Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2022

Новости за 21.11.2022

Кыздарды эмдөө эмне үчүн маанилүү?

Azattyk.org 

Быйыл Кыргызстанда биринчи жолу кыздарды папиллома вирусуна каршы эмдөө башталды. Дарыгерлер эмдөө менен жатын моюнчасынын рагынан сактанууга болорун эскертишет. Адамдын папиллома вирусу деген эмне? Эмдөө эмне үчүн маанилүү? Бул суроолорго жоопту видеодон табасыз.

Дүйнөлүк чемпионат: Ирандын футболчулары гимн ырдоодон баш тартты

Azattyk.org 

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта Ирандын курама командасынын оюнчулары беттеш алдында өз өлкөсүнүн гимнин ырдоодон баш тартышты. Команда капитанынын айтымында, спортчулар мындай чечимди Иранда уланып жаткан жапырт нааразылык акцияларынын катышуучуларына тилектештик катары бир добуштан кабыл алышкан. Музыканы аткаруу учурунда оюнчулар унчукпай турушту. Күйөрмандар муну коштоду. Андан кийин алар Англиянын командасы менен беттешип, 6:2 эсебинде утулду. Сентябрда Тегеранда... Читать дальше...

Абактагы активист “Азаттыктын” сайты бөгөттөлгөнүн сынга алган кат жолдоду

Azattyk.org 

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалган жарандык активист Рита Карасартованын “Азаттык” радиосунун сайтын эки айга бөгөттөө чечимин сынга алган каты анын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды. Анда Карасартова “Азаттык” 70 жыл боюнча эркиндикке умтулган чындыкты жазып, айтып келгенин жазган. “СИЗОдо отуруп “Азаттыктын ” сайты эки айга жабылганын угуп капаландым. Өмүрүндө эч нерсе жаратпай, өстүрбөй туруп, жапкыла, жок кылгыла деп, жеңил-желпи сүйлөгөндөр көбөйдү. Мен өзүмдү жаран катары таанып... Читать дальше...



Кыргызстанда бир жылда 250дөн ашык ала качуу фактысы катталды

Azattyk.org 

25-ноябрдан тарта “Сезим” кризистик борбору зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүк баштайт. Анын максаты - аялдардын укуктарын коргоп, зордук-зомбулукту токтотууга коомчулукту чакыруу. Борбор 2020-жылы аялдардын укугун коргогон бир катар мыйзамдар кабыл алынганы менен өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук көбөйгөнүн белгилейт. Ички иштер министрлигинин маалыматына таянсак, былтыр 604 сексуалдык зомбулук фактысы катталып, анын 53% "кылмыштын курамы жок" деген негизде кыскартылган. Никеге туруу максатында 254 ала качуу болуп... Читать дальше...

"Орион" космостук кемеси Айга жакындады

Azattyk.org 

Америкалык "Орион" космостук кемеси 21-ноябрда Айга минималдуу аралыкта жакындады. Бул учур АКШнын Космос агенттиги  - НАСАнын YouTube каналында түз көрсөтүлдү.  Спутникке алгачкы сапарында корабль Айдан 130 километр аралыкта учуп, Айга биринчи жолу барган "Аполлон-11" кемеси түшкөн жердин үстүнөн өттү. "Артемида-1" миссиясынын планына ылайык, бул максималдуу жакындашуу болду.    "Орион" 16-ноябрда учурулган. Кораблдин бортунда космонавттардын эки манекени бар. 11-декабрда кеме Жерге кайтып келиши керек. Читать дальше...

Ишкерлерди текшерүүгө бир жылдык мораторий киргизилет

Azattyk.org 

2023-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин ишкерлерди текшерүүгө убактылуу мораторий киргизилет. Президент Садыр Жапаров “2023-жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субъектилерин  текшерүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө” жарлыкка кол койгонун басма сөз кызматы маалымдады. Жарлыктын максаты жеке ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү экени билдирүүдө айтылган. Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, бизнести өнүктүрүүгө, чет өлкөлүк инвесторлордун... Читать дальше...

Бакировдун иши: кол тийбестик жана жоопкерчилик

Azattyk.org 

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтышкан Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров парламенттеги иш бөлмөсүнөн көчүрүлгөнүн ырастады. Бир мандаттуу Көк-Жар округунан шайланган Өмүрбек Бакиров депутаттык мандатынан ажыратуу үчүн аны "каралоо жүрүп" жатканын билдирди. Ошол эле кезде Бакировдун мандаты боюнча соттук териштирүү жүрүп, эл өкүлү аны "саясатташтырып жатканын" айткандар да бар. Керкидан, кекилик, иш бөлмөдөн көчүрүү 17-ноябрда парламенттин жалпы отурумунда депутат Бакиров... Читать дальше...

Киши колдуу болгон кыздын жакындары нааразылыкка чыкты

Azattyk.org 

Казакстандагы президенттик шайлоодо Касым-Жоомарт Токаев жеңишке жетти. 23-октябрда камалган Канат Исаевдин тергөө абагындагы мөөнөтү дагы бир айга узартылды. Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын соту да жылды. Киши колдуу болгон 19 жаштагы кыздын жакындары Сузакта Бишкек-Ош жолун бууду. Алар шектүүнүн үй-бүлөсү менен айылдан көчүрүп, өзүн өмүр бою эркинен ажыратуу талабын коюуда.



Мамлекеттик мекемелердин жетекчилик кызматтары саясий кызматка өзгөрдү

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, эми президент, Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан дайындалчу мамлекеттик органдардын жетекчилери саясий кызматта деп эсептелет. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Жарлыкка ылайык, эми министрдин, мамлекеттик комитеттин төрагасынын, президенттин карамагындагы мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарларынын орду саясий кызмат катары эсептелет. Бул тизмеге Министрлер кабинетинин карамагындагы административдик ведомствонун жетекчисинин... Читать дальше...

Шавкат Мирзиёев Францияга расмий сапар менен барды

Azattyk.org 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 21-ноябрда Францияга барды. Эки күндүк расмий сапар Франциянын өлкө башчысы Эммануэл Макрондун чакыруусу менен уюштурулганын өзбек президентинин басма сөз кызматы билдирди. Парижде жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр, Франция парламентинин төмөнкү палатасы – Улуттук ассамблеяда жолугушуу, бул өлкөнүн алдыңкы компанияларынын жана банктарынын жетекчилеринин катышуусунда бизнес иш-чаралар өткөрүлөт.  Жыйынтыгында ондон ашуун документтерге кол коюу... Читать дальше...

Мурдагы депутат Канатбек Исаев камакта калды

Azattyk.org 

“Кемпир-Абадды коргоо комитетинин” мүчөсү, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Канатбек Исаев камакта калтырылды. Эски кылмыш ишине байланыштуу жакында эле кайра кармалган саясатчы ага каршы мындан беш жыл мурун “бийликти күч менен алууга аракет кылуу” менен козголгон иш ойдон чыгарылганын айтты. Ага 2017-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин бийлиги тушунда иш козголуп камалган. 2018-жылы абактан чыгып, 2020-жылы Октябрь окуяларында бир айга жетпеген убакыт Жогорку Кеңештин төрагасы да болгон. Читать дальше...

Азиза Абдирасулованын соту 23-ноябрда уланат

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Азиза Абдирасулованын ишин кароо башталып, укук коргоочу материалдар менен таанышууга убакыт сурады. Сот анын өтүнүчүн канааттандырып, жараян 23-ноябрда уланмай болду. Ал сотто эч кандай күнөөсүз экенин билдирди. “Бул алдын-ала даярдалган саясий куугунтук. Мен эч кандай мызам бузган жокмун. Ал күнү мен тынч жыйындын катышуучусу эмес болчумун. Мени артымдан кууп жүрүп кармашты”, - деди ал. Абдирасулова 15-ноябрда парламент имаратынын жанында Кемпир-Абад суу... Читать дальше...

Казакстанда шайлоодо кармалган активисттер

Azattyk.org 

Казакстанда президенттик шайлоодо алдын ала жыйынтыкка ылайык Касым-Жомарт Токаев жеңди. Шайлоо күнү Алматыда полиция "Ойгон Казакстан" кыймылынын, каттоодон өтпөгөн демократиялык партиянын тарапташтарын кармап кетти. Жекшембиде коопсуздук чаралары күчөтүлдү. "Азаттыктын" казак кызматынын видеосу.

Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын иштетүү үчүн сынак жарыяланды

Azattyk.org 

“Электр станциялары” ачык акционердик коому Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын ишке киргизүү долбооруна катышуу үчүн ишканаларды сынакка чакырды. Бул тууралуу ишкананын сайтында жарыяланды. Анда агрегатты ишке киргизүү үчүн долбоорлоо, жабдууну жеткирүү жана орнотууга сынак жарыяланганы жазылат. Маалыматка караганда, Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын эксплуатацияга берүү үчүн Кыргызстан Евразия өнүктүрүү жана турукташтыруу фондунан каражат алган. Суммасы көрсөтүлгөн эмес. 2010-жылы Камбар-Ата-2... Читать дальше...

Президент Жапаров мектеп курулушунан миллиондогон акча кымырылып келгенин айтты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 21-ноябрда Бишкек шаарында 2022-жылы курулган мектептердин ачылышына арналган аземге катышты. Анда сүйлөгөн сөзүндө Жапаров баш калаада 15 билим берүү мекемеси беш айдын ичинде салынып бүткөнүн, курулушу буга чейинкилерге караганда арзан болгонун белгиледи. “Акыркы 12 жылдын ичинде мектеп, бала бакчанын чарчы метрин 850 долллардан салып келишкен. Ал кезде материалдар эки эсе арзан кези болгон. Азыр цемент, арматура эки эсе кымбат. Ошого карабастан 650 доллардан куруп берди. Читать дальше...

Кыргызстан: криптовалютага даттангандар көбөйдү

Azattyk.org 

Кыргызстанда криптовалютанын Биткоинден тышкары TYVcoin, Tolkcoin, Elcoin, Altyncoin, Nephelicoin, Kgcoin өңдүү онго чукул түрү тараган. Соңку кездери криптовалюталарга миллиондогон каражат салып, акчасынан кол жууп калганын айткандар көбөйдү. Эксперттер өлкөдө криптобазарды жөнгө салган мыйзамдык механизмдин жоктугу жана бул жааттагы сабатсыздык көйгөйдү курчутуп жатканын айтышууда. "Башында түшүнбөй эле алданып калган экенбиз" Бишкек шаарындагы тигүү цехтеринин биринде иштеген Марат бир жыл мурда автоунаасын сатып... Читать дальше...

"Ичиңди ким бирөөгө мүрзө кылба". Динар акындын ак ырлары

Azattyk.org 

Динара Бейшеналиева кыргыз поэзиясында өз үнү, өзгөчө стили бар акындардын бири. Быйыл "Ак" деген аталыштагы ыр жыйнагы жарык көрдү. "Сыябан" подкастында акындын чыгармачылыгы жана поэзиянын жаңы ыргактары тууралуу маектештик.

Төө-Ашууда жол тазалоо иштери жүрүп жатат

Azattyk.org 

Транспорт жана байланыш министрлиги маалымдагандай, Бишкек – Ош жолунда жүк ташуучу автоунааларга чектөө жок. Учурда жолду тазалоо, кум чачуу иштери жүргүзүлүп жатат. Министрлик айдоочуларга кышкы дөңгөлөк салууга, чынжыр тагууга жана тыгын жаратпоо үчүн каршы тилкеге чыкпоону эскертти. 17-18-ноябрда Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашууда кар түшүп, түнкүсүн узун тыгын пайда болгон. Социалдык тармактарда айрым айдоочулар жолдорго кум чачылбай калганына нааразы пикирлерин жазышкан. Транспорт жана байланыш... Читать дальше...

Москвада күйүп кеткен имараттан сегиз кишинин сөөгү табылды

Azattyk.org 

Москванын борборунда күйүп кеткен имараттын урандыларынын астынан сегиз адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар кызматы билдирип, дагы жети киши куткарылганын кабарлады. Жекшемби күнү түштөн кийин Каланчевская аянтына жакын жайгашкан эки кабаттуу имаратта ири өрт чыккан. Ал жерде эмерек, чырак жана гүл дүкөнүнүн кампасы жайгашкан. Өрттүн жалпы аянты 2500 чарчы метрди түзгөн. Өрттү өчүрүүгө 42 техника, анын ичинде үч тик учак жана бир өрт өчүрүүчү поезд тартылган. Куткаруучулар жалын менен беш сааттан ашык күрөшкөн. Читать дальше...


Музыкальные новости
Игорь Бутман

Квинтет Игоря Бутмана и певица Фантине впервые выступят на джазовом фестивале в Бахрейне





Rss.plus
Владимир Путин

Владимир Путин поздравил ветеранов с 50-летием начала строительства Байкало-Амурской магистрали




Женщина обокрала интим-магазин в подмосковном Голицыне

Специалисты рассказали, почему выросли цены на стройматериалы

Российский производитель смазочных материалов развивает партнерство с предприятиями Мордовии

Таня Василькова и ее презентация книги «Как прожить в браке без брака»




Экватордук Гвинеяны 43 жыл башкарган Обианг Нгема кайра президент болду

Azattyk.org 

Жекшембиде Экватордук Гвинеяда президенттик шайлоо өттү. Анда 80 жаштагы президент Теодоро Обианг Нгуэма Мбасого дагы бир мөөнөткө ат салышты. Баштапкы маалыматтарга караганда, бул жолу ал 90 пайыздан ашуун добуш менен бешинчи жолу президент болуп шайланды. Ал 1979-жылы Африкадагы бул мамлекетинин биринчи президенти болгон тууганы бийликтен кулатылгандан бери өлкөнү жетектеп келеатат. 43 жылдан бери бийликте отурган Обианг Нгуэманы эл аралык укук коргоо уюмдары жана оппозиция аны диктатор деп аташат. Читать дальше...

Аба ырайы: тоолуу аймактарга кар түшөт

Azattyk.org 

22-ноябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан жаап, тоолуу райондоргө кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11; Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 5…10; Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5 градуска чейин жогорулайт. Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -13…-18, күндүз -4…-9. Читать дальше...

АКШда клубдагы атышуудан беш киши набыт болду

Azattyk.org 

АКШнын Колорадо-Спрингс шаарындагы ЛГБТ клубундагы атышууда кеминде беш киши каза тапты, 18и жараат алды. CNN тараткан кабарга ылайык, Club Q деген жердеги атышуу тууралуу полицияга 20-ноябрга караган түнү маалымат түшкөн. Шектүү кармалып, ооруканага жеткирилген. Кол салуунун себеби белгисиз.  Ок аткан адам 22 жаштагы Андерсон Ли Олдрич экени аныкталды. 2021-жылы дал ушул ысымдагы жаран апасын бомба менен коркутканы үчүн кармалган эле. Анын жашы да шектүү менен тең. Бирок ал иш сотко өткөн эмес. Читать дальше...

Тажик абагында президентти сындаган юрист жаза камерасына киргизилди

Azattyk.org 

Тажикстандын абагында узак мөөнөткө камалган юрист Бузургмехр Ёров тажик президенти Эмомали Рахмондун ролун талкуулаганы үчүн 15 күнгө жаза камерасына киргизилди. Анын бир тууганы, "Бузургмехр" фондунун жетекчиси Жамшед Ёров 20-ноябрда "Озоди" радиосуна билдиргендей, окуя 16-ноябрдагы Президент күнүн утурлай болгон. "Абак өкүлдөрү менен Бузургмехрдин ортосунда Эмомали Рахмондун коомдогу жана өлкөнүн өнүгүүсүндөгү ролу тууралуу талаш-тартыш болгон. Бир тууганымдын сын-пикири маектештерине жакпай, аны жазалоочу камерага камашкан. Читать дальше...

Ишкер аялдарды колдоо декадасы өттү

Azattyk.org 

Кыргызстанда ишкер аялдарга колдоо көрсөтүү максатында уюштурулган атайын декада жыйынтыкталды. Аялдардын укугун коргоо, аларга жардам берүү менен алектенген уюмдар 9-19-ноябрь күндөрү Бишкек, Баткен, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана онлайн платформаларда бизнесте алгачкы кадамдарын жасап жаткан жана тажрыйбалуу ишкер кыз-келиндерге кеп-кеңешин беришти. Аларга юридикалык жана каржылык сабаттуулукту жакшыртуу боюнча сабактар өткөрүлүп, маалымат берилгенин иш-чаранын уюштуруучусу – “Демилгелүү айымдар”... Читать дальше...

Амангелдиев: Кытайга Кыргызстан аркылуу өтчү түркмөн газ куурун салуу баштала элек

Azattyk.org 

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Түркмөнстандан Тажикстан жана Кыргызстан аркылуу Кытайга газ жеткирүү иштери баштала электигин маалымдады. Ал 21-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында муну газдын баасына байланыштуу маселе чечилбей жатканы менен негиздеди. "Түркмөнстандан Кытайга Тажикстан жана Кыргызстан аркылуу өтчү газ куурун куруу азыр токтоп турат. Анткени Түркмөнстан менен Кытайдын ортосундагы газ тууралуу маселе жана анын баасы чечиле элек. Читать дальше...



Москва

Каршеринг BelkaCar и картографический сервис 2ГИС запустили серию совместных маршрутов


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин. Главное за день



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Певец

Певец SHAMAN расплакался на концерте в Уфе после исполнения песни «Мама»




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Команда подмосковного главка Росгвардии заняла призовое место на чемпионате Центрального округа по стрельбе из боевого ручного стрелкового оружия

Команда подмосковного главка Росгвардии заняла призовое место на чемпионате Центрального округа по стрельбе из боевого ручного стрелкового оружия

Росгвардия обеспечила правопорядок во время футбольного матча «ЦСКА» - «Спартак» в Москве


Арина Соболенко

Соболенко: я предпочитаю смотреть мужской теннис, а не женский



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Симферополь

СК возбудил дело после гибели рабочего при пожаре в цистерне под Симферополем



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России