Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2022

Баткен: кечеңдеген курулуш, ортомчулардын "оюну"

0
Баткен: кечеңдеген курулуш, ортомчулардын

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусундагы жабыркаган айылдарды калыбына келтирүү боюнча курулуш иштеринин ыргагына нааразы болду.

"Курулуштун жүрүшү абдан жай"

Ал мүмкүнчүлүккө жараша өкмөттөн каражат бөлүнгөнүн, бирок аны өздөштүрүүдө маселе бар экенин айтып, тиешелүү жетекчилердин жоопкерчилиги караларын эскертти. Айрым депутаттар өкмөттүн быйыл суук түшкөнгө чейин үйлөрдү куруп үлгүрбөстүгүн, андыктан аларды жылуу жайларга жайгаштырууну сунушташты.

Өкмөттүн маалыматы боюнча өткөн 16-17-сентябрь күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун Тажикстан менен чектешкен айылдарында 621 турак жай өрттөлүп, анын ичинен 423 үй таптакыр жашоого жараксыз абалда. 27 социалдык, 11 административдик-стратегиялык объект, 335 сарай, 197 жашоо тиричиликти тейлөө жайы, 61 автоунаа жана 1 көпүрө жабыркаган.

Бирок өкмөт ушул кезге чейин келтирилген материалдык зыяндын жалпы суммасын ачык жарыялай элек. Буга чейин өкмөт башчысы Акылбек Жапаров Баткенди калыбына келтирүүгө мамлекеттик казынадан 3,5 млрд. сом бөлүнгөнүн билдирген.

Министрлер кабинетининин төрагасы 30-октябрда Баткенге иш сапары менен барып, андагы курулуштун жүрүшүнө ичи чыкпай, тиешелүү жетекчилерге эскертүү берди.

"Керектүү чечимдердин бардыгы ыкчам кабыл алынууда. Бирок мында бир маселе - ал чечимдерди өз убагында, так аткарууда. Курулуш иштери кандай жүрүп жатканы менен тааныштым. Курулуштун жүрүшү абдан жай жүрүп жатат. Урматтуу жетекчилер, мындай кылганга болбойт. Кийинкиде бул маселе боюнча ар биринин жеке жоопкерчилигин карайбыз. Баткен облусун калыбына келтирүү үчүн каржылоону кечиктирүү же акча жок деген шылтоону айтып жаткан жерибиз жок. Республикадагы болгон мүмкүнчүлүктүн бардыгын, бюджеттеги резервди облустун жабыркаган калкына жана социалдык инфратүзүмдү калыбына келтирүүгө жумшайбыз. Биздин алдын ала эсеп боюнча 6-8 миллиард сом керектелет. Азыр 4,1 миллиард сомго жакын акча мамлекеттик органдардын тиешелүү эсептерине келип түштү", - деди Акылбек Жапаров.

Буга чейин Жогорку Кеңеште Баткен облусундагы жабыркаган айылдарды калыбына келтирүүнүн абалы тууралуу депутат Камила Талиева маселе көтөрүп, өкмөттү сынга алган. Эл өкүлү чек ара айылдарын калыбына келтирүү иштери солгун болуп, жабыркаган калкты кышка чейин үйлөрүнө жайгаштыруунун жана курулуш иштерин уюштуруунун абалы начар экенин айткан жайы бар.

"Мына өкмөттүн иши, эч кандай уюштуруу иши жүргөн жок. Тилибизди тишибизге катып отурдук. "Баткен облусунун макамы жөнүндө" мыйзам кандай аткарылып жатканын карагылачы. Президенттин жарлыгы чыгып, 500 миллион сом бөлүнгөн, бирок бул каражаттын бир сому да пайдаланылган эмес. Алар ызы-чуу салгандан кийин гана Лейлек районуна 125 миллион сом бөлүнгөн. Бирок аны өздөштүрүүнүн жобосу жок. Акимдер эмне кыларын билбей отурушат. Ал жактагы адамдарга кыйын болду. Кылычын алып, кыш келе жатат. Бир эле Борбордук айылында 16 үйдүн эле пайдубалын казып коюп, эч нерсе башталган жок. Элди тозуттуңар. Бул факт. Лейлектин бир эле Арка айылын алсак, элдин 40-50 пайызы жок".

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров алгач Баткен облусуна барып, жергиликтүү тургундар менен жолукканда кыш түшкөнгө чейин кыйраган турак жайлар курулуп, жашоочулар үйлөрүнө киргизилерин убада кылган.

Курулуштун кечеңдеши: ортомчулар аралашкан "оюндар"

Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Ражабалиев курулуш иштери эмнеге кечеңдеп жатканын айтып, үйлөрдү курууга жалданма ишкана (подрядчик) кайра туунду жалдануучуга (субподрядчик) өткөрүп, ортодон акча жасагысы келген ортомчуларды ооздуктоого чакырды.

Депутат Ражабалиев анын айынан ар бир үйдү курууга бөлүнгөн акчанын өлчөмү кемип жатканын айтты.

"Бизге жеткен маалымат боюнча башкы аткаруучу курулушту кийинкисине тапшырып, 3,3 млн. сомдон каралган акчанын өлчөмү 2,8 млн. сомго чейин түшүптүр. Анысы барып, курулушка салууга дагы башка бирөөлөрдү издеп жүрөт дешти. Башкы аткаруучу жумушту каалаганына берип, ар бир турак жайга каралган 3,3 млн. сомдун 2,8 млн. сомго чейин түшкөнү бул эмне дегендик? Эгерде бул курулушту бир компания милдетин алып, бүтүрө албаса, анда эмнеге ага бердик? Мынчалыкка барбаш керек эле. Башкы аткаруучу жумуштун баарын алып алып, анан башкаларга "мынчадан төлөп берем" деп кайра сунуштап, орто жерден эле акча жасамай жүрүп жатат. Баткенде мындай нерсенин кереги жок эле. Ошого күйөсүң. Ошондуктан жумушка барган усталар иштебей эле, айланып жүрүшөт экен".

Жатаканаларга жайгаштыруу сунушу

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков кышка чейин үйлөрдү бүтүрүп, үлгүрүү кыйын экенин, андыктан жабыркаган үй-бүлөлөрдү башка шаарлардагы жатаканаларга жайгаштырууну сунуштады.

"Баткендеги тополоңдон кийин айылдардан чыгып кетип, кайра үйлөрүнө кайтпагандардын тизмеси барбы? Алардын канчасы Ошто, Бишкекте, Кызыл-Кыяда же башка аймактарда жүрүшөт? Бизге азыр бир топ жарандар "батир акыларын төлөй албай калдык, кубалап чыгарып жатышат, жардам бергиле" деп кайрылышты. Кээ бирлери мечиттерде жашап жатыптыр. Азыр бизде окуу жайлардын жатаканаларынын жарымынан көбү бош. Тизмесин түзүп, катуу суук болгонго чейин муктаж адамдарды ал жактарга жайгаштырсаңыздар жакшы болот эле".

Ушул күнгө чейин өкмөт Баткендеги куралдуу кол салуудан кийин 140 миңге чукул жаран аргасыз орун которгонун билдирген. Бирок анын көбү кайра үйлөрүнө кайтканы айтылып, бирок канча үй-бүлө азыр башка жактарда күн кечирип жатканы жарыяланган эмес.

19-октябрдагы өкмөттүк саатта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров депутат Талиевага жооп берип жатып, Баткенде жабыркаган элге мамлекеттик материалдык резервден азык-түлүк бөлүнгөнүн билдирген.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинде 31-октябрда Азия өнүктүрүү банкынан 50 млн. доллар жардам алуу тууралуу макулдашуунун долбоору каралып, анын жарымы насыя, калганы кайтарымсыз грант иретинде берилери белгиленди.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча алынган гранттын 3 млрд. сому Баткенге жумшалат.

Депутат Адахан Мадумаров өкмөт башчысы Баткенге бөлүнчү акчанын каяктан алынарын жалпылап, бурмалап жатат деп сынга алды.

"Акылбек Жапаров өткөндө Баткенди калыбына келтирүүгө 3,5 млрд. сом бөлүп бердик деп жарыялады. Ал эми сиз "мына ушул гранттан түшчү акчанын 3 млрд. сомун беребиз" деп жатасыз. Кимиңиздерге ишенебиз? Анда Министрлер кабинетинин төрагасына айтып койсоңуз, бөлүнө элек акчаны эрте эле "бөлүндү" деп жар салбасын".

Ал эми Финансы министринин орун басары Руслан Татиков Баткен облусун калыбына келтирүүгө каражат бюджеттин башка чыгымдарынан алынып, сыйгалыштырып бөлүнгөнүн, ал эми Азия өнүктүрүү банкынан алынган грант келгенде анын орду жабыларын түшүндүрдү.

"Биз бул 3 млрд. сомдун 1,6 миллиардын бюджеттен бөлүп бергенбиз. 1,4 млрд. сомдой калган. Убакыт өтүп, кыш келе жаткандыктан биз башка бир чыгымдардын эсебинен акчаны таап, Баткенди калыбына келтирүүгө бөлгөнбүз. Ал эми бул гранттын эсебинен келген акча менен кийин аны толуктайбыз".

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атайын эсебине 330 миллион 750 миң сом түшсө, анын 138,4 миллион сому чек ара жаңжалынан жабыркаган жарандарга кенемте катары берилгени белгиленди. Баткенди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашырууга 250 миллион сом бөлүнгөн.

"Капиталдык салымдар" беренесине ылайык, курулушка каралган 3 млрд. сомдун 1,3 млрд. сому каржыланып, анын 1 млрд. сому турак жайларды курууга, 300 млн. сому жолдор менен көпүрөлөрдү кайра курууга багытталган.





Губернаторы России
Москва

Собянин: К открытию Троицкой линии территории возле новых станций благоустроят





Москва

Врач Тяжельников рассказал, какое мясо лучше всего подходит для шашлыка


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин поздравил работников скорой помощи с профессиональным праздником



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Александр Розенбаум

Певец Розенбаум похвастался возрождением сети советских пивных в Петербурге




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

ЦСКА проиграл «Балтике» в гостевом матче 26-го тура РПЛ

ЦСКА уступил "Балтике" в 26-м туре чемпионата России

«Динамо» подложило под «Зенит» бомбу! «Краснодар» может возглавить РПЛ за четыре тура до конца


Полина Михайлова

Россиянка Михайлова стала чемпионкой Франции по настольному теннису



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

«Автодор» попросил водителей заправляться заранее после очередей на АЗС на М-12



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России