Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2022

Турак жайдын жашоочулары бийликке кайрылды

0
Турак жайдын жашоочулары бийликке кайрылды

Мамлекет Аламүдүн районунун Көк-Жар айылындагы жаңы турак үйдүн 10-кабаты мыйзамсыз салынганын аныктап, бузууну талап кылган. Үйдүн жашоочулары компаниянын үстүнөн укук коргоо органдарына арызданган.

Көк-Жар айылындагы Сейтек көчөсүнүн №3 дарегинде беш жылдан бери колдонууга берилбей жаткан көп кабаттуу үйдү "АЮ Курулуш" компаниясы салган. "Азаттыкка" андагы жашоочулардын атынан юрист Нурлан Ибраимов кайрылып, компаниянын үстүнөн прокуратурага жана милицияга арыз жазганын билдирди.

Жашоочулар беш жылдан бери техникалык паспортту ала албай жатканын айтып, юрист аркылуу өлкө бийлигине кайрылуу жолдошкон.

“Урматтуу көзөмөл орган жетекчилери, бул үйдүн жашоочулары "АЮ Курулуш" компаниясына карата чара көрүүнү суранат. Бир дагы жашоочу азыркы күнгө чейин техникалык паспортторун колуна ала албай келет. Үй пайдаланууга бериле элек. Коопсуздук тууралуу эч ким жооп бере элек. Каттоого тура албаган жашоочулар балдарын бала бакчага, мектепке бере албай жүрүшөт. Медициналык кызматтарды ойдогудай ала албай жатышат. Ошондуктан бул үйдү курган ишканага чара көрүү үчүн биздин коллективдүү арызыбызды кабыл алып коюңуздар.”

Юристтин айтымында, курулуш компаниясы 9 кабаттуу гана имарат салууга уруксаты бар экенине карабай, 10 кабаттуу үй салып, кардарларына саткан. Мамлекеттик органдар бул курулуш мыйзамсыз экенин кийин гана аныкташкан.

"АЮ Курулуш" Асель Ибраимова аттуу адамга “мына бизде 10-кабатта батир бар. Баасы мынча, документтери баары бар. Мамлекеттик каттоо кызматынан өзүбүз өткөрүп беребиз. Азыр үйдү бүтүрүп, жашап турсаңар болот. Биз үйдү эксплуатацияга беребиз” деп айтышат. Анан ал адам макул болуп акчасын төлөп, чыны менен документтерин колуна алат. Анан ал адам үйдү өзү оңдоп-түзөп, бир нече жыл жашайт. Кийинчерээк күнүмдүк турмушта каттоого туруу зарылчылыгы чыкканда жашоочулар техпаспорт сурап компанияга кайрылышса, эч ким аларга жооп беришкен эмес. 2022-жылы гана мамлекеттик курулуш ишканасына (ред: Архитектура курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги) кайрылганыбызда, бул үйдүн 10-кабаты мыйзамсыз курулганы билинип калды", - деди Ибраимов.

Кийин тиешелүү мамлекеттик органдар текшерип, турак жайдын 10-кабатын бузуу талабын койгон. Ошол учурда Ибраимов турак үйдүн жашоочуларынын атынан мамлекеттик органдарга кайрылып, 10-кабатты курууга уруксат берилип-берилбегенин тактаган.

"Биз мамлекеттик каттоо кызматына кайрылып, "эмнеге силер мыйзамсыз курулган батирлерге документ берип жатасыңар. Адамдар силерге ишенип сатып алышкан. Силер жок эле батирди каттап бердиңер", - десек, “биз курууга уруксат кагазынын негизинде каттаганбыз” деп айтышты. Кийин архитектурадан (ред: Архитектура курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги) “бул үйгө 10-кабатка силер уруксат бердиңерби?” деп сурасак, “жок, эч кандай уруксаты жок болчу” деп тастыктап берип жатышат. Бул маектешүүлөрдүн, комментарийлерди биз толугу менен видеого каттап койгонбуз. Мамлекеттик курулуш мекемеси эми бул үйдүн 10-кабатын буздурганы жатат. Ал жакта бир эле подъездде беш батир бар. Алардын ээлери каякка барышат?”

Юрист Нурлан Ибраимов “АЮ Курулуш” компаниясы күнөөсүн мойнуна алып, 10-кабатта жашап жаткан Асель Ибраимовага башка курулуп жаткан үйдөн батир сунуштаганын, кардар андан баш тартканын айтты.

“Компания келишимди жокко чыгарып, анын ордуна башка эми курулуп жаткан үйдөн батир берели деп сунуш кылышты. Ал сунушталган батир али курулуп бүтө элек. Ремонтун биз жасашыбыз керек экен. Аянты да кичине экен. Анан биз макул болгон жокпуз. Акчабызды кайтарып бергиле дедик. Алар “же ушул батирди аласыңар, болбосо сотко кайрыла бергиле” дешти”.

Бул кайрылуу боюнча “АЮ Курулуш” компаниясына байланышып, комментарий алууга аракет кылдык. Компаниянын өкүлү, өзүн техникалык көзөмөл адисимин деп тааныштырган Максат Сталбеков Көк-Жар айылындагы №3 үйдүн жашоочулары менен сүйлөшүлгөнүн айтып, жетекчилердин жоопторун күтүп жатышканын, түшүндүрмө берилбей турганын “Азаттыкка” билдирди.

Ал арада Архитектура курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Чүй облустук архитектуралык-курулуштук контролдоо боюнча башкармалыгы сөз болуп жаткан көп кабаттуу үйдү 18-октябрда текшерген.

Мекеменин улук инспектору Дамир Кубанычбеков курулуш компаниясына буга чейин мыйзамсыз курулушту бузуу жана документттердеги алешемдиктерди жоюу боюнча бир айлык мөөнөт берилгенин, бирок талап аткарылбаганы үчүн мекеме сотко арызданарын билдирди.

“Контролдук текшерүүнү жүргүзгөнүмдө, бузуу фактысы такталды. Материалды сотко даярдап жатам. Биз бул компанияга көрсөтмөлөрүбүздү бергенбиз. Бир ай мөөнөт берилген. Алар талапты аткарышкан жок”.

Азырынча Көк-Жар айылындагы турак үйдүн 10-кабаты кандай шартта бузулат, ал жакта жашап жаткан үй-бүлөлөрдүн тагдыры эмне болот, белгисиз.

“Азаттык” бул жагдай боюнча “АЮ Курулуш” компаниясына микрофон сунууга даяр.

"Эл үнү" радио уктуруусун толугу менен бул жерден тыңдай аласыз:





Губернаторы России
Москва

Собянин рассказал о программе развития туризма столицы до 2030 года





Москва

«Кубок футбольных мам» прошел на стадионе «Москвич» в Лобне


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: в 2024 году в ТиНАО будет построено более 35 километров дорог



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Песня

Продвижение Музыки. Раскрутка Музыки. Продвижение Песни. Раскрутка Песни.




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Новинка от Edifier: беспроводные наушники Comfo Run для занятий спортом

«Кубок футбольных мам» прошел на стадионе «Москвич» в Лобне

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о подготовке специалистов в спортивной сфере


Даниил Медведев

Медведев сыграет с Бубликом в Мадриде 



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Гандболисты из Чехова одержали первую победу в полуфинале Суперлиги



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России