Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2022

Зордун түбү – кор же өкүмзордук саясаттын опурталдуулугу

0
Зордун түбү – кор же өкүмзордук саясаттын опурталдуулугу

Жазуучу, публицист Аким Кожоевдин блогу.

Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбай турганын эскертебиз.

Баягы эле эски сценарий...

Баягы эле эски сценарий кайталанып жатат: аңдуу, коркутуп-үркүтүү, опузалоо, акыр-аягында күчкө салып камоо. Тилекке каршы, отуз жылда эч нерсе өзгөрбөптүр, эч өзгөрүш болбоптур. Мени катуу өкүнткөнү, президент Садыр Жапаров да, УКМК башчысы Камчыбек Ташиев да өздөрүнүн өткөнкү тагдырынан эч сабак албаптыр.

Ташиев унутуп калган жагдайда да Садыр Жапаров дал ушундай эле оор маселеде (б.а. Кумтөрдү коргогондугу үчүн) соттолгондугун жадынан чыгарбашы керек эле. Бир кездеги дал өзү сыяктуу бүгүн Кемпир-Абадды жаналакетке түшүп коргоп жаткандарды камап салууга жол бербеши керек болчу.

Балким, кармалгандар арасында тымызын бийликти көксөгөндөрү да жок эмес, бирок алардын дээрлик көпчүлүгү ата-бабадан таберик калган жерлер - Каркыра, Үзөңгү-Кууш өңдүү Кемпир-Абад да берилип кетпесин, келечек муун үчүн кыянатчылык кылбайлы деп тагдырын, өмүрүн тобокелге салып жатканы анык. Анткени эгер Кемпир-Абадды алдырып жиберсек, буга бир гана Жапаров, Ташиев же депутаттар күнөөлүү болбойт, бир эле убакта акыл-идиректүү коомчулук, илим-билимдүү интеллигенция да айыптуу болот. Тарыхтын, келечек муундардын каргышы ушундай кыяматтык кыянатчылыкка кайдыгерлиги, жүрнарылыгы, ээрчимелиги, коркоктугу менен жол берген жалпы элге да тиет. Демек, Кемпир-Абадды сактап калуу жоопкерчилиги ар бирибиздин моюнубузда!

Бир кезде, "Кумтөр" деп күйүп-бышып жүргөндө чындык Садыр Жапаров тарабында эле, башка көпчүлүк эл сыяктуу эле мен анын дилинин актыгына, ниетинин түздүгүнө, Кумтөрдүн тагдыры үчүн тобокелге барып жатканына эч күмөнсүз ишенчүмүн. Кийин Кумтөр үчүн кесилип кеткенде чыныгы элдин уулу, элдик баатыр катары катуу сыйлап калган элем. Өкүнүчкө карай, бүгүн чындык башкалар тарапта... Президенттин айланасындагы акыл кошчулары, тилектештери, жан достору, көшөкөр-кошоматчылары дарымдап салгансып чыныгы реалдуулукту уккусу, көргүсү, түшүнгүсү келбей жатканы мени катуу бушайманга салууда.

Эгерде биз Кемпир-Абадды алдырып ийсек, Кыргызстан стратегиялык жактан өтө чоң жоготууга гана учурабай, келечекте айрым аймактары кооптуу жагдайга (суу каптап кетиши ыктымал болгон) да туш болорун бүгүн рахматы атам айтмакчы көр кемпир да түшүнүп жатат. Анда эмне үчүн муну президент жана анын айланасындагылар түшүнбөйт? Же мында биз билбеген бир мандем барбы?

Али да кеч эмес, президенттин бир гана сөзү, бир гана чечими жана аракети Кемпир-Абадды гана сактап калбай, бүгүн улам курчуп бараткан коомдогу жиктешүүнү жайгарып, ынтымакты, биримдикти сактап калат. Анын бул чечими Кыргызстандын тарыхында алтын тамга менен жазылып калчу тарыхый чечимге айланат. Учурда аны бийлик башында көргүсү келбей жаткан каршылаштары да аны сыйлоого, анын акыйкат кадамын калыс баалоого аргасыз болот.

Мындан эки жыл мурда, Садыр Жапаров бийликке жаңы келип жатканда "Садыр Жапаров улуттук лидер боло алабы?" деп жазган элем. Ошондо бир топ сунуштарды да айтканмын. Тилекке каршы, ал Ли Куан Ю сыяктуу чечкиндүү кадамдарга барып, өзүн уят кылып жаткан "досторунан" кутула алган жок. Буга чейинки президенттердин түбүнө жеткендей эле, эки жүздүү жагымпоздору, өлкөдөгү реалдуу чындыкты эмес, президенттин кулагына гана жага турган маалыматтарды шыбырап турган кол жоолуктары анын кадыр-баркына доо кетирип жатат. Ал эми бүгүнкү болуп жаткан окуялар (мыйзамсыз камоолор, эркин медианы муунтуу) анын эң чоң катачылыгы болду, жалпы кыргыз эли эле эмес, бүтүндөй дүйнөлүк коомчулук алдында бетине көө жапты.

Мен Эрлан Бекчоро, Атай Бейшенбек, Али Шабдан, Айданбек Акматов сыяктуу кыргыздын эр-азаматтарынын оюнда эч кандай башаламандык уюштуруу же төңкөрүш жасоо деген максат болгон эмес деп өз ыйманыма ишенгендей ишенем. Алар тек чындыкты көзгө сайып көрсөтүп, бетке айтып келе жатышканы үчүн камалышты. Клара Сооронкулова, Рита Карасартова сыяктуу белгилүү айымдар өмүр бою адам укугу, мыйзамдуулук үчүн күрөшүп келүүдө. Анан кантип өздөрү мыйзам бузсун?

Иликтөөчү журналист Болот Темировго бетпактык менен жалаа жабышкандай эле, аталган жарандарыбыз жалган жалаа менен абакка түштү. Бул уятсыз шоуну уюштуруучулардын максаты – Кемпир-Абад тууралуу келишимди ратификациядан эс тоскоолдуксуз өткөрүп алуу гана. Муну бүгүн бешиктеги бала да түшүнүп, билип турат.

Аттиң, ушундайда президент менен күндө кол алышып жүргөн кеңешчи аксакалдардын бирөө батынып айтса болмок:

"Садыр иним, бул кылганың жарабайт. Сен туура эмес жолго түшүп кетип бара жатасың. Биздин эл 32 жылдан бери ар бир жаран өз оюн эркин айта алган, өз көз карашын коркпой-үкпөй эркин билдире алган демократиялуу коомду куруу үчүн күрөшүп келе жатат. Бул улуу мүдөө үчүн канчалаган жигиттерибиздин каны төгүлдү, канчалаган эр-азаматтар өмүрүн сайды.

Сен эмне, буга чейин жетишкендиктерибиздин баарын бир заматта күм-жам кылгың келип жатабы? Авторитардык түзүмдүн кесепети кандай болорун Акаев, Бакиевдин тушунда көрбөдүк беле? Бул жарыкта түбөлүк эч нерсе жок, бул дүйнөгө түркүк болом дегендер да өткөн. Тарыхта адил, айкөл, кечиримдүү, демократ падыша катары калсаң жаманбы? Заалим, зөөкүр, ырайымсыз өкүмдар атыккандан Кудай сактасын!

Бүгүн сенин айланаңдагы жагымпоздоруң сени ошол жолго түртүп жатат. Кеч боло электе көзүңдү ач, чындыкты чыркырап айтып жаткан элдин үнүн ук! Ушулар мени алдап жаткан жокпу, жалган айтып мени аңга түртүп жаткан жокпу деген шектенүү кантип эле сенде жок болсун?! Жазыксыз камалгандарды тез арада бошоттур! Мындан ары куугунтук кылганды такыр токтот!

Кемпир-Абад маселесинде да шашпайлы. Шашкан шайтандын иши. Жети өлчөп, бир кесели. Тарых алдында, келечек муун алдында жооп берип калбайлы.

Сенин реформатор, акылман, айкөл, баарына тең караган калыс президент болууга али да мүмкүнчүлүгүң бар, али да кеч эмес. Бул үчүн эң ириде тегерегиңдеги күнү-түнү мактоо ырын ырдаган арзыматтардын тамырын кырк. Эгер колунан иш келип, жөндөмү сеникинен ашып турса, элдешкистей душманың болсо да мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн каршылаштарыңды жооптуу кызматтарга дайындагандан коркпо.

Бул нерседен сен үч утушка ээ болосуң: биринчиси, душманың азаят, экинчиси, досуң көбөйөт. Үчүнчүсү (эң башкысы), өлкөнүн иши алдыга жылат. 27 жыл түрмөдө отуруп, 76 жашында бийликке келген, ысымы дүйнөдө кулчулукка каршы күрөштүн символуна айланган Нельсон Мандела саясий оппоненттерине жогорку мамлекеттик кызматтарды сунуштап, кечээги душмандарын бир заматта тилектештерине айландырганын унутпа.

Мейли, алар чындыкты бетиңе айтып, талашып-тартышсын, керек болсо, сөгүшкөнгө чейин барсын. Кандай болсо да өлкөнү учурдагы туңгуюктан алып чыгуунун жолун тапканга кол кабыш кылсын. Сен өкүмдарлык каадаңдан жазбай, ар дайым токтоо, сабырдуу болууга аракет кыл.

Президенттин наамына ылайыксыз кеп-сөздөрдү эч качан, эч жерде, атүгүл жакын санаалаштарың же үй-бүлөң менен отурганда да оозанба. Кара кылды как жарган калыстыгыңдан эч качан тайба – ошондо гана мартабаң артат, ошондо гана жалпы элиңдин алдында да, тарых алдында да жүзүң жарык болот".





Губернаторы России
Москва

Столичный мэр реорганизовал управы в ТиНАО





Москва

Дмитрий Бикбаев готовит премьеру театрального проекта, основанного на личных переживаниях


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин сообщил о планах благоустройства на северо-востоке Москвы



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Егор Крид

Егор Крид, Ольга Бузова, JONY и другие на премии ЖАРА Music Awards




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Стартовал финальный этап всероссийского футбольного турнира «Будущее зависит от тебя»

Звезды спорта. Кто они такие и почему их так называют?

В Подмосковье сотрудники ОМОН «Русич» Росгвардии приняли участие в церемонии открытия соревнований по дзюдо среди детей и подростков


Даниил Медведев

Медведев с трудом одолел 121-ю ракетку мира на турнире в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

От сварки до сборки. Завод «Москвич» перешёл на технологию полного цикла



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России