Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2022

Дача СУ: Учактагы жүктөн чыккан бүдөмүк суроо

0
Дача СУ: Учактагы жүктөн чыккан бүдөмүк суроо

Кыргызстандын тарыхында эң чоң каргашалардын бири – Дача СУ кырсыгын иликтеген коомдук комиссия ишин жыйынтыктап, корутундусун президентке жөнөттү.

Уктап жаткан элдин үстүнө кулаган жүк боюнча ушул күнгө чейин эле ар кандай сөздөр айтылып келатат. Кандуу жүк жана кырсыктан жабыркагандарга чогултулган акчанын дайын-дарегин буга чейин депутаттык комиссия да иликтеп жыйынтыгы чыкпай калган.

2017-жылдын 16-январында Дача СУ конушуна кулаган Boeing-747 учагы, андагы жүк жана кырсыктан жабыркагандарга чогултулган каражаттын коротулушун иликтеген коомдук комиссия корутундусун президентке жөнөттү. Комиссия мамлекет башчы Садыр Жапаров менен жолугуп анын жыйынтыгын талкуулагандан кийин корутундуну Жогорку Кеңешке алып чыгат деп күтүлүүдө. Анын мазмуну жарыялана элек.

Курамына 18 киши кирген комиссия президенттин демилгеси менен быйыл май айында түзүлүп, ноябрга чейин иштеди.

Комиссиянын колуна тийген документтер боюнча, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) атайын эсебине элден 102 млн. сомдун тегерегинде акча чогулган. Учагы карапайым элдин үстүнө кулаган АСТ Airlines авиакомпаниясы 49 млн. сомдон ашуу каражат берген. Бул акчанын 94 млн. сому жабырлануучуларга таратылса, 30 млн. сомдон ашыгы бюджетке, 390 миң сому социалдык фондго которулуп кеткен.

Коомдук комиссиянын мүчөсү, жарандык активист Мавлян Аскарбеков отурумдарда белгилүү болгон башка да маалыматтарга токтолду.

“Кырсык болгон жерде гильзалар табылган. Андан тышкары түркиялык компания менен сүйлөшүүлөр жакшы жүргүзүлгөн эмес. Кылмыш иши ушул күнгө чейин аягына чыкпай, бир да киши жоопкерчиликке тартылган жок. Эң кызыгы Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин тиреши башталганда Сооронбай Жээнбековдун аракети менен атайын тергөө топтору түзүлгөн. Ички иштер министрлигинин тергөө тобу Түркияга бир эмес, эки жолу жөнөтүлгөн. Бирок эки жолу тең жүк боюнча эч нерсе таппай келишкен”.

Дача СУ кырсыгы боюнча Ички иштер министрлиги (ИИМ) токтоткон кылмыш ишин Башкы прокуратура 2019-жылы кайра жандандырган. Анын жыйынтыгы эмне менен бүткөнү белгисиз. Былтыр конституциялык реформа жүрүп жатканда башкы прокурор Курманкул Зулушев прокуратурага тергөө укугу бериле турган болсо, Дача СУ сыяктуу чуулгандуу иштерди аягына чыгарат деп убада берген.

Комиссиянын май айындагы отурумунда ИИМдин тергөө тобунун башчысы Максат Мусаев маалымат берген. Ал Гонконгдон Стамбулга баратып, Бишкекке май куюуга конуп, кырсыкка учураган учакта турмуш-тиричилик буюмдары жана электроника товарлары болуп, жалпы 85 тонналык жүк баратканын айткан. Кырсыктан анын 600 килограммы гана калган. Маалыматка караганда, кыйраган учактан аткезчилик жүк табылган эмес.

Кулаган учактагы жүк ошол кездеги “президент Алмазбек Атамбаевге таандык” деген маалыматтар тарап, Дача СУ кырсыгы саясатташып кеткен. Мурдагы президент жана үй-бүлөсү муну четке каккан.

“Коомчулукту “жүктүн Алмазбек Атамбаевге тиешеси барбы?” деген суроо кызыктырган. Чындыгында бул маалымат такталган жок. Алмазбек Атамбаев кырсык болгондо ал жерге барбай койгон. Бир топ күн эч нерсе деген жок. Ушул нерселер күмөн ойлорду жараткан. Кырсык президенттик шайлоо белгиленген жылы болгондуктан оппозиция бул кырсыкты өзүнүн пайдасына колдонгон”, - деди комиссиянын мүчөсү, жарандык активист Адил Турдукулов.

Дача СУ кырсыгын 2017-жылы депутаттык комиссия да иликтеген. Бирок ишинин жыйынтыгы боюнча кенен маалымат берилбей калган. Коомдук комиссиянын дагы бир мүчөсү, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Бактыбек Турусбеков комиссия түзүүнүн зарылчылыгы деле болбогонун айтууда.

“Корутундуда купуя деле маалымат жок. Жогорку Кеңешке маалыматты алып чыгабыз. Баары тең ачык болот. Комиссия түзүүнүн зарылчылыгы деле жок болчу. Бирок элдин ичинде талап бар эле да. Дача СУга барып, эл менен жолукканыбызда акча албай калдым деген деле киши болгон жок”.

Бишкектин четинде, “Манас” эл аралык аба майданынын жанындагы Дача СУ конушуна Гонконгдон Стамбулду көздөй бараткан түркиялык учактын кулашынан 35 жергиликтүү тургун (алардын 17си бала) жана төрт учкуч каза болгон. Жабырлануучуоар кенемте катары алган каражатты ачыкка чыгарууга макул болушкан эмес. Саясат талдоочу Нурсултан Акылбек түзүлгөн комиссия тууралуу пикири менен бөлүштү.

“Коомдук комиссияда тергөө жүргүзүү жана ага тиешеси бар адамдарды суракка алганга укугу деле жок. Юридикалык да баа бере алышпайт. Эми комиссиянын жыйынтыгын президент алып окуп коёт. Ошону менен болду”.

Мамлекет аралык авиациялык комитет (МАК) Дача СУдагы кырсыкка экипаждын конууга көзөмөл жүргүзбөгөнү жана тиешелүү чара көрбөгөнү себеп болгон деген жыйынтык чыгарган. МАКтын эксперттери аэропортко жакын жерде курулуштардын эрежеге дал келишин талдоого, мыйзам бузулган учурда тиешелүү чара көрүүгө чакырган.

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунундагы Дача СУ конушунун тургундары коопсуздук маселелеринен улам аларды башка аймакка көчүрүү, жер бөлүп берүү маселесин көтөрүп келатышат. Азырынча алардын да көйгөйү чечиле элек.





Губернаторы России
Москва

Сергей Собянин. Главное за день





Москва

Актерское агентство Киноактер. Актерское агентство в Москве.


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: к 2030 году на долю Москвы придется 35–40% туристов в России



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Певец

Певцу Денису Майданову стало плохо на репетиции праздничного концерта




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

«Торпедо» объявило об уходе хоккеистов Кручинина, Бауи и Малова

Личка — о самой дорогой покупке в Москве: два дня назад решил купить самокат за 60 тысяч рублей

ЭСК указала на ошибки главного арбитра дерби ЦСКА — «Спартак» Казарцева


Елена Рыбакина

Рыбакина узнала неприятную новость перед "казахстанским дерби"



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Эксперт Худалов спрогнозировал рекордные цены на золото из-за инфляции в США



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России