Эртеңден тартып Кемпир-Абад боюнча камалгандардын бөгөт чарасы каралат
Кемпир-Абад суу сактагычына байланышкан жыйындан кийин 23-24-октябрда чогуусу менен кармалган жыйырмадан ашуун саясатчы, активист жана журналисттердин бөгөт чарасы жана кармалышынын мыйзамдуулугу 9-ноябрдан тартып Бишкек шаардык сотунда карала баштайт. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова "Азаттыкка" билдирди.
Графикке ылайык 9-ноябрда төмөнкү жарандардын соттук иши жүрөт:
Гүлнара Журабаева (саат 09:00да), Кеңешбек Дуйшебаев (09:00), Али Шабдан (10:00), Атай Бейшенбек (10:30), Таалай Мадеминов (11:20), Айбек Бузурманкулов (15:30), Клара Сооронкулова (16:00), Кубанычбек Кадыров (16:00), Нурлан Асанбеков (16:40) жана Перизат Суранова (17:00).
Ал эми 10-ноябрда төмөндөгү камалгандардын бөгөт чарасы каралат:
Равшан Жээнбеков (саат 09:00да), Улугбек Маматаев (09:45), Рита Карасартова (09:00), Акыл Айтбаев (15:00), Бектур Асанов (16:00), Марат Баязов (16:00), Ерлан Бекчороев (17:00).
11-ноябрда карала турган иштер:
Айданбек Акматов (саат 09:00да), Жеңиш Молдакматов (11:00), Асия Сасыкбаева (17:00).
Талант Эшалиев шаардык сотко апелляциялык арыз жазган эмес. Ал эми Чынгыз Капаров, Азимбек Бекназаров, Канат Исаев, Орозайым Нарматова жана Ильгиз Шаменовдун соттук иштери боюнча маалымат ачыктала элек.
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны тактоо иштери Кемпир-Абад суу сактагычынын макамына байланыштуу коомдо бир катар талаштарды жараткан. Президент Садыр Жапаров баштаган кызматкерлер алгач Өзгөн шаарында, кийин Бишкекте бул маселеге кызыккан саясатчылар, активисттер жана жергиликтүү тургундар менен көзмө-көз жолугушууларды өткөрүп, бийликтин позициясын түшүндүрүп беришкен. 23-октябрда жекшемби күнү жыйырмадан ашуун оппозициялык маанайдагы саясатчылардын, укук коргоочулардын, активисттердин жана блогерлердин үйү тинтилип, андан кийин алар жапырт кармалган.
Ички иштер министрлиги аларды массалык башаламандык уюштурууга камынып жатат деген шек бардыгын билдирген. Камалгандар Casa Italia ресторанындагы жыйын бийликке таасир этүү максатында өткөнүн, эч кандай бийликти басып алуу же массалык башаламандык уюштуруу максатын коздөбөгөнүн айтышууда. Бир катар укук коргоочу эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликке камалгандарды тез арада бошотууну айтып, камоолорду оппозицияга кысым катары баалоодо.