Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2022

Новости за 11.11.2022

Руслан Казакбаев Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп дайындалды

Azattyk.org 

Руслан Казакбаев Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында жарыяланды.  Буга чейин Кыргызстандын Түркиядагы элчиси кызматын аркалап келген Кубанычбек Өмүралиев Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысы болуп шайланганы маалым болгон. Мындай чечим уюмдун Самарканддагы саммитинде кабыл алынды. 55 жаштагы Руслан Казакбаев 2020-2022, 2010-2012-жылдары тышкы иштер министри болгон. Ал 2015-жылы "Республика-Ата... Читать дальше...

18 жаштагы жоокердин табышмактуу өлүмү

Azattyk.org 

Айдаркенде армияда кызмат өтөп жүргөн 18 жаштагы жоокер Айжигит Таалайбек уулунун сөөгү өзү туулуп өскөн Кара-Суу районунда 11-ноябрда жерге берилди. Расмий маалыматта бир ай мурда аскерге чакырылган жоокер оорудан көз жумганы айтылса, жакындары ага ишенбей жатат.

Ирандык белгилүү актриса жоолуксуз сүрөтүн жарыялады

Azattyk.org 

Иранда белгилүү актриса Таране Алидусти нааразылык акцияларга тилектештик билдирип, жоолуксуз сүрөтүн жарыялады. Ал сүрөтүнүн алдына "Аял, жашоо, эркиндик" деп жазган. Алидусти Ирандагы эң белгилүү актриса. Ал режиссер Асгар Фархадинин "Оскар" сыйлыгына татыган "Коммивояжер" тасмасында башкы ролду аткарган. Алидустиден кийин ирандык дагы эки актриса жоолуксуз сүрөттөрүн жарыялады. 13-сентябрда Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөн деген негизде 22 жаштагы студент кыз Махса Аминини кармап кеткен. Читать дальше...



"Экинчи агрегат оңдолду". Токтогул ГЭСине байланыштуу өчүрүүлөр

Azattyk.org 

Соңку күндөрү Кыргызстанда электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлүп жатат. Энергетиктер мындай өчүрүүлөр ушул күндөрү жана ноябрь айынын аягында да бир жолу болорун билдирип, аны Токтогул ГЭСинин эки агрегаты ишке киргизилип жатканы менен байланыштырды. Суук түшкөндө айрым жерлерде электр жарыгынын өчүшү өкмөттүн кышка даярдыгы боюнча маселени козгоду. Электр жарыгын өчүрүүлөргө түшүндүрмө Акыркы күндөрү Кыргызстандын бир катар аймактарынын, анын ичинде Бишкектин тургундары электр энергиясы утур-утур өчүрүлүп жатканын билдиришүүдө. Читать дальше...

Create4 - жаратмандардын фестивалы

Azattyk.org 

D Billions тобунун Ютубдагы видеолору 25 миллиард жолу көрүлдү. Ырчы Жакстын (JAX) 10 миң долларга тарткан клиби интернетте популярдуу болууда. Жазуучулар өздөрү жазган китепти сатуунун жаңы жолдорун өздөштүрүшүүдө. Бишкекте өлкөдөгү ушул жана башка жаратмандарга арналган фестиваль өттү. Ага “Азаттык+” дагы катышып келди.

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн саммити сүрөттөрдө

Azattyk.org 

Түрк мамлекеттери уюмунун 9-саммити Өзбекстандын Самарканд шаарында өттү. Жети өлкөнүн лидерлери катышкан саммитте түрк тилдүү өлкөлөрдүн алакасынан сырткары дүйнөдөгү жана аймактагы курч турган көйгөйлөр талкууланды.

Саясатчы Асия Сасыкбаева камакта калды

Azattyk.org 

"Ата-Мекен" партиясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асия Сасякбаева камакта калды. Бишкек шаардык соту бүгүн, 11-ноябрда анын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча доо арызды карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Ал Кемпир-Абад ишине байланыштуу топ саясатчы, активисттер менен катар массалык башаламандык уюштурууга аракет кылган деген шек менен 23-октябрда кармалган. Биринчи май райондук сотунун чечими менен Бишкектеги №1 тергөө абагына (СИЗО-1) 20-декабрга чейин камалган. Шаардык... Читать дальше...

Казакстанда аткаминерлер казиного 1 млн. доллар уттурушкан

Azattyk.org 

Казакстандын Каржы мониторинг агенттиги аткаминерлердин казинодо уттурган акчасы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп жатат. Андан мурда журналисттер Алматы прокуратурасына шилтеме жасап, 305 мамлекеттик кызматкер казинодо болуп көрбөгөндөй акча сарпташканын жазышкан. Алардын арасында Ички иштер, Коргоо, Каржы министрликтеринин өкүлдөрү да бар. Мекемелердин жетекчилеринин айрымдары мындай иликтөөнү сындашса, кээ бирлери колдоо көрсөтүүдө. "Демек, алар өздөрүнүн акчаларын коротуп жатышат да. Өздөрүнүн иши да... Читать дальше...



Садыркуловдун өлүмү: Айыпталуучунун акыркы сөзү кийинкиге калды

Azattyk.org 

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө айыпталып жаткан Санжар Сапарбеков бүгүн 11-ноябрдагы сот отурумунда акыркы сөзүн айтууга даяр эмес болгонуна байланыштуу сот 18-ноябрга калды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чүй облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти. Айрым маалыматтарга караганда, ал акыркы сөзүн айтууга ден соолугуна байланыштуу даярдана албай калганын билдирди. Иш Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунда каралып жатат. Башкы прокуратура Сапарбековду өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратып... Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: Нурлан Асанбеков үй камагына чыгарылды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту бүгүн, 11-ноябрда массалык башаламандык уюштурууга шек саналып эки айга камалган Нурлан Асанбековдун бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарды. "Азаттыктын" кабарчысынын айтымында, ага сот залынан "Тез жардам" чакыртылды. Түшкө чейин соттук коллегия Асанбековдун бөгөт чарасын кароодо ден соолугуна байланыштуу дарыгерден маалымдама алып келүү үчүн танапис жарыялаган. Мунун алдында укук коргоочу Азиза Абдирасулова Асанбековдун ден соолугу начарлаганын айтып, соттон аны үй камагына чыгарууну өтүнгөн. Читать дальше...

УКМК "Унаа" ишканасынын кызматкери кармалганын билдирди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Жайыл-Панфилов бөлүмүнүн адиси кармалганын бүгүн, 11-ноябрда кабарлады. Маалыматка караганда, шек саналган кызматкер автотранспортту кайра жабдууда уруксат кагаздарын берүү үчүн акча талап кылган жана аны алып жаткан учурда кол түшкөн. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси ("Опузалап пара талап кылуу") боюнча шектелип, УКМКнын убактылуу тергөө жайына киргизилди. Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кабарланды. Читать дальше...

"Менден кетсең өлөсүң". Келин күйөөсүнүн колунан ажал тапты

Azattyk.org 

Караколдо 30 жаштагы келин бычакталып, каза тапты. Ага кол салган күйөөсү өзүн мууздаганга аракет кылып, оор абалда Ысык-Көл облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Үч балалуу үй-бүлө мындан бир ай мурда ажырашканы айтылууда. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдиргендей, окуя 9-ноябрда саат 17:00 чамасында Караколдогу “Кумтөр” соода борборунда болгон. Аял кишиге бычак сайгандан көп өтпөй эркек киши өзүнө кол салганын милицияга кабарлашкан. Читать дальше...

Экстремизм түшкө кирбеген окуяга түртүшү мүмкүн

Azattyk.org 

Макаланын автору Жолдош Турдубаев - адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык сынактарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia долбоорунун алкагындагы адам укуктары боюнча макалалардын Борбордук Азия журналисттеринин арасында жарыяланган сынактын экинчи байгесине ээ болгон. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт. Экстремизм кылмышы Окуу китеп деңгээлиндеги белгилүү аныктамасы боюнча экстремизм (лат. extremus ... Читать дальше...

Түрк мамлекеттери уюмунун саммити жыйынтыкталды

Azattyk.org 

Өзбекстандын Самарканд шаарында Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) президенттеринин тогузунчу саммити бүгүн 11-ноябрда бир катар документтерди кабыл алуу менен жыйынтыкталды. Кыргызстандын, Азербайжандын, Казакстандын, Түркиянын жана Өзбекстандын президенттери кол койгон сегиз протокол, чечим жана келишим негизинен ортодогу соода-сатык менен жүк ташууну жакшыртуу, бажы текшерүүлөрүн азайтуу, санарип системалары жана уюштуруу жаатында кызматташуу максатын көздөйт. Саммитте сүйлөгөн сөзүндө президент... Читать дальше...

12-ноябрдын аба ырайы

Azattyk.org 

12-ноябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 7…12; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 4...9; Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…+4; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -24...-29, күндүз -7...-12. ​Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз 8…10 градус болот.

Бишкек шаардык соту Жеңиш Молдокматовду камакта калтырды

Azattyk.org 

Кемпир-Абад ишине байланыштуу "жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган" деп шектелип эки айга камалган саясатчы Жеңиш Молдокматовдун бөгөт чарасы өзгөргөн жок. Бүгүн, 11-ноябрда Бишкек шаардык соту ага карата Биринчи май райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырды. "Замандаш" партиясы менен 2020-жылдагы шайлоого катышкан, кийин “Туран” партиясын түзгөн Жеңиш Молдокматов 23-октябрда "Массалык башаламандык уюштурууга аракет кылуу" беренеси менен шек саналып, кармалган. Бишкек шаардык... Читать дальше...

Түрк мамлекеттери уюмунун сыйлыгы Чыңгыз Айтматовго ыйгарылды

Azattyk.org 

Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) Алишер Навои атындагы эл аралык сыйлыгы Өзбекстандын сунушу менен залкар жазуучу, маркум Чыңгыз Айтматовго ыйгарылды. Бул тууралуу саммиттен соң брифинг учурунда Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов билдирди. Сыйлык кыргыз президенти Садыр Жапаровго берилди. Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев аны Айтматовдун жакындарына тапшырып коюну өтүнүп, салам жолдоду. Түрк дүйнөсүнүн биримдигине кошкон салымы үчүн Түрк мамлекеттер уюмунун эл аралык... Читать дальше...

Кемпир-Абад: Асанбековдун бөгөт чарасын кароодо танапис жарыяланды

Azattyk.org 

Массалык башаламандык уюштурууга айыпталып эки айга камалган Нурлан Асанбековдун бөгөт чарасы бүгүн, 11-ноябрда Бишкек шаардык сотунда каралууда. Ал абакта ачкачылык кармоону улантып жатканы үчүн, соттук отурумга дарыгердин коштоосунда келди. Ал сотто Кемпир-Абад боюнча кармалган саясатчылардын арасынан Равшан Жээнбековду гана тааный турганын, анын үйүн оңдоп иштеп жатканын айтты. Асанбеков курулуш тармагында иштей турганын, саясатка тиешеси жок экенин билдирди. Ал сотко өзүнүн жана жакындарынын... Читать дальше...

"Перзент" тасмасы Бээжиндеги кинофестивалда көрсөтүлөт

Azattyk.org 

Кыргызстандык жаш кинорежиссер Караш Жанышовдун "Перзент" деген аталыштагы кыска метраждуу тасмасы Бээжин шаарындагы кинофестивалда көрсөтүлөт. Тасма фестивалдын NOVA аталышындагы жаңы сынагына катышат. Бул тууралуу белгилүү кино таануучу Гүлбара Төлөмүшева маалымдады. Тасмада балдар үйүндө тарбияланган Марат жаштайынан ата-энесин издегени, кийин сойкулук менен алектенген апасын таап, арасат абалда калганы, көргөн кыйынчылыктары көрсөтүлөт. "Перзент" тасмасы Интерньюс уюмунун Кыргызстандагы... Читать дальше...


Музыкальные новости
Михаил Кутушов

Токсиколог Кутушов рассказал почему возникает похмелье





Rss.plus
Зенит

«Радио Зенит» и СПбГУПТД подписали соглашение о сотрудничестве




Сбер подарил Орлу умный светомузыкальный фонтан

Той я вот весь красотун

Слёзы «Красной Минервы». Почему в регионах России идут «оранжевые» дожди?

«Спартак» лидирует по очкам с командами из первой половины РПЛ




Кубанычбек Өмүралиев Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысы болуп шайланды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысы болуп шайланды. Мындай чечим уюмдун Самарканддагы саммитинде кабыл алынды. Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кубанычбек Өмүралиевдин талапкерлигин тааныштырды. "Өмүралиевдин кесипкөйлүк жана инсандык сапаттары биздин уюмубуздун дараметин мындан ары чыңдоого жана түрк мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң салым кошот деп ишеним артабыз,” - деди Жапаров. Кубанычбек... Читать дальше...

Садыр Жапаров түрк тилдүү өлкөлөрдүн транспорт байланышын күчөтүүнү сунуштады

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун саммитинде бирикмеге мүчө өлкөлөр ортосунда транспорттук байланыштарды күчөтүүнү сунуштады. Мамлекет башчы Кыргызстан бул жаатта бир катар демилгелерди көтөрүп жатканын белгилеп, ага мисал катары Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол курулушун ишке ашыруу планын атады. “Жакын арада биз "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун куруу долбоорун практикалык ишке ашырууну баштоону пландаштырып жатабыз. Бул долбоор Батыш өлкөлөрүнө жүктөрдү жеткирүүнү тездетүү менен бирге... Читать дальше...

Чыңгыз Капаров камакта калды

Azattyk.org 

Массалык башаламандыкка айыпталып, эки айга камалган активист Чыңгыз Капаровдун бөгөт чарасы өзгөргөн жок. Бишкек шаардык соту ага карата Биринчи май райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырды. Чыңгыз Капаров - "Бүткүл жаштар" партиясынын лидери. 2021-жылы парламенттик шайлоого бир мандаттуу №3 Нарын округунан катышкан. 23-октябрда "Массалык башаламандык уюштуруу" беренеси менен шек саналып, кармалган. Бишкек шаардык соту бүгүн, 11-ноябрда Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалган саясатчы... Читать дальше...

Баткен: жашоочулар курулуштун кечиккенине кабатыр

Azattyk.org 

Баткен районундагы чек ара чырында үйү өрттөлгөн жашоочулар курулуш иштери жай жүрүп жатканын билдирүүдө. 184 үйдүн курулушу жүрүп жаткан Ак-Сай айылынын тургундары курулуш компаниялардын ишине нараазы болуп жатышат. Бул маселе Баткенге иш сапары менен барган Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев менен жолугушууда да көтөрүлдү.

Кыргызстанга ЕККУнун элчилери келет

Azattyk.org 

Кыргызстанга Борбор Азия боюнча аймактык турненин алкагында Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) алдындагы Улуу Британия, Германия, АКШ жана Франциянын туруктуу өкүлдөрү келет. Бул тууралуу Британиянын Бишкектеги элчилигинен билдиришти. Маалыматка караганда, топтун курамында элчилер Нил Буш (Британия), Геза Бройтигам (Германия), Майкл Карпентер (АКШ) жана Кристин Фаж (Франция) бар. Буга чейин алар аймактык турдун алкагында Тажикстан, Казакстан жана Өзбекстанда болушту. Кыргызстандагы... Читать дальше...

Нурланбек Асанбековдун бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү сотко берилди

Azattyk.org 

Массалык башаламандык уюштурууга айыпталып, эки айга камалган Нурланбек Асанбековду үй камагына чыгаруу өтүнүчүн Бишкек шаардык сотунун төрагасы Н.Эсеналиевдин атына укук коргоочу Азиза Абдирасулова жолдоду. Өтүнүч катта Нурланбек Асанбеков 11 жаштагы кызын, улгайган апасын, майыптыгы бар кичинекей баласын караган жалгыз бой ата экендиги, мурда сот жообуна тартылбаганы белгиленген. Мындан тышкары анын 1-ноябрдан бери ачкачылык кармап жаткандыктан саламаттыгы да начарлаганы тууралуу жазылган.... Читать дальше...



Москва

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Искусственный интеллект станет базовой медицинской технологией в Москве



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Тимати

Певец Стас Пьеха рассказал о постановочной драке с Тимати, за которую его хотели избить




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Росгвардия обеспечила правопорядок во время футбольного матча «ЦСКА» - «Спартак» в Москве

Генерал-полковник Алексей Воробьев высоко оценил подготовку кинологов Росгвардии к предстоящим соревнованиям по профессиональному многоборью

«Спартак» лидирует по очкам с командами из первой половины РПЛ


Мария Шарапова

Первая ракетка России рассказала об общении с Шараповой



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Новости 24 часа

Российские ученые первыми создали средство, способное вылечить болезнь Бехтерева



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России