Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2022

Президент Жапаров Өзбекстандын тышкы иштер министрин кабыл алды

0
Президент Жапаров Өзбекстандын тышкы иштер министрин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-ноябрда Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норовду кабыл алды. Анда тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

"Мамлекет башчысы кыргыз-өзбек мамилелери достук, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк маанайында динамикалуу өнүгүп жатканын белгилеп, кыргыз тараптын мындан ары да эки өлкөнүн ортосундагы жалпы тарыхый мураска, маданиятка, тилге, руханий салттар жана баалуулуктарга негизделген кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү ниетин билдирди", - деп жазылган маалыматта.

Владимир Норов Садыр Жапаровго эки өлкөнүн министрлеринин деңгээлинде эки тараптуу жолугушуу өткөнүн, анын ичинде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарын уюштуруу жана башка маселелер талкууланганы тууралуу маалымат берди.

Жолугушууда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара боюнча келишим эки өлкөнүн кызыкчылыгына жооп берери белгиленди.

Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов 3-ноябрда Кыргызстанга расмий иш сапар менен келди. Ал Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен келгенин башкы дипломатиялык мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрлер Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимге, өкмөттөр ортосундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууга, суу чарба маселелери боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Мындан сырткары Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Өзбекстандын “Узархив” агенттигинин ортосундагы кызматташуу меморандумуна, ТИМдердин кызматташтыгы боюнча программага кол коюлду. Соңунда биргелешкен билдирүү кабыл алынды.

Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусунун долбоорун Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 31-октябрда көпчүлүк добуш менен жактырган.

Добуш берүү учурунда депутаттар Адахан Мадумаров, Чыңгыз Айдарбеков жана Нуржигит Кадырбеков маселенин каралышына каршылык көрсөтүп, жыйындан чыгып кеткен.

Комитеттин мүчөсү Адахан Мадумаров макулдашуунун долбоорунда Кыргызстанга Өзбекстан тараптан бир топ татаал шарттар коюлганын "Азаттыкка" билдирген.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча макулдашуу тууралуу мамлекеттик "Кабар" маалымат агенттигине маек куруп, кош башкарууда "кыргыз тарап эч кандай чыгым көтөрбөй турганын" белгилеген.

Кыргызстанда Кемпир-Абад ишине байланыштуу "массалык башаламандык уюштурууга даярданды "деген шек менен камакка алынгандардын жалпы саны 26га жетти. Буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычына жакын жайгашкан Өзгөн районунда нааразылык акциялары өткөн.

Жогорку Кеңештеги "Ыйман Нуру" фракциясынын лидери, депутат Нуржигит Кадырбеков 2-ноябрдагы парламент жыйынында Кемпир-Абад маселесине байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылып, бул жагдай талаштуу болуп калганынан улам чечим кабыл алууга убактылуу мораторий жарыялоону сунуштаган.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет.(ZKo)





Губернаторы России
Москва

Собянин: С 28 апреля до 12 мая городские службы будут работать в усиленном режиме





Москва

“Вилла Ливадия” - последние 6 апартаментов в уникальном комплексе у моря


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин поздравил работников скорой помощи с профессиональным праздником



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Певица

«Надо меньше есть!» Певица Ортман раскрыла секрет поддержания хорошей формы




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»

Спортсменка из Бутово выиграла «золото» на турнирах по художественной гимнастике

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»


WTA

Азаренко проиграла в 1/16 финала турнира WTA-1000 в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Концентрация песка в городском воздухе возвращается к обычным значениям



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России