Кыргызстанга келген орус жарандарынын агымы азайды
Орусиянын жарандарынын Кыргызстанга агымы азайганын Чек ара кызматы билдирүүдө. 31-октябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинде депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып мекеменин өкүлү Нурланбек Жалбиев Орусиядан келгендердин агымы азайып, мурдагы калыбына келип калганын, алардын саны Орусияда мобилизация жарыяланган 21-сентябрдан тартып октябрдын ортосуна чейин адаттагыдан көп болгонун маалымдады.
Жалбиевдин айтымында, кээ бир орусиялыктар Кыргызстан аркылуу башка өлкөлөргө чыгып кетишти.
Орусиялыктардын келиши менен Кыргызстанда үйлөрдүн ижара акысы жогорулап, айрым тейлөө кызматтары кескин кымбаттап кеткен.
Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, быйыл 9 айда Кыргызстанга Орусиядан 479 миң жаран келген. Ал эми Санарип министрлиги ушул эле 9 ай аралыгында 192 миң орусиялык келгенин билдирген. Мобилизация аяктаганын Орусиянын Коргоо министрлиги 28-октябрда жарыялады.