Көмүрдүн баасына тескөө киргизилиши мүмкүн
Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы күрөшүү кызматы көмүрдүн баасына тескөө киргизилүүсү ыктымалдыгын, маселе учурда каралып жатканын маалымдады.
Маалыматка караганда, мекеменин төрагасы Кеңешбай Тайлаков бүгүн, 1-ноябрда Бишкектеги көмүр саткан жайларды кыдырды. Көмүр сатуучу базалардын жетекчилери менен жолугушуп, бааларды жөнсүз көтөрбөөнү эскертти. Сатуучуларга "Атаандаштык" жана "Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо" жөнүндө мыйзамдар тууралуу түшүндүрмө берилди.
1-ноябрдан тартып Бишкекте тоннасы 4 миң сомдук көмүр саткан соода түйүндөрү ишке киргенин "Кыргызкөмүр" ишканасы маалымдаган.
Ал эми Казакстандан алып келинген көмүрдүн баасы 5 миң сомдун айланасында сатылууда. (ZKo)