Бишкекте арзан көмүр сатылган түйүндөр иштей баштады
1-ноябрдан тартып Бишкекте бир нече жерде тоннасы 4 миң сомдон арзан көмүр сатыла баштаганын "Кыргызкөмүр" ишканасы билдирди.
Алар:
-Мурманск - 126;
-Достоевский - 97к;
-Киргизия көчөсү менен айланма жолдун кесилишинде;
-Алматы көчөсү менен айланма жолдо.
Маалыматка караганда, арзан көмүр бир үй-бүлөгө 2 тоннадан гана сатылып жатат. Мындай чектөө көмүр менен көбүрөөк үй-бүлөлөрдү камсыз кылуу максатында киргизилген.
Арзан көмүр башка аймактарга жеткирилеби же жокпу азырынча маалымат жок.
Бишкекте элди арзан көмүр менен камсыз кылуу өнөктүгү былтыр кеч күздөгү көмүр таңсыктыгы учурунда алгачкы жолу киргизилген. Ал кезде тоннасы 3 миң сомдук көмүр сатылып, узун кезектер жаралган.(ZKo)