрүн бузганда, иш жүзүндө эсептешкен күнгө карата ар бир күн үчүн мөөнөтү кечиктирилип төлөнбөгөн сумманын 0,15 пайызын кошумча төлөөгө милдеттүү. Мындай төлөмдөр болгон учурда, иш берүүчү банктык эсептери боюнча операцияларды негизсиз токтоткон банкка регресстик доо кое алат.

Буга чейин УКМКнын басма сөз кызматы "Азаттыктын" эсебине байланыштуу маалыматты тактоо керек экенин айтып, расмий кат жиберүүнү сураган.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. Министрликтин билдирүүсүндө “маалымат айдыңында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес материалдарга байланыштуу ушундай чара көрүлгөнү” айтылат.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай эркин медианын үнүн басуу Кыргызстандагы демократияга көлөкө түшүргөн - авторитардык ыкма экенин билдирген.

27-октябрда министрликтин адистери “Азаттык Медиа” мекемесинин каттоо тууралуу документтерин текшерип, көчүрмөлөрүн алып кетти.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс, Human Rights Watch уюму, “Журналисттерди коргоо комитети” баштаган бир катар эл аралык уюмдар “Азаттыктын” сайтынын бөгөттөлгөнүн сындады.





Губернаторы России
Москва

Собянин рассказал о работе сервиса «Вместе с культурой»





Москва

Дмитрий Бикбаев готовит премьеру театрального проекта, основанного на личных переживаниях


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Московскому метрополитену исполнилось 89 лет



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Булат Окуджава

Урганта и Смехова исключили из концерта памяти Окуджавы: Вдова барда извинилась - в том числе, за проведение события




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Искусство продвинутого анализа в спортивном прогнозировании

Звезды спорта. Кто они такие и почему их так называют?

Полезные приложения для поклонников спортивной ходьбы


Карен Хачанов

Хачанов проиграл Табило в 1/8 финала «Мастерса» в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Настроение

Китайский кроссовер чуть не сжёг своего владельца



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России